Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналистке карата доо арыз кароосуз калтырылды

Журналистке карата доо арыз кароосуз калтырылды

20-майда Ош шаардык соту ишкер Жалил Атамбаевдин журналист Ыдырыс Исаковго жана ишкерлер Мирлан Маматов жана Марат Сайбидиновго карата доо арызын кароосуз калтырды. Соттук отурумга жоопкер тараптын жактоочулары гана катышты, доогер тараптан эч ким катышкан жок.

«Доогер тарап бүт арыздарын канцелярия аркылуу тапшырыптыр. Эгер алар өтө кызыкдар тарап болсо, сотко келет эле. Биз келбейбиз деп арыз бериптир. 154-беренеге ылайык, сот ишти карай берет», – деди жактоочу Айсалкын Карабаева.

Ош шаардык сотунун төрагасы Кадырбек Матисаков моралдык чыгымды өндүрүү боюнча доо арызды карап: «154-берененин 4-пункту жана 224-225-беренелердин негизинде ишкер Мирлан Маматовго, Марат Сайбидиновго жана журналист Ыдырыс Исаковго карата доо арыз кароосуз калтырылсын» деген аныктамага чыгарды.

«Аныктама он күндө күчүнө кирет эми. Эгер тараптар даттанбаган болсо, ушул бойдон маселе каралбайт»,- деди журналист Исаковдун жактоочусу Максат Жорокулов.

Солдон оңго карай: Айсалкын Карабаева, ишкерлердин жактоочусу, Максат Жорокулов жана Мухайё Абдураупова, И.Ысаковдун жактоочулары

Эске салсак, 24-апрелде ишкер Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун иликтѳѳчү журналисти Ыдырыс Исаковдон 50 миллион сом, о.э. ишкерлер Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновдон 5 миллион сомдон ѳндүрүү максатында Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Буга «Азыттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген журналисттик иликтѳѳсү себеп болгон.

7-май күнү Ж.Атамбаевдин ишеним кат боюнча өкүлү Ш.Абжапаров Ош шаардык сотуна кайрадан тосмо арыз жазган.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Ош областы боюнча өкүлү

Окшош посттор