Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү кайрадан башталды

КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү кайрадан башталды

“Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосунда “Журналисттер” коомдук бирикмеси менен “Институт Медиа Полиси” коомдук фондусу (“ИМП” КФ) биргеликте КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү долбоорун иш жүзүнө ашыра баштады. Долбоор 2019-жылдын аягына чейин эсептелген. Бул тууралуу 16-апрелде Бишкекте өткөрүлгөн пресс-конференцияда жарыяланды.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин ар бир аймактагы кабарчы-байкоочулары журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу бардык фактыларды каттап, ал тууралуу маалыматтык билдирүүлөрдү даярдашат. “ИМП” КФнын юристтери айрым окуялар боюнча юридикалык комментарийин берип турат. Бардык билдирүүлөр “Журналисттер” коомдук бирикмесинин сайтына (https://journalist.kg/) жарыяланып турмакчы. Айдын аягында бардык билдирүүлөр топтолуп, талданып, классификацияланыштырылып бардык кызыкдар тараптарга таркатма түрүндө жиберилет. Жылдын аягында жыйынтыктоочу мониторинг отчету китеп түрүндө басылып чыгарылат.

Байкоочулар катары ар бир аймакта белгилүү журналисттер алынды:

  • Жалал-Абад областында – Жалил Сапаров, 0555 300-484, 0772 257-564;
  • Ош областында – Гүлзат Газиева, 0550 288-004, 0778 902-423;
  • Нарын областында – Күмөндөр Усупов, 0552 435-677, 0772 435-677, 0700 435-677;
  • Талас областында – Козубек Иманкулов, 0772 655-905, 0701 605-001;
  • Ысык-Көл областында – Жумагүл Барктабасова, 0771 326-619, 0703 326-619;
  • Баткен областында – Жеңиш Айдаров, 0550 509-555, 0773 261-027;
  • Чүй областы менен Бишкек шаарында – Азамат Касыбеков, 0555 923-461.

Долбоордун алкагында журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушун каттоодон сырткары укуктары бузулган тараптарга юридикалык жардам көрсөтүлүп турат.

Ошентип, мониторинг өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын аныктоого объективдүү көрсөткүчтөрдү берүү менен катар журналисттердин жана ЖМКлардын юридикалык жактан корголушун жакшыртууга салым кошот.

Белгилей кетчү нерсе, “Журналисттер” коомдук бирикмеси 2002-жылдан 2007-жылга чейин такай негизде жана 2010-жылы журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүп келген.

Бул жолку мониторинг үчүн мониторинг системасы кайрадан бир караштырылып чыкты – журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна жана аларга юридикалык жана дагы башка жардамдарды көрсөтүүгө басым кылынды.

Эскерте кетсек, 15-апрелде Бишкекте “Журналисттер” КБ КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү боюнча долбоорго тартылган аймактык байкоочулар үчүн окутуу өткөргөн.

Окшош посттор