Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Режиссер Ырыс Окенова “Азаттык” радиосуна карата дооматтарын сотко чейин чечүү аракетин четке какпайт

Режиссер Ырыс Окенова “Азаттык” радиосуна карата дооматтарын сотко чейин чечүү аракетин четке какпайт

“Акшоола” телесериалынын коюучусу Ленин райондук сотуна “Азаттык” радиосуна карата доо арыз тапшырган. Доо арызында аталган ЖМК кечирим сурап, сериалды тартууга 250 миң АКШ доллары сарпталган деген маалыматты төгүндөп берүүсүн талап кылган.

“Журналисттер” КБга берген интервьюсунда Ырыс Окенова билдиргендей, айтылган ЖМКда чыккан макаладан кийин ал иштеген КТРКнын (сериал көрсөтүлгөн телеканал) башкы жетекчиси Жайнак Усөн уулунда көп суроолор жаралган. КТРК жетекчилиги сериалдын бюджети он эсе аз көрсөтүлгөн болсо, калган акчалар кайда кеткен деген материалдык доомат койгон. Ы.Окенованын айтымында, каналдын жетекчилиги тарабынан бул маселе боюнча керектүү деңгээлдеги текшерүү жүрүгүзүлгөн эмес, ал үчүн жетекчилик бул жаатта каржы жетекчилигинин, юристтин жана эсепчинин катышуусундагы териштирүү жүргүзүшү керек эле. Болуп өткөн окуядан кийин Окенова моралдык жактан жабыркагандыктