Журналисты
Аналитика

Качан акылдуу болобуз?

Байыркы грек философу Гераклит айтты эле:  ”Нельзя дважды войти в одну реку”. Биз болсо койбойт экенбиз аракетибизди. Керек болсо, андан да ашып кеттик го.  Улам эле тырмоокту басып, башыбызды көгөртүп жүрөбүз. Дагы да көгөртөлү деп жатабызбы?

Ак Үйдү басып алуулар менен жашообуз жакшырып кеттиби? Жакшырса, ошол басып алуулардын жыйынтыгында бийликке келгендердики гана болбосо, эл негизинен, мурда кандай жашаса, ошол эле бойдон жашап келетат.

Анан бул эмне деген митинг? Уюштуруучулардын бири, Ак Үйгө кол салуу болгондо, мен ал жерде жок болчумун дейт. Бир нерсени уюштургандан кийин, ага жоопкерчилик моюнда болгондон кийин аягына чейин турбайбы.

Аянттагы бүгүнкү окуяга сереп салып анын уюштуруучулары, кандай сценарий ойлонуштурганын болжолдосо болот. Эртеңки күн үчүн чоочулайсын. Кымындай элибиз экиге-үчкө бөлүнүп калбагай, гой. Африканын көп өлкөлөрүн жакырчылык аңынан чыгарбаган бөлүнүп, араздашууга тушугабызбы?

Аянттан алынган сүрөттөрду карап, кайран журналисттер, кайрадан митингчилердин эң алдында экенин байкайсың. Журналисттик эң жакшы кабар, фотосүрөт адамдын өмүрүнө арзыбайт! Журналисттер да сабак албайт окшойт.

Марат Токоев

Окшош посттор

«Семерочка»: акысыз гезит кантип керектүү бойдон калышы керек

Administrator
02.04.2021

Слово редактора: Лучше Этический кодекс или суровые законы?

Administrator
12.11.2012

#МедиаКербен Нарында. Журналисттер маалыматка жетүүдөгү чектөөлөргө даттанууда

Administrator
15.03.2022