Журналисты
Аналитика

Дүйнөлүк кабарлар кыргызча

Дүйнө Кыргызстан менен гана чектелип калбайт. Бирок мекендештерибиз дүйнөлүк кабарларды негизинен орус тилдүү маалымат булактарынан алышат. Бул түшүнүктүү нерсе — бизде бир да ЖМК чет элде өз кабарчыларын кармай албайт — чамабыз жетпейт.

Ал эми орус тилиндеги маалыматтарды гана окуу менен биз кайсы бир деңгээлде өзүбүздү чектеп келебиз — дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу жетишсиз, көп учурда бир жактуу, маалыматтарды алууга аргасызбыз. Башка тилдерде чыгып жаткан көптөгөн жакшы маалыматтар, аналитикалар биздин көз жаздымыбызда калып калууда. Бул жерде дүйнө жүзүндө абройлуу жана ишенимдүү деп эсептелген ЖМКлардын басымдуу бөлүгү англис тилдүү экенин эскерте кетсек ашык болбос. Англис тилин билгендерге жакшы дечи, а бирок баарыбыз эле бул тилди жакшы биле бербейбиз.

Ушуга байланыштуу чет элдик абройлуу ЖМКларда жарыяланган мыкты журналисттик материалдарды которуп турууну көздөгөн топInoZpress деген сайтын иштетип келишет. Бул сайттын артыкчылыгы — алар материалдарды орус тилине гана эмес, кыргыз тилине да которуп турушат. Орус тилин начар билген кыргызстандыктарга — бул маанилүү.

Менин билишимде, кыргызстандык ЖМКларга бул сайтта жарыяланган материалдарды колдонууга эч кандай чектөө жок. Андагы материалдарды өз беттерине жарыялап турушса окурмандарына көп жакшылык кылышат эле.

Марат Токоев

Окшош посттор

Социалдык желеге “түшүп калган” маалыматтык сайттар

admin
27.02.2021

Д.Садиев: «Мен башкаруунун эки принцибин колдойм: ачык-айкындуулук жана күчтүү команда»

admin
01.03.2021

Шайлоодо социалдык желелер ролу кандай болот?

admin
09.06.2017