Медиасын – медиа айдыӊындагы материалдардын сапатын, мазмунун, структурасын, тилин сын көз менен баалоо жана талдоо. Кыргызстанда медиасын эми гана жанданып баратат.
«ПолитКлиника Медиасы» кыргыз тилүү журналистикада эл аралык стандарттар сакталбай жатканын, ЖМКлар артында кайсы бир саясий топтор, же саясий лидерлер турарын айтып келет. Бул медианын негиздөөчүсү жана башкы редактору Дилбар Алимова ЖМКларда бир тараптуу, туура эмес маалыматтар жарыяланганда, маалыматтык манипуляция кылган учурда ага карата медиасын жасашарын айтты.
«Кээ бир кесиптештер эмнеге мынтип сындап жарыялап жатасыӊар, журналисттик тилектештик кылып, (сайттан) алып койбойсуӊарбы дешет. Мындайда тилектештик жөнүндө сөз кылууга да болбойт. Мисалы, коронавирус күчөп турганда башкы телеканал туура эмес маалыматтарды берип турду. Ошто катталган жок деп кайра-кайра ролик кылып берип жатты. Ошол учурда Ошто да коронавирус аныкталган эле. «Коронавирус кадимки сасык тумоонун бир түрү, жугуу саны боюнча аз жугат» деген адистин пикирин кайра-кайра берип жатышты. Биз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянып, сасык тумоого салыштыруу мүмкүн эмес экенин, анын коркунучтуулугун, окумуштуулардын изилдеген жыйынтыктарына таянып, башкы телеканал туура эмес маалыматты таратып жатканын сынга алганбыз», – деди Дилбар Алимова.
Кыргызстанда медиасын жокко эсе экенин, өз кесиптештерине сын-пикир айтуудан карманганы үчүн журналисттер медиасын жасашпай турганын кошумчалады ал. Медиаматериалдарга карата сын-пикирлердин болушу коомчулуктун ЖМКларга болгон ишенимин жогорулатат.
Медиаэксперт Гүлнура Торалиева кыргыз журналистикасынын сапатын жакшыртуу коомдо жагымдуу өзгөрүүлөргө алып барарын белгиледи.
«Кыргызстанда медиасын салыштырмалуу абдан аз. Өнүккөн өлкөлөрдө канчалаган институттар медиасын жаатында иштешет. А бизде болгону 1 чаканыраак долбоор иштеп жатат. Бирок, мурдагыга салыштырмалуу өсүү бар. Мурда ЖМКлар бири-бирин такыр сындачу эмес. Эми болсо, сын-пикир айтып, катасын көрсөткөн учурлар болуп жатат. Медиасын материалдардын сапатын жакшыртууга, журналисттик билим берүүгө салым кошот. Сапаттуу журналистика коомдук, саясий, экономикалык абалга да жагымдуу таасирин тийгизет. Сапаттуу журналистика жашоонун сапатын да жакшыртат», – деди Гүлнура Торалиева.
Бийлик бутактарынын ишин баалаган мониторинг жана көзөмөл бар болгондой эле, ЖМКнын ишине да коомдук мониторинг керектигин Гүлнура Торалиева баса белгиледи. ЖМКлар эл аралык стандарттарга, этикалык принциптерге ылайык иштеп жатабы, сөзсүз көзөмөл керек дейт эксперт.
Маалымат айдыӊында сын-пикирлердин болуп турушу журналисттердин өз ишине кесипкөйлүк менен мамиле кылып, журналистиканын стандарттарын кармануусуна жоопкерчилик артат. Медиасабаттуу коомдо ЖМКнын ишине аудитория да орундуу сын-пикир айтып, өз баасын бере алат.
«Эгерде журналисттер өзүнүн сөзү катары берип, башка бирөөнүн сөзүн кайталап, башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгын жактап жүрсө, буга аудитория баа бере алат. Аудитория качан баа бере алат – медиасабаттуу болгондо. Медиасабаттуулуктун деӊгээли начар болсо, дал ошол абалды оӊдой тургандар – медиасынчылар. Журналисттердин макалаларын, же соцтармактарда жазган постторун, же берген интервьюларын, даярдаган контентин анализдеп, эмнеси чын, эмнеси калп, кайсы учурда жүрөктөн чыккан сөзүн айтып жатат, же бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп жаткан учурларын медиасынчылар айтып, боштукту ошолор толукташы керек да», – дейт медиаэксперт Азамат Тынаев.
Кыргызстанда ЖМКлардын маселелерин, кесиптик ишмердигин мониторинг кылып «Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду, ЖМКга арыз-даттанууларды кароо комиссиясы, «Журналисттер» коомдук бирикмеси жана башка бир катар медиа уюмдар журналисттик кесиптик этиканын, ЖМК мыйзамдарынын бузулушу тууралуу иш жүргүзүп келет.
Анткен менен, Кыргызстанда медиасын – жаӊыдан телчигип бараткан тармак деп айтса болот. Айрым ЖМКларда гана атайын рубрикалар болбосо, медиасын менен такай алектенген атайын адистер, эксперттер аз. Алардын бири Factcheck.kg интернет басылмасы. Ал 2018-жылы «Медиасын» рубрикасын ачкан.
