Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Таласта областтык телеканал жана 3-канал гана иш алып барууда (толукталды)

Таласта областтык телеканал жана 3-канал гана иш алып барууда (толукталды)

Таласта жергиликтүү ЖМКлардан мамлекеттик областтык мультимедиалык борбор жана жеке менчик “3-канал” гана иш алып барат. “Радиомост” жамааттык радиосу учурда ишин токтотуп турат. Башка жеке менчик ЖМКлар жок. Республикалык айрым телеканалдардын, гезиттердин жана маалыматтык сайттардын гана аймактык кабарчылары бар.

Карантинге байланыштуу областтык гезиттин кабарчылары үйлөрүнө жиберилген. “Атайын пропуск өткөрмөлөр менен бардык эле журналисттер камсыз болгон эмес. Алар областтык мультимедиалык борбордун, “3-каналдын”, КТРК менен ЭлТРдин жана “АКИпресс” агенттигинин кабарчыларына гана берилген. Мультимедиалык борбордун аймактык кабарчылары да алышкан жок”, – дейт областтык мультимедиалык борбордун директорунун гезит боюнча орун басары Козубек Иманкулов.

Ушуга байланыштуу жергиликтүү калк аймактык жаңылыктарды областтык телеканал жана “3-канал” аркылуу гана алууда. Бул жаңылыктардын басымдуу бөлүгү да коронавирус илдетине байланыштуу.

Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Бакай Садыров билдиргендей, областтагы коронавирус илдети боюнча маалыматты атайын түзүлгөн штаб гана берет. Маалыматтар брифинг түрүндө гана кыскача берилип турат.

Сүрөт https://talas.ucoz.com/ сайтынан алынды.

Окшош посттор