Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Жалал-Абад: “Кыргызпочтасынын” областтык гезиттерге карызы көп

Жалал-Абад: “Кыргызпочтасынын” областтык гезиттерге карызы көп

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад областындагы шаардык, райондук почта бөлүмдөрүнүн областтык кыргыз тилдүү “Акыйкат” жана өзбек тилдүү “Янги тонг” (мурдагы “Жалал-Абад тонги”) гезиттерине болгон карызы өсүп кетти. Почта бөлүмдөрү аны жакынкы убакта төлөп бериши күмөн. Почта тармагында каржылык абал анчалык жакшы эместигин ошол тармактын өкүлдөрү моюнга алышууда. Демек, гезиттердин мүлк укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууда олуттуу көйгөй орун алып турат.

Жалал-Абад областтык медиа-борборуна караштуу эки областтык гезитке болгон областтагы почта филиалдарынын карызы жалпы жонунан 1 миллион сомго жакын. Анын ичинен “Акыйкат” гезитине болгон карыз быйылкы жылдын 1-январына карата 870 миң 340 сом, “Янги тонг” гезитине карыз 116 миң 915 сом болгон. Биринчи квартал ичинде почта кызматтарында карызды азайтуу аракеттери байкалган жок.

Жалал-Абад областтык медиа-борборунун өкүлдөрүнүн айтымында, аталган гезиттер почта бөлүмдөрү аркылуу гезитке жазылууну жүргүзүшөт жана андан түшкөн каражатты гезитти басмаканадан басып чыгарууга жумшашат. Эгер почта бөлүмдөрү өз убагында карызын төлөй албаса, каржы каатчылыгы келип чыгат.

“Янги тонг” гезитинин редакциясы буга чейин гезитке жазылууну жана аны таркатууну көбүнесе өздөрү жүргүзүп келишкен, ошондуктан почтанын андан карызы азыраак. Бирок, “Акыйкат” гезити бардык район-шаарлардагы почта бөлүмдөрү менен келишимдик негизде иштеп келатканы үчүн анын почта бөлүмдөрүнөн өндүрүүчү карызы көп. Мисалы, Жалал-Абад шаардык почта бөлүмү гезитке жыл башына карата 592 миң 894 сом карыз болгон. Бир жыл мурда карыз өлчөмү 376 миң 811 сом болгон, демек, карыз жыл ичинде өсүп кеткен, шаардык почта жыл ичинде карызды төлөп бере албаган. Башка дээрлик бардык почталарда деле абал ушундай”, – дейт областтык медиа-борбордун жетекчисинин орун басары Арстанбек Якубов.

Алынган маалыматка караганда, 2020-жылдын 1-январына карата “Акыйкат” гезитине Ноокен райондук почтасы 19 миң 200 сом, Токтогул райондук почтасы 6600 сом, Базар-Коргон райондук почтасы 120 миң 130 сом, Сузак райондук почтасы 131 миң 426 сом карыз болгон. Мында Токтогул районунан башкалары карыз суммасын азайтпай, тескерисинче көбөйтүп жиберишкен.

Почта тармагындагылар карыздан аз убакыттын ичинде кутулуп кетүү мүмкүндүгү дээрлик жоктугун мойнуна алышууда. Буга почта тармагынын каржылык кыйынчылыкта экенин себеп болууда.

“Почта тармагында азыр каражат табуу жагы кыйын, замандын өзгөрүшү, байланыш коммуникациясынын өнүгүшү, мобилдик байланыш тармагынын дүркүрөп өсүшү менен салттуу почтанын иши артка кетти. Каржылык кыйын абал түзүлдү. Мурда почта тармагы пенсия, пособие таркатып каражат таап келсе, азыр аны банктар тейлеп жатышат. Албетте, биз гезиттердин карызын беришибиз керек, бирок чамабыз чак болуп, толук кутулуп кетүү кыйынга турат. Мурдатан келаткан карыздар да бар. Аракет жасап жатабыз, мисалы “Янги тонг” гезитине болгон карыз 2019-жылдын 1-октябрында 140 миң 297 сом болсо, быйылкы жылдын 1-январына карата 116 миң 915 сомго азайган. Эми карыздарды төлөп берүү боюнча дагы да аракет кылабыз”, – дейт “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Кадыржан Мамбеткулов.

Кыргыз өкмөтү аймактык медиа-уюмдар арасында оптимизация саясатын жүргүзүп, областтык гезиттер өз алдынча статусун жоготуп, областтык медиа-борборго бириккенден кийин почта менен гезиттер ортосунда дагы бир көйгөй келип чыкты. Өткөн жылы “Акыйкат” гезити 2020-жылдын биринчи жарым жылына карата почта бөлүмдөрү менен гезитке жазылуу баасын 7-8 сомдон аныктап, келишим түзгөн. Себеби, гезит анда аптасына бир жолу 8 беттен чыкчу. Эми райондук гезиттер жоюлуп кеткен соң аймактарды кеңири чагылдыруу максатында гезит 16 беттен чыга баштады. Демек, басмаканага төлөнүүчү чыгым да дээрлик эки эсе көбөйдү. Бирок, почта бөлүмдөрү мурда түзүлгөн келишимдеги жазылуу баасын 14 сомго өзгөртүүгө каршы болушууда, себеби окурмандар жазылып коюшкан, жазылуу акысы буга чейин алынып калган. Гезит бул жагынан да утулуп калды.

“Азыр өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу гезиттерибиз убактынча чыкпай турат, бирок карантин аягына чыкса эле гезиттерди чыгаруу башталат. Ошону менен катары быйылкы жылдын экинчи жарымы үчүн гезиттерге жазылууну жаңы баа менен баштайбыз. Ошол эле кезде почта бөлүмдөрүндөгү карыздарды өндүрүү боюнча да катуу аракет жасайбыз, анткени гезит чыгаруу чыгымдары үчүн бизге каражат өтө керек. Биз окурмандардын алдындагы милдеттенмелерибизди толук аткарышыз зарыл”, – дейт А. Якубов.

Деген менен, аймактык почта бөлүмдөрүндөгү каражат каатчылыгынан улам гезиттердин карыздары жакынкы аралыкта толук өлчөмдө жабылаарына ишенүү кыйын. Буга “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын башкы кеңсеси көңүл буруп, жардам бериши зарыл болот. Болбосо областтык гезиттердин мүлк укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары камсыз болбой кала берет жана медиа-борбордун басмакана алдындагы каржы милдеттенмелерин аткаруу кыйындайт.

Эскерте кетсек, “Акыйкат” жана “Жалал-Абад тонги” гезиттеринде азыркы тапта 10дон ашуун журналист, адистер эмгектенишет. Бул гезиттер 1991-жылдан бери чыгып келатат.

Cүрөт http://kabar.kg/ сайтанан алынды.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү

Окшош посттор