Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Kyrgyztoday сайты экс-спикердин арызы боюнча чыгарылган соттук чечимге даттанды

Kyrgyztoday сайты экс-спикердин арызы боюнча чыгарылган соттук чечимге даттанды

Kyrgyztoday сайты Бишкек шаардык сотунун ЖКнын мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун доо арызына карата чыгарган чечимди кайра кароону өтүндү.

Эскерте кетсек, борбор калаанын Биринчи май райондук сотунда интернет басылмага карата берилген мурдагы чиновниктин доо арызы канаттандырылган. ЖКнын мурдагы депутатынын пикиринде, Kyrgyztoday сайты аны паракор деп атап, анын аброюна шек келтирген. Ал үчүн мурдагы аткаминер маалыматты төгүндөп, моралдык чыгым катары 1 млн сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Бирок сот доогердин доосун жарым жартылай канаттандырган. Соттун чечиминин негизинде Kyrgyztoday сайты чыгарылган маалымат боюнча төгүндөө берип, аны менен катар 30 миң сомду моралдык компенсация катары төлөөсү керек.

Доогердин жактоочусу Гуля Рыскулованын айтымында, экинчи инстанциядагы соттук териштирүү учурунда Акматбек Келдибеков материалдык чыгымды тартып алаары, же албасы билимекчи. Ал өз сөзүндө журналисттер чыгарылган макалага төгүндөө беришкен эмес жана алгачкы маалыматты дагы сайттан алышкан эмес.

Сайттын башкы редактору Бегаалы Наргозуев “Журналисттер” КБга берген интервьюсунда интернет-басылма маалыматты төгүндөбөстүгүн жана мындан ары дагы мурдагы төрага менен соттошууга даяр экенин билдирген.

“2014-жылы Атамбаев кезинде биз Келдибековду коргоп чыкканбыз. Эми болсо, соттошуп жатабыз. Биз мындан ары дагы күрөшөбүз, керек болсо жогорку сотко чейин барабыз”, – деп билдирди интернет басылманын башкы редактору.

“Институт Медиа Полис менен “Адилет” укуктук клиникага биздин укугубузду коргоп келишкенине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз мыйзам чегинде анын паракорчулукка айыпталганы тууралуу жазганбыз. Бирок Келдибеков өз сөзүндө аны паракорчулукта эмес, кызматтык ордун кыянаттык түрдө колдонгондугу үчүн айыпталганын белгилөөдө. Ал беренени болгону өзгөртүп гана коюшкан”, – деп баса белгиледи Бегаалы Наргозуев.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор