Журналисты
Аналитика

Кыргызстандагы аймактык ЖМКлардын саны

Дүйнө жүзүндө медиа талаасында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Мындан 2-3 жыл мурда ал негизинен IT технологиялардын өнүгүүсүнө байланыштуу болсо, учурда ага COVID 19 вирусунун эпидемиясы өз таасирин тийгизүүдө. Салттуу көп ЖМКлар (гезиттер, ТВлар жана радиолор) жаңы шарттарга ыкташа албай жабылууга аргасыз.

Өзгөчө бул аймактык ЖМКларда байкалат, анткени аларда эл аралык же улуттук медиаларга салыштырмалуу кадрдык да, технололиялык да, каржылык да мүмкүнчүлүктөр кыйла азыраак.

Учурда элеттиктер алар жашаган чөлкөмдөгү окуяларга караганда өлкөдө, же дүйнөдө болуп жаткна окуяларды жакшыраак билишет. “Журналисттер” коомдук бирикмеси 2013-жылы түзгөн “ЖМКлардын каталогуна” аймактык 26 ТВ, Радио жана 80 гезит киргизилген болсо, 2021-жылдын соңүнда жаңыланган Каталогго 24 электрондук ЖМК жана 46 басылма киргизилди.

Силерге учурдагы аймактык ЖМКлар боюнча маалыматтын негизинде даярдалган инфографиканы сунуштайбыз.

Окшош посттор

Три навыка, которые журналисты должны освоить в 2013 году

Administrator
14.01.2013

Как СМИ использовали социальные медиа для освещения взрывов на Бостонском марафоне

Administrator
24.04.2013

Жыргалбек Касаболотов: Кыргыз тилинин грамматикасы жана стилистикасы

Administrator
26.05.2021