«Сынга алынган материалдарда автор манипуляциянын кайсы түрлөрүн пайдаланганын, мисалы, адамдын беделине шек келтире турган суроолорду узатып, каарманды терс кылып берүү аракети ж.б.у.с. жагдайларды көрсөтөбүз. Биз бир катар, мисалы, бажы тармагынын пресс-кызматы берген маалыматка сын-пикир кылганбыз. О.э. биздин медиасындан кийин «Азаттык» менен «Клооп» басылмалары окурмандардан кечирим сураган болчу. Өзүнүн жаӊылып калгандыгын сезип, окурманга сый көрсөткөнү дүйнөлүк стандарттарга жооп бергендигинин бирден бир белгиси болуп саналат», – деди Factcheck.kg сайтынын журналисти Асель Сооронбаева.
Орто-Азия өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн Internews уюмунун Казакстандагы өкүлчүлүгү атайы долбоор жүргүзүп, анын алкагында казак, кыргыз, өзбек, тажик журналисттери кесиптештеринин ишин сындап, медиасын жазып турушарын Factcheck.kg сайтынын журналисти белгиледи.
«Алар башында «Биз кантип өз кесиптештерибизди сындайбыз деген ой болгон» дешет. Эгерде биздин кесиптештерибиз этиканы бузуп жатса, окурмандарда журналистикалык кесип тууралуу терс пикир калыптанышы мүмкүн деген ой жаралат да. Накта журналистиканын миссиясын окурмандарга жеткирүү жана кесиптештерди стандарттарды карманууга чакыруу, үндөө жана агартуучулук функциясы бар», – деди Асель Сооронбаева.
Талдоолор жана изилдөөлөр
Медиасын – журналистикалык тажрыйбанын жана медиаизилдөөлөрдүн келечектүү багыттарынын бири. Медиаэксперт Гүлнура Торалиева маалымдагандай, 2018-жылы Internews уюму менен биргеликте бир катар ЖМКларга контент-анализ жүргүзүлүп, журналистиканын стандарттары сакталып жатабы-жокпу, ички талдоо кылынган.
2019-жылы «Медиа таасир этүү матрицасы» аталышындагы изилдөө жүргүзүлгөн. Анда Кыргызстандын медиасында күндүн темасын жаратууга кимдер таасир эте турганы, медиапайдалануучулардын суроо-талаптары, маалыматка жеткиликтүүлүк, ЖМКлардын каржы булактары ж.б. жагдайлар талданган.
О.э. медиаэксперт Гүлнура Торалиева Кыргызстандагы журналисттик билим берүү тармагына ири реформа керектиги боюнча жеке изилдөөсүн жүргүзгөн.
2020-жылдын 4-сентябрь – 4-октябрь аралыгында, парламенттик шайлоого үгүт иштери алдында, «Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду тарабынан ЖМКларга мониторинг жүрүзүлгөн. Анын башкы максаты – жарыяланган материалдардагы объективдүүлүк, теӊ салмактуулук, шайлоо өнөктүгүнө катышып жаткандарга теӊ мүмкүнчүлүктөрдүн берилиши, ЖМК туш болгон көйгөйлөр анализ кылынган.
Асель Сооронбаева кабарлагандай, «Медиа өнүктүрүү борборунун» демилгеси менен учурда президенттик шайлоого карата ЖМКдагы маалыматтар, саясатчылардын соцтармакта өзүн алып жүрүшү, саясатчылар, партиялар, пикир жаратуучулар да изилдөөгө алынууда. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы келе жаткан жылдын башында коомчулукка жарыяланарын Асель Сооронбаева баса белгиледи (2021-жылдын 10-январында Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум жана КР Президентин шайлоо өтөт).
«Медиа Блокпост» – фейк маалыматтарды ашкерелейт
Учурда пандемияга байланыштуу жалган маалыматтарды ашкерелеп, фактыга негизделген маалыматтарды таратууга максатталган «Медиа Блокпост» долбоору ишке ашып жатат. Бул долбоорду «Кактус Медиа», Factcheck.kg, «Т-Медиа» жана «Экономист» басылмасы ишке ашырууда.
«Медиа Блокпост» коронавирус пандемиясына байланыштуу жалган маалыматтардын бетин ачкан, Internews уюмунун демилгеси менен ишке ашып жаткан долбоор. 4 редакция биригип иштеп жатат. Журналисттер иликтөөчү журналисттер мектебинен, эл аралык тренерлерден окуп, үйрөнүп келишкен. Бул долбоор да өз жемишин берди, мурдагыга караганда коронавируска байланышкан фейктер азыраак болуп калды. Кыргыз, орус тилдеринде 100дөн ашуун макалалар жарыяланган, видеоформатта да материалдар даярдалды. Өкмөттүн мүчөлөрү, штаб менен бирге иш алып барабыз. Калкты маалымат менен камсыз кылуучу бардык ишканалар менен, эл аралык уюмдар, донорлор менен иштеп жатабыз», – деди Асель Сооронбаева
Кыргызстанда медиасындын өнүгүшү журналистиканын сапатын улам жакшыртып, этикалык кодексти карманууга, кесипкөйлүккө багыттайт. Кесипкөйлүк менен жасалган журналисттик сын-пикирлер ЖМК кызматкерлеринин чыгармачылык чеберчилигин арттырууга, абийирдүүлүк иш-аракеттери менен маалымат пайдалануучулардын сабатын арттырып, ишенимин актоого да көмөкчү болот.
Гүлзат Газиева