Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Factcheck.kg сайтынын журналисти Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча медиа коомчулуктун билдирүүсү

Factcheck.kg сайтынын журналисти Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча медиа коомчулуктун билдирүүсү

Бүгүн 9-январда күндүзү борбор калаанын ортосунда Factcheck.kg сайтынын журналисти Болот Темировго кол салуу болду. Бул кол салууну биз Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөр менен аракеттенген кесиптешибизди ачыктан ачык коркутуу ишараты катары кабылдайбыз.

Кыргызстан – демократия жолундагы жаш өлкө, анын журналисттери коомубузду артка тарткан жемкорлук менен аёосуз күрөшүп келет. Бул терс көрүнүш менен күрөшүүдө бийликтен эч бир майнаптуу кадамдар байкалбай жатканда, журналисттер менен эркин ЖМКлар чоң жана маанилүү ишти аркалап келишет.

Журналисттер акыйкатты жана чындыкты издешет. Алар жеке пайдасын ойлоп кызматтык орундарын кыянаттык түрдө колдонуулар болгонбу, же жокпу билгиси келет,? Коомдук товарларга жана кызматтарга мыйзамсыз ээлик кылуулар болду беле? Мамлекеттик кызматтагы айрым адамдар байлыктарын кантип топтошту эле, кайсы маяналарына сатып алышты? Баштапкы байлыктары кантип түптөлдү эле, байлыгынын негизин түзгөн жерлер же товарлар уурдалып алынган эмеспи? Шайлоо алдында ушул суроолорго жооптор өлкөбүз кандай жолдо баратканын аныктаганга мүмкүнчүлүк берет. Ушул суроолорго жооптор мамлекетибизге тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүп, коомго зарыл маалыматты берүүгө шарт түзөт.

Ушул айтылгандарга таянып, журналист Болот Темировго кол салууну биз коомдун маалымдуу болушуна сокку катары баалайбыз. Биз жогорку кызматтагылардан бул журналисттерди коркутуу ишараты боюнча пикирлерин билиш үчун, аны ачык айкын айыптап чыгууга жана ушундай нерселерди мындан ары болтурбоого бардык аракеттерди көрүүгө чакырабыз.

Укук коргоо органдарынан кесиптик милдеттерин аткарып, мыйзамдын чегинде бул кол салууга тиешелүүлөрдүн бардыгын кармап, аларды жоопкерчиликке тартууга бардык аракеттерин көрүүсүн талап кылабыз.

Журналисттердин ишмердүүлүгү коопсуз болуп, алар коркутууга, опузалоого же кол салууга дуушар болбошу керек.

«Институт Медиа Полиси» КФ
«Медиа Өнүктүрүү Борбору» КФ
«Журналисттер» КБ
КР Көз карандысыз журналисттер союзу
Интерньюс Нетуорктун КРдеги Өкүлчүлүгү
Марат Токоев
Салима Джетыбаева
Тынымгүл Эшиева
Тамара Валиева
Гүлзат Газиева
Авланбек ДЖумабаев
«Контент-Медиа» КФ
Жалил Сапаров
Күмөндөр Усуптегин
Козубек Иманкулов
Нургүл Шаршембиева
Нургазы Жайнаков
«Апрель» телеканалы
Дмитрий Ложников
Ислам Розиев
Айсулуу Текимбаева
Адиль Турдукулов
Элима Джапарова
Гүлнура Торалиева
Сауле Алымбекова
«Кактус Медиа»
Журналисттик иликтөөлөр фондусу
Хулькар Исамова
Көкүл Арипова
Ярослав Тартыков
Гладис Темирчиева
Гульсана Абытова
Данияр Садиев
Медиашкола им Т. Турсуналиева
Телеканал TMG
Дилбар Алимова
ПолитКлиника медиа
Тынчтыкбек Кожобеков
Асель Өмүракунова
Гүлзат Султанова
Марс Черикчиев
Айжан Бактыбек кызы
Вечер Трудного Дня_TV1KG
Жумагүл Барктабасова
“Багыт kg” гезити

Кол топтоо уланууда

Окшош посттор