Журналисты
Сөз эркиндиги

Нааразылык акциядан кийинки ойлор

Журналисттердин кечээки нааразылык акциясы боюнча айта турган создөрүм бар эле. Бул акцияда мени кубандырганы, журналисттер ЖМКнын тилине карабай тилектештик билдирип, бири-бирин колдоп чогуу чыкканы болду. Анткени акыркы кезде, орус тилдүү журналисттер менен кыргыз тилдүү журналисттердин ортосундагы ажырым, бири-бирин жерүү, кабылдабагандык өсүп кеткенсиген эле. Бардыгы аралаш жүрдү. Бул жакшы жышаан.

Бул акцияда дагы бир байкаган нерсем, укук коргоо кызматкерлери эч кимден жашырынбай эле формачан акцияга катышкандарды видеокамерага тартып жүргөнү. Мурда деле тартышчуу эле. Бирок байкатпай, башкалардан айырмаланбагандай кийинип. Бул жолу жашырынышкан жок. Аталган нерсе эмне тууралуу кабар берет болду экен? Азыр бардыгы ачык-айкын болуп, эч нерседен коркуунун кереги жок экендигинби? Же бул ачыктан ачык эле сес көрсөткөндукпү?

Марат Токоев

Окшош посттор

Туркменистан: новый закон о СМИ “полная фикция”

Administrator
23.01.2013

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин жаңы төрагасы

Administrator
17.09.2012

Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган маалымат тараткандар жоопко тартылат

Administrator
19.05.2014