Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Экс-президенттин Кой-Таш айылындагы үйүндө журналистке кол салып, аны резиденциянын аймагынан чыгарып коюшту

Экс-президенттин Кой-Таш айылындагы үйүндө журналистке кол салып, аны резиденциянын аймагынан чыгарып коюшту

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө “NEXT TV” телеканалынын кабарчысы Жоодар Бузумовго кол көтөрүү болуп, аны резиденциянын аймагынан чыгаруу аракети болду.

Экс-презиенттин резиденциясында жайгашкан “Элдик штабдын” катчылыгы “Журналисттер” КБга чындыгында ошондой окуя катталгандыгын тастыктады. Белгилей кетүүчү жагдай, Алмазбек Атамбаевдин резиденциясынын алдында бир нече күндөн бери анын тарапташтары чогулуп, экс-президенттин кол тийбестиги менен экс-президент деген макамын алып салышкандыгына учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңешке сын пикирлерин билдиришүүдө.

КСДП партиясынын өкүлү Мээрбек Мискенбаев кабарчыга байланыштуу окуяны түшүнбөстүктөн болгонун билдирди: “Биз ал кабарчыдан кечирим сурадык. Жаш балдар анын кабарчы экенин билишкен эмес. Кабарчыны негедир чагымчы катары кабылдашыптыр. Себеби, бул жерде арабызда атайын кызматтын балдары кошо жүрүшөт. Алар бул жердегилерди экиге бөлүү аракетин кылып жатышат. Эми биз бул маселени колго алдык. Буюрса, бул багытта өз ишибизди күчөтөбүз. Ал эми кабарчыдан, дагы бир ирет кечирим сурайбыз”.

«NEXT TV» телеканалынын кабарчысы Жоодар Бузумов кесиптештерине ал кезде коомдук тармак аркылуу резиденциянын аймагындагы болуп жаткан көрүнүштөрдү түз обо аркылуу көрсөтүп жатканын билдирди.

“Мен тасмага түшүрүп жатканда эки жаш бала келди. Экөөн тең олбурлуу, бойлуу балдар экен. Алар келип эле колу-бутумду кайрып, толгоп башташты. Алар мен ким экенимди сурап дагы коюшкан жок. Колдон алып сүйрөп барып эле, дарбазадан чыгарып салышты. Бирок ошол маалда, мени тааныган КСДП партиясынын мүчөлөрү көрүп калып, ал жигиттерди токтотушту. Партиянын өкүлдөрү кечирим сурашты, буга көп деле териккен жокмун”, – деп билдирди кабарчы.

Мындан сырткары башка ЖМКнын мүчөсү дагы ушундай кырдаалга кабылган. Ал “Govori.TV” интернет-телевидениясынын оператору. Ал оператор кесиптешин колу-буттан алып, жулкулдатып жаткан учурду тасмага түшүрүп алууну көздөгөн. Ошол маалда аны дагы кармап алышып, тарткан тасманы көрсөтүүнү талап кылышып, жулкулдатышкан. Бул окуяны “Govori.TV” интернет телеканалынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова “Журналисттер” КЬга тастыктады. Анын айтымында, бул окуя боюнча анын кызматкеринен эч ким кечирим сураган эмес.

Жоодар Бузумов, ак үйдүн алдында болуп өткөн Кытайлыктарга каршы митинг учурунда дагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок кийин кайда иштей тургандыгын жана жашаган жерин тастыктаган соң, кайра кое берилген. Ошондо “Супер-Инфо” гезитинин жамааты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында көпчүлүк аралашкан окуяларды чагылдырууда жүргөн журналисттерге этият мамиле кылууну талап кылып чыгышкан. Өз кезегинде, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү журналисттерден кечирим сурашты.

Фотосүрөт «Govori.TV» архивинен алынды.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаарындагы өкүлү

Окшош посттор