Журналисты
Интересное из блогов

Адам адам болуп…

Адам адам болуп, акыл – эс заманы башталгандан берки аң – сезимдик өнүгүүнүн өзөгү – ой жана сөз. Сөздү сөз, ойду ой козгойт.

Айткан сөзүң – ал сенин өзүн. Сөз – ички дүйнөнүн күзгүсү. Дили тазанын сөзүндө амалкөйлүк болбойт. Ак пейил адамдар ар нерсени болгонун болгондой ачык айтат. Арамзанын сөзү да арамза.дили бузуктун сөзү да бузук. Бузукулук сөз жаман. Элге, коомго зыян. Ички дүйнө, түшүнүктөр кандай болсо, ар бир адамдын иш ийгилиги, күткөн чөйрөсү, жакшылыгы, жамандыгы жана башкаларынын баары ошого жараша болот. Тирүүлүктөгү дагы бир эң башкы маселенин маселеси бул – чындык. Чындык жок жерде эч убакта адилеттик болбойт. Чындык тебелеген коомдо жошоонун өзү – азап.

Кенжалы Сарымсаков, “ЖАНАЗЫК”

Окшош посттор

Сайттын күзгүсү. Ал эмне үчүн керек?

admin
11.04.2013

Кыргыз Уикипедиясы жөнүндө кыскача маалымат

admin
19.02.2013

Кыргызстандагы эң чоң он-лайн сөздүк

admin
27.05.2013