Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Эгерде чыгымдар чектен ашпаса жергиликтүү жаңылыктар кызматы иштей берет

Эгерде чыгымдар чектен ашпаса жергиликтүү жаңылыктар кызматы иштей берет

Гезиттер эксплуатациялык чыгымдарга ондогон миллиондорду сарптаса, анда алардын кирешелүү эместигине таң калуунун эч кереги жок?

Отуз жыл мурда гезиттер эбегейсиз күчкө ээ болгон. Бул Интернетке чейинки доор болчу, андыктан жазылуучулар менен жарнак берүүчүлөр ортосундагы атаандаштык анча чоң эмес эле. Эгерде сиз кайсыл бир шаарда турсаңыз, бир гана гезит сатып ала алмаксыз. Ал эми өзүңүздүн кардарларыңызга багыт алайын десеңиз, жарнама жайгаштыруу үчүн бир гана жер болгон.

Монополия чексиз болчу.

Платформалардын өсүшү жана географиялык чек аралардын жоюлушу менен жаңылыктар кызматтары жана жарнак алда канча көп түрдүү боло баштады. Сиз дүйнөнүн каалаган басылмасынын макалаларын окуй аласыз, жарнак берүүчүлөр өз кардарларын каалаган веб-сайттарды карап таба алат.

Сиздер ойлогондой эле жергиликтүү гезиттер болушунча күрөштү. Буга көп себептер бар. Хедж-фонддор ал компанияларды болушунча сааган. Ашыкча төлөнгөн улук менеджерлер айлыгы аз кызматкерлерин (журналисттерди) бошотушту, бул өнүмдүн сапатынын төмөндөшүнө алып келди. Facebook менен Google сыяктуу жаңы компаниялар жарнактын чоң бөлүгүн ээлеп алды.

Бирок буга карабастан жергиликтүү жаңылыктар редакцияларынын кыйынчылыктарына бизнестин начардыгы негизги себеп болгон. Алар чыгымдар түзүмүн бузушту, бул киреше алууну бөтөнчө кыйындаткан.

Анда A16Z менен шарттуу иштешкен Бенедикт Эванстын отчетундагы ушул слайд менен баштайлы.

«Нью-Йорк Таймс» гезитинин кирешеси 1994-жылы 2,4 миллиард долларды түзгөн; бирок ал болгону 200 миллион доллар пайда алып келген. Бул демек компанияга 200 миллион доллар иштеп табуу үчүн 2,2 миллиард доллар коротууга туура келгенин билдирет. Маржасы 9% болууда.

Ишенүүгө кыйын.

Бирок бул дагы анча таң калычтуу эмес. Компанияда зор чыгымдар ашыкча көбөйтүлгөн. Аларга физикалык өнүм өндүрүү, андан соң аларды кардарларга жеткирүү керек болчу. Бул өтө кымбат турган.

Эмгек акы, жабдуулар, чийки зат, кыймылсыз мүлктөр; бул чыгымдар бизнес канча акча алып келгенине карабастан улана берген. Туруктуу чыгымдар толук камсыздалып турган.

Мисал үчүн Dallas Morning News ээлик кылган AH Corporation басылмасын алып көрөлү. Июлда ал экинчи квартал үчүн финансылык жыйынтыктарды жарыялады жана ал биз элестете алгандан дагы көңүл айнытаарлык болгон.

AH Belo кирешеси 30-июнда аяктаган үч айлык мезгилде өткөн жылдын ушул кварталындагы 47,1 млн долларга салыштырмалуу 35,4 млн долларга төмөндөдү. Төмөндөөнүн негизги бөлүгү жарнак жана маркетингге карата талаптын 38,6% азайышынан улам болгон. Тираждан түшкөн киреше үйлөргө жеткирүүнүн жана айрым көчүрмөлөрдү сатуунун кыскарышынан 7,6% төмөндөгөн, ал жарым-жартылай санариптик жазылуулардын көбөйүшүнөн түшкөн 300 000 доллар каражаттын эсебинен толукталган.

Компания кварталды 769 кызматкер менен аяктады, бул мурдагы мезгилге салыштырмалуу 12,5% аз. 10-августтан тартып жылына 60 000 доллар же андан аз айлык иштеп тапкан кызматкерлерге пандемига чейинки эмгек акысы кайтарылат.

Мен финансылык отчеттуулукту карап чыктым жана ал биз күткөндөн дагы абдан начар болуп чыкты.

Операциялык чыгашалар жана компаниянын чыгымдары үч ай үчүн дээрлик 40 миллион долларды түзгөн. Бул бизнестин иштеши жылына 120 миллион долларга турат.

Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын финансылык иштерге байланышы жок кызматкерлери үчүн бул эмнени билдирээрин түшүндүрө кетейин.

  • Накта операциялык киреше: акча алып келген бардык жолдор. Бул 35,4 миллион доллар алыш үчүн жумшалган акча (аны 1000 көбөйткүлө) 35 415 долларды түзөт.
  • Операциялык чыгымдар жана чыгашалар: ушул акчаларды тартып келүүгө жумшалган бардык чыгымдар. Бул 39 793 доллар алыш үчүн жумшалган акча (кайра эле 1000 көбөйткүлө) 39,8 миллион долларды түзөт.

Эми карап көрөлү… Кимдир бирөөлөр мени 30-июнда аяктаган үч айлык маалыматтарды жыйнап жатканымды айтышы мүмкүн, анткени бул мезгил жарнак бизнесине күч келтирген Covid-19 пандемиясынын ортосу болчу. Анда 2019-жылдын ушул эле кварталын карап көрөлү.

Ал тууралуу билдирүүдө таза пайда 16,5 миллион долларды түзгөнү айтылат. Бул чынында реалдуу медиабизнести эсепке албагандан кийинки жыйынтык. «Сатуудан түшкөн киреше/активдердин чыгып кетиши, таза пайда?» сабын карагыла. Компания Dallas Morning News штаб-квартирасын девелоперге сатты. Бул операциялык чыгашаларды ошол кварталга салыштырмалуу эки эсе кыскартууга мүмкүндүк берди.

Эгерде муну эсепке албаганда 2019-жылдын экинчи кварталында бизнес жүргүзүүгө 50,2 миллон доллар сарпталган. Компаниянын накта операциялык кирешеси 47,1 миллион долларды түздү. Математикалык эсеп жүргүзүп көрөлү. Ошол кыймылсыз мүлк сатылбаса ал 3 миллион долларда акча жоготмок.

Менин бул сөздү айткым келбейт, бирок биздин гезит өндүрүшүбүз биз бүгүн көргөн абалда жашап кете албайт. Бул начар бизнес. Алар иштей албайт. Бизнестин өздүк наркы өтө эле кымбат.

 

Туруктуу чыгымдарды алып салгыла жана ошондо бардыгы иштей баштайт

Туруктуу чыгымдар жок дүйнөнү элестетип көргүлө. Бенедикт Эванстын сөзү боюнча, бул гезиттер «болгон көңүлүн жарнак сатууга бурган, адистешкен жеңил өнөр жай тармагын билдирет».

Америкада өндүрүш он жылдыктар бою токтоп келген, анткени бул жакта бизнес жүргүзүү абдан кымбат. Гезит бизнеси жөнүндө дагы ушуну айтууга болот.

Кимде туруктуу чыгымдар жоктугун билесиздерби? Санариптик технологиялар жаатында жаңы иштеп жаткан компаниялар жергиликтүү жаңылыктар кызматы иштей алаарын далилдөөгө умтулууда.

Анда бир нече мисалдарды карап көрөлү…

Capital Daily

Мен өткөн жумада Эндрю Уилксондун твитин көргөндө ушул эссени жазуу жөнүндө чындап ойлондум:

Алар коомдогу болуп жаткан окуялар тууралуу жогорку деңгээлде баяндап берген жергиликтүү маалыматтык бюллетенди ишке киргизишти. Болжол менен чейрек миллион доллар – жарнак үчүн 200 000 жана айлык үчүн 60 000 доллар менен алар 40 000 киши үчүн маалыматтык бюллетень түзө алышты. Бул алардын шаарынын 10% калкын түзөт.

Айтсак… атайын материалдар көп берилген маалыматтык бюллетень менен оригиналдуу репортаждар басылган гезиттин ортосунда чоң айырма бар. Бирөө экинчисине көз каранды.

Эгерде ал бизнеске азыр карап көрсөңүздөр, ал кошумча персонал ала баштады жана эми толук түрдө отчеттуулук түзүшөт. Бул мен жергиликтүү басылманы көргүм келген деңгээлде эмес, бирок ал ошол жолдо бара жатат.

Бул модель башка шаарларда дагы кайталанууда. Уилксондун айтымында, бул нерсе таң калтырбаш керек, бирок аны мындай деп айтса болот:

Мен акчадан күйөм деп ойлогом, бирок эми жарнак берүүчүлөр кезекке тизилди жана бул өзүн гана актабастан кирешелүү болоорун дагы түшүнүп жатабыз…

Facebook менен Google компанияларына жарнак берүүчүлөр жөн жерден умтулбайт. Эгерде жергиликтүү басылмалардын максаттуу аудиториясы чындап бар болсо, анда алар дагы иштешүүгө даяр. Эгерде силерде шаар калкынын 10% болсо, бул жакшы башталыш.

BoiseDev

Мен Дон Дейдин бизнеси жөнүндө июлда жазгам, бирок бул дагы жергиликтүү коомчулукту камсыздаган, өсүп жаткан медиа бизнестин мисалы.

Мен биринчи жолу жазганда мындай дегем:

Жергиликтүү – деген бул татаал. Бул абдан татаал маселе. Бирок Дэй аныктаган нерсе айдан ачык. Эгерде силер өз рыногуңарды камтый алсаңар жана маанилүү маалымат бере алсаңар, анда бул улуттук жаңылыктардын же «Mugshot галереялар, кылмыштар, автокатастрофалар тууралуу маалыматтардын… атүгүл аба-ырайы тууралуу кабарлардын» жоктугун билдирбейт, бул силердин аудитория түзө алаарыңарды билдирет. Анан ошол аудиториянын бир бөлүгү силерге төлөйт. Эгерде силердин жергиликтүү аудиторияңар бар болсо, анда жарнак берүүчүлөр дагы демөөрчүлүк кылышат.  

Биз Дон менен бири бирибизге Твиттерде жаза баштадык жана жыйынтыгында бир нече кошумча жаңы учурлар аныкталды.

Биринчиден жарнак, катышуучулар, лицензиялоо, гранттар, иш-чаралар жана башка булактардын кирешелерин «олуттуу эмес» деп айтууга болбойт. Алар компанияга өз миссиясын улантууга жардам берүүгө мүмкүндүк берген дагы көп адамдарды кошууга шарт түздү.

Экинчиден Айдахо штатындагы Бойсто жазылууга суроо-талаптар бар. Дон айткандай, «McClatchy гезити жаңы эле 10 миң санариптик субтитрди көрсөттү, бул болжол менен менин көлөмүмдөн 12 эсе көп. Бирок аларда бир гана BoiseDev үчүн ~ 22 журналист бар (өткөн айга чейин)».

Бул маанилүү учур… Жазылуу жагынан алганда Макклатчи өз өлчөмүнөн 12 эсе чоң болгон, бирок ал үчүн 22 эсе көп журналист керек болгон. Өз коомуна чындап эмне керектигине көңүл койгон BoiseDev башкаларга караганда алда канча тезирээк өсө алды.

 

Санта-Крус кароо аянтчасы

Санта-Круста жайгашкан Кен Доктордун жаңы иштей турган жаңылыктар уюму биринчи санариптик жергиликтүү макалалар кандай болоору боюнча маанилүү сыноо болот.

Эмнеге?

Азырынча бул эң чечкиндүү эксперименттердин бири. Чакан репортердук топтордон иш баштаган көптөгөн компаниялардын айырмаланып Lookout Santa Cruz 8-10 журналист менен иштейт. Доктор Digiday сайтына айтып бергендей, «биз жылына 2 миллион доллардан кемирээк акчага күндө жарык көргөн гезиттердин санына караганда эки-үч эсеге көп журналисттери бар бардык кызматтарды көрсөтө алган жаңылыктар компаниясына айлана алабыз».

Doctor компанияда мындай жолду карманганы таң калычтуу эмес. Ал көптөн бери медиакомпанияларга кыскартуу доорунан четтеп жана өсүүгө багыт алуу керектигин айтып келет.

Nieman сайтына жарыяланган ушул эсседе 2020-жылдагы тажрыйбалар жөнүндө ал мындай деп жазат:

Келечекке оптимисттик көз караштагы стратегиясы бар жана өсүүгө багыт алган жана талаптагыдай каржыланган умтулуу гана – бизди ушул коркунучтуу түштөн ойгото алат. «Кошумча» стратегияларды өсүш стратегиялары менен алмаштыргыла жана ошондо ошол ишканалар башкача өнүгүүгө багыт алат.

Бактыга жараша бизде көңүл бурууга татыктуу өсүш моделдери бар. Негизинен азыркы биздин алдыңкы эки «гезитти» карап көргүлө.

Бүгүн The New York Times 1700 журналистке эмгек акы төлөйт. Бул он жыл мурдагыга караганда эки эсе көп. The Washington Post 850 кызматкерге айлык берет, анда 2013-жылы Джефф Безос сатып алган кезде 580 киши иштеп турган.

Бул алардын жалпы көз карашыбы? Анткени эки басылма өсүшкө инвестиция салышкан, азыр алар мурда-кийин болгон ийгиликтерден дагы көбүрөөк ийгиликтерге жетишүүдө.

Эми сиздер ошол инвестияциялар кайда жумшалганын байкайсыздар: алар журналисттерге инвестиция салышкан.

Мен басылма үчүн негизги өнүм – бул контент деп буга чейин ондогон жолу айтып келгем. Ошентип журналисттер окурмандар үчүн суроо-талап жаратуунун негизги кыймылдаткычы жана демек жазылуудан жана жарнактардан киреше алып келе турган күч болуп саналат.

Сегизден онго чейинки журналисттерди чогулткан Lookout Santa Cruz, негизги ишти: жергиликтүү жаңылыктарды чагылдырууну максат кылган абдан кирешелүү медиа-компания түзө алабыз деп эсептешет,

Эми ушунун бардыгын сиздер үчүн жыйынтыктоого уруксат этиңиздер…

Гезиттердин жабылып жатканынын себеби, алардын бизнес үчүн мындан ары эч кандай кереги жок туруктуу чоң чыгымдарга батып токтоп калганында. Гезит бастыруу – кымбат турган өнүм. Мындан тышкары, жүздөгөн кызматкерлерди күтүү үчүн түзүлгөн инфратүзүм дагы абдан кымбат турат.

Бирок бардык үч учурда тең санариптик технологияларга багыт алган жергиликтүү медиакомпаниялар туруктуу чыгымдарга барбастан өз коомчулугун тейлөөгө умтулууда. Бул демек гезиттер дагы рентабелдүүлүккө мурдагыга караганда тез жетиши мүмкүн дегенди билдирет.

Кээ бир адамдар ЖМК үчүн жаңы бизнес-моделдер керек деп айтканды жакшы көрүшөт. Бизнес-моделдер эң сонун. Адамдар же контент үчүн төлөйт, же болбосо алардын көңүл буруусу жарнактын эсебинен монетизация болот. Бул негизи жакшы бизнес-модель.

Эмнени өзгөртүш керек, албетте туруктуу чыгымдарды кыскартуу керек. Басылмаларга «жолдун кийинки бурулушу» жөнүндө эмес, аларды түздөп-оңдоо тууралуу ойлонууга көбүрөөк убакыт бөлүү керек. Алар аны кылмайынча эч кандай алдыга жылыш болбойт.

Джейкоб Коэн Доннелли, A Media Operator,
Макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор