Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

ЭлТР телеканалы “Азаттыктын” иликтөөсүн көрсөтүүдөн баш тартты

ЭлТР телеканалы “Азаттыктын” иликтөөсүн көрсөтүүдөн баш тартты

Эскерте кетсек, “Азаттык” сайтында “Көмүскө акча ташыгандар кербени” аттуу берүү чыккан. Бирок, берүү ЭлТРдин эфиринен чыгырылган жок. Бул тууралуу маалыматты “Журналисттер” КБга ЭлТР телеканалынын жетекчиси Айбек Мусаев тастыктады.

“Бул бир тараптуу материал. Ал жерде алып баруучунун монологун гана көрүүгө болот. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан, азыр муну эфирге кетирип, эртең ал үчүн жоопкерчиликке тартылгыбыз келбейт. Бул видеону көрсөтпөө чечимин биз редакциялык жыйында жамаат менен бирге кабыл алдык. Кесиптештер карап чыгып, бул бир тараптуу экен деген бүтүмгө келишкен. Бул биздин укук. Андыктан, каналдын редакциялык укугуна кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Менимче, бул журналисттик иликтөө эмес. Иштен кеткен бир нече адамдардын гана пикирин берип коюшкан. Мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүнөн маалымат жок. Бир тараптуу болуп калган”, – деп билдирди А.Мусаев.

Анын айтымында, ЭлТР менен “Азаттыктын” ортосунда мамлекеттик каналдагы чыгарылчу конттенттер тууралуу макулдашуу бар. Бирок ал кагазда журналистиканын талаптарына ылайык келбесе жана улуттук коопсуздукка доо келтирсе, эфирге коюлбайт деп жазылган.

“Азаттык Медиа” жетекчиси Айзада Касмалиеванын билдирүүсүндө, ЭлТР телеканалы менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде жарым сааттык эфирге уруксат бар. “Азаттык” 4-декабрда 29 минута 53 секундага созулган журналисттик иликтөө камтылган берүүнү 17:54дө жөнөткөнбүз. Программа эфирге саат 20:00 чыгуусу керек болчу. Бирок ЭлТР ал материалды бир тараптуу деп чечишти. “Азаттыктын” материалдарын эфирге чыгарбай койгон бул экинчи учур болду.

“Биз ал видеого жоопкерчиликти өзүбүз тартаарыбызды дагы билдирдик. Бирок, кесиптештер материал бир тараптуу экен жана ал үчүн биз келечекте жоопкерчиликти алгыбыз келбейт деген бүтүм чыгарышты. Материалда биз тиешелүү тараптардын пикирлерин берүүгө болгон аракетибизди жумшадык. Айрым мамлекеттик органдар бизге жооп беришкен жок, бирок биз азыр деле аларга микрофон сунууга даярбыз. Менимче материалда тең салмактуулук сакталган”, – деп билдирди А. Касмалиева.

Эскерте кетсек, журналисттик иликтөөдө Кыргызстандан мыйзамсыз миллиондогон акча каражаттары жылдап чыгарылып келгени, көмүскө акчалар паракорчулукту күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, керек болсо адамдардын өлүмүнө чейин жеткирүүдө.

Иликтөөнү “Азаттык” OCCRP жана “Клооп” менен биргеликте жүргүзүшкөн. Журналисттер көптөгөн иш кагаздарды, ошону менен катар декларацияларды, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтарын, учуулар тууралуу маалыматтарды иликтеп чыгышкан, бир нече интервьюларды алышкан.

Бул иликтөөнүн үчүнчү бөлүгү. Алгачкысы 2019-жылдын май айында жарыяланган. Иликтөөдө Кытайлык уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен 700 млн доллар чыгарылып кеткени тууралуу айтылган.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланган. Анда жогорудагы малыматтарды ишкер Айеркен Саймаити өзү журналисттерге бергени айтылган. Ал өз сөзүндө өлкөдөн чыгарылган каражаттарга бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экени кабарланган.

Мына ушундан кийин УКМК сотко чейинки тергөө амалдарын баштаган. Анын негизинде суракка мурдагы депутаттар, премьер-министр жана журналисттер жана башкалар чакырылган.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор