Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Ачык саясат плюс” гезитинин үч соттук териштирүүсү

“Ачык саясат плюс” гезитинин үч соттук териштирүүсү

“Ачык саясат плюс” гезити Октябрь райондук сотунун ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаевге моралдык чыгым үчүн 300 миң сом төлөп берсин деген чечимине карата аппеляциялык доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Эскерте кетсек, эл өкүлү анын аброюна жана ар-намысына шек келтирди деп гезитти сотко берген. Ага гезитте депутат бир саясий партиядан экинчи партияга өткөндүгү айтылып, аны журналисттер “хамелеон” деп аташканы себеп болгон.

Доо арыз берген учурда депутат алгач моралдык чыгым катары 300 миң сом деп белгилеп, кийин ал сумманы эл өкүлү 1 миллион сомго чейин көтөргөн. Бирок сот анын башындагы талабын гана канааттандыраган.

Депутат К.Рыспаев коомчулукка “Ачык саясат плюс” гезити менен бул маселени тынчтык жолу менен чечүүгө барбасын билдирген.

“Айрым маселелер үчүн кечирип койсо болот, бирок бул учурда мен андайга бара албайм. Алар мени жеңил ойлуу кыздар менен хамелеонго теңешти”, – деп билдирди эл өкүлү.

“Райондук соттун чечими менен биз макул эмеспиз. Баса белгилей кетүүчү жагдай, 300 миң сом – бул абдан чоң каражат жана ал депутаттын моралдык чыгымына төп келбеген нерсе. Баса белгилей кетсем, Кожобек Рыспаевдин Жогорку Кеңештеги депутаттар коомдун элитасы болот деп сүйлөгөн сөзүнөн кийин, анын дарегине карата, коомчулукта кандай деген сын-пикирлер айтыла баштады. Социалдык тармактарда ал сөзү үчүн аны биздикинен жаман сөздөр менен аташты. Бирок, негедир, ал сотко бизди гана берди. Менин жеке пикиримде бул – биз оппозициялык маанайдагы гезит болгондуктан”, – дейт гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова.

Башкы редактордун айтымында, алар аягына чейин барууга даяр.

“Эгерде шаардык сот, райондук соттун чечиимин күчүндө калтырса, гезитти жабуу маселеси жаралат. Бирок, депуттатын минтип бизге карата жасаган кысымынан кийин коомчулуктун бизге карата колдоосу күч алды. Жөнөкөй адамдар чогулуп, ошол акчаны чогултуп берүүнү көздөп жатышат. Алар дубандарды кыдырып, акча чогултуу боюнча атайын акция өткөрүүнү сунушташты. Бирок биз элдик демилгени соттун чечими чыккыча күтө туралы деп токтотуп койдук. Учурда Ош, Жалал-Абад жана Чүй аймактарынан көп чалып жатышат”, – деп белгиледи башкы редактор.

Назгүл Мамытованын айтымында, “Ачык саясат плюс” гезитин бул жылы бир нече жолу сотко беришти. Атай кетсек, Саламатыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек жана медициналык жабдуу менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакирова басылмадан 500 миң сомдук доону өндүрүүнү талап кылган. Журналисттер соттон Шакировага кайсыл сөздөр моралдык доо өндүрүүгө түрткөнүн далидөө үчүн лингвистикалык эскпертиза кылууну өтүнүшкөн. Сот макул болуп, учурда анын жыйнытыгын күтүшүүдө.

Ошондой эле бул гезитти прокуратуранын кызматкери Кубан Шатенов дагы Биринчи май райондук сотко берип, ал боюнча басылмадан 50 миң сомдук доо өндүрүлсүн деген соттун сырттан кабыл алган чечими чыккан. Бирок гезит ал чечимге макул эместигин билдирип, шаардык сотко аппеляциялык доо арыз менен кайрылышкан. Азырынча ал качан каралаары так белгисиз.

“Ачык саясат плюс” гезиттин укугун КРнын Медиа акыйкатчысы Акмат Алагушев коргомокчу.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор