Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

ИИМдин криминалдык милиция кызматы 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясын чагылдырган журналисттерге телефон чалып чыгышууда

ИИМдин криминалдык милиция кызматы 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясын чагылдырган журналисттерге телефон чалып чыгышууда

Милиция кызматкерлери ушул жылдын 9-августуна чейин Кой-Таш айылында болгон же, ага жакын жерде жүргөн уюлдук байланыш кызматтарынын абоненттерине чалып чыгууда.

“Клооп” редакциясынын берген маалыматтарына караганда, алардын эки журналисти Айзирек Иманалиева менен Нуржамал Джанибековага ошол мезгилде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасаган мезгилде кесиптештери менен сүйлөшүшкөндүгү үчүн ИИМ криминалдык милиция кызматынан чалышкан.

“Криминалдык милиция кызматкери, журналисттер менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда уюлдук байланыш түйүн кызматтарынан ошол күнү Кой-Ташта болуп, кимдир бирөөгө байланышка чыккан адамдардын тизмесин алып, чалып жатышкандыгын кабарлашкан. Анын айтымында, тизмеге 1,5 миң абонент түшүрүлгөн”, – деп жазган интернет-басылманын кабарчылары.

“Клооптун” кабарчылары менен сүйлөшкөндө, криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү өзүн тааныштырып, андан соң терилген номер журналистке тиешелүүбү, аты-жөнү ким, төрөлгөн жылын жана Кой-Ташта эмне себеп менен болгонун, же ал жерде болгон адамдар менен байланышкан беле, же жокпу ошолорду сураган. Андан сырткары милиция кызматкери эки кабарчынын бирөөсүн ички иштер органына суракка чакырган – журналист алаарга баруудан баш тарткан.

Телефон чалуудан сырткары милиция кызматкерлери ошол мезгилде Кой-Ташта автоунаасы байкалган журналисттерге барып, аларды сурашкан. Мисалы, Атамбевдин үйүнө чабуул коюлгандан бир жума өткөндөн кийин “Клооптун” оператору Эржан Бейшеналиевдин үйүнө участкалык милиция кызматкерлери келип кеткен. Алар оператордун атасынан августтун башында уулу каякта болгонун, эмне себептен уулунун унаасы Кой-Ташта болгондугун дагы сураган.

“Клооптун” кызматкерлеринен сырткары “Франс-Пресс” эл аралык жаңылыктар агенттигинин Кыргызстандагы кабарчысы Толкун Наматбаевага дагы телефон чалуу болгон.

Алар мага ушул жуманын башында сурак берүүгө чакыруу жөнөтүшөөрүн айтышкан. Бирок азырынча келе элек. Албетте, бул тынчсыздандырбай койбойт. Анткени, андан бери канча убакыт өттү. Анан биз кабарчы катары өз ишибизди кылдык, албетте, ишке байланыштуу Кой-Ташка телефон чалуулар дагы кылганмын. Мисалы, пресс-борборго жана саясий кеңештин мүчөлөрүнө чалып, маалымат алгам”, – деп билдирди Т.Наматбаева.

Ички иштер министрлиги бул боюнча ар бир телефон чалуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында болгон Кой-Таштагы окуяны иликтөөнүн негизинде болуп жаткандыгы менен түшүндүргөн.

КР Медиа өкүлү Акмат Алагушевдин айтымында, телефон аркылуу маалымат берүүдөн журналисттер баш тартканга укуктуу, анткени абонентти текшерүү мүмкүн эмес. Андан сырткары, сүйлөшүү маалында телефон аркылуу милиция бөлүмүнө суракка чакырса, барбай койсо болот. Бул учурда милиция кызматкеринен расмий кагаз түрүндөгү чакырууну жөнөтүүнү, болгондо дагы аны кимдир бирөө аркылуу берип жибербестен, колго тапшырууну талап кылуу керек. Мына ошондон кийин суракка жактоочу менен бирге барса болот.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор