Журналисты
Аналитика

Кыргыз басма сөз күнү 2 жылга жылышы мүмкүнбү?

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында чыгып жаткан «Шахтер жолу» гезити быйыл 90 жылдыгын белгилейт дейт “Ош шамы” гезитиБул маалыматка ишенсек, ал 1922-жылы 11-июлда «Сүлүктүлүк тоо жумушчусу» деген ат менен чыга баштаган экен.

Белгилей кетсек, 1993-жылдан бери Республикабызда маалымат жана басма сөз күнүн 7-ноябрда белгилеп келебиз. Бул кыргыз тилиндеги алгачкы басылманын —  “Эркин Тоо” гезитинин (азыркы “Кыргыз Туусу” гезити)  биринчи санынын 1924-жылы 7-ноябрда Ташкентте жарыкка чыгышы менен байланыштуу.

“Эркин Тоонун” алгачкы саны,
сүрөт http://www.super.kg сайтынан алынды

Бул дата өзгөрүлбөйт болушу керек. Анткени бул кыргыз тилиндеги тунгуч гезит жаралган дата да. Ал эми «Сүлүктүлүк тоо жумушчусу» гезитинин алгачкы саны орус тилинде чыккан экен.

Жалпысынан алганда, Кыргыз жергесинде биринчи гезит 1913-жылы Каракол шаарында (мурдагы Пржевальск шаары) жарык көргөн. 1 миң нускада 16-18 бет болуп чыккан «Пржевальский сельский хозяин» гезитинде айыл-чарбасына байланыштуу материалдар жарыяланып турат эле. Гезиттин 4 саны чыккандан кийин жабылып калган.

Марат Токоев

Окшош посттор

Жалал-Абад шаарынын мэри маалыматтык монополия орнотту

Administrator
20.05.2019

Эксперты о роли СМИ в обеспечении политической стабильности в Кыргызстане

Administrator
10.09.2012

Парламенттик шайлоо ЖМКларга кандай таасир берет? Кандай өзгөрүүлөр болот?

Administrator
31.08.2020