Журналисты
Аналитика

WordPress кыргызча сүйлөй баштады

Көптөн бери күткөн окуя болду. WordPress кыргызча сүйлөй баштады.

Блогдорду алып баруу боюнча сабактарымдын биринде, блогду кантип кыргызча сүйлөтсө болот деген кеңештеримди бердим эле. Бирок ал негизинен блогду кыргызча “аз-маз” сүйлөтүү тууралуу эле. Эми аны толугу менен кыргызча “таза” сүйлөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. WordPressтин кыргызча сүйлөгөн түрүн бул жерден көчүрүп алса болот. Ал эми бул жердекыргызчаланган блогдун мисалы жайгашкан (менин байкашымда, дагы да кыргызчалай турган жерлери бар экен).

Бирок бул негизинен акы төлөнө турган хостингде WordPressтеги жеке блогдорун ачкандарга гана тиешелүү. Калгандарыбыз күтө турушубуз керек, качан акысыз блогдук платформалардын ээлери WordPressтин кыргызча түрүн да колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт деп.

Эми бул платформанын ээси биз өзүбүз болгондуктан, аны тездетүүгө аракет кылабыз.

Марат Токоев

Окшош посттор

Парламенттик шайлоо ЖМКларга кандай таасир берет? Кандай өзгөрүүлөр болот?

Administrator
31.08.2020

Три совета журналистам, рассказывающим о медицинских исследованиях

Administrator
08.02.2013

Социалдык желеге “түшүп калган” маалыматтык сайттар

Administrator
27.02.2021