Журналисты
Кызыктуу жана пайдалуу

Советтик кыргыз журналистикасы

Долбоордун автору, китептин түзүүчүсү: Бакыт Орунбеков

Басма: «Мaxprint»

Чыккан датасы: 2022

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Бул китепте советтик заманда жашаган, журналисттик кесиптин түйшүгүн тартып, ал тармакта көп жылдар бою эмгектенген мекендештерибиздин ою, сөзү, көз карашы, өзү күбө болгон доорду билимине, тарбиясына жараша кабыл алганы, көргөнү, талдоосу, баасы боюнча советтик кыргыз журналистикасынын тарыхы жазылды. Долбоорго катышкан-дардын маалыматтары интервью ыкмасы жана өздөрү жазып берген эссе жанрында топтолду.

Жыйнакка кирген оозеки тарыхый булактардын башкы айырмачылыгы – маалыматтын индивидуалдуулугу жана субъективдүүлүгү. Совет дооорунун бир өңүрү – улуттук журналистиканын тарыхый, саясий-идеологиялык, моралдык-этикалык өзгөчөлүгү, коомдук жоопкерчилигинин деңгээли жөнүндө ар кандай көз караштан кенен кеп болот.

Басылма кыргыз журналистикасынын басып өткөн жолуна, тарыхына кызыккан илимпоздорго, медиа адистерге, журналистика факультеттеринин студенттерине, жалпы эле калың окурман журтуна арналат.

Окшош посттор

WhatsApp мессенжеринин медиалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү

admin
01.03.2024

Жазганыбыз жакшы окулсун десек…

admin
13.05.2021

BuzzFeed редактору Крэйг Силвермандын сүйүктүү аспаптары

admin
03.09.2020