Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Азаттыктын” журналисттери УКМКнын тергөөчүсүнө скайп аркылуу жооп берүүгө даяр

“Азаттыктын” журналисттери УКМКнын тергөөчүсүнө скайп аркылуу жооп берүүгө даяр

“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиеванын “Журналисттер” КБ билдиргенине караганда, “Азаттыктын” кабарчылары учурда чет өлкөдө болгондуктан, УКМК тергөөчүлөрүнүн суроолоруна скайп аркылуу жооп берүүгө даяр экендиктерин билдирген. Бул тууралуу расмий катты тергөөчүлөргө жөнөтүшкөн. Бирок күч түзүмүнүн өкүлдөрү азырынча жооп берише элек.

Эскерте кетсек, мекемелер аралык тергөө тобу ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу КР ККнын “Өлүмгө шектүү” деген беренесинин негизинде сотко чейин өндүрүштү жүргүзүшүүдө.

2019-жылдын май айында жарыяланган “Азаттыктын” материалында уйгур улутундагы Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстандан чет өлкөгө күмөндүү жолдор менен 700 млн доллар чыгаргандыгы айтылган.

УКМК суракка күбөлөр катары ЖК депутаты Алтынбек Сулаймановду, Дүйшөн Төрөкуловду, “Үмүт-2020” кыймылынын негиздөөчүсү жана мурдагы депутат Ширин Айтматованы жана президенттин иннагурациясын өткөрүүгө жоопту делген жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязовду, Мухаммедкалый Абылгазиевди, Турдуназира Бекбоеваны жана башкаларды чакырышкан.

Алар менен бирге суракка “Азаттык” радиосунун эки кызматкери дагы чакырылган. Алар Мухаммедали Токтакунов жана Ыдырыс Исаков. М.Токтакунов “Азаттыктын” Прагадагы башкы кенсесинде штаттык кызматкер катары катталган, ал эми Ы.Исаков болсо Прагага иш сапары менен 2020-жылдын февралына чейин чакыртылган.

А. Каасмалиеванын билдиргенине караганда, “Азаттык” тергөө тобу менен кызматташууга жана резонанс жараткан иликтөөнүн натыйжасында журналисттер видео байланыш аркылуу суроолорго жооп берүүгө даяр.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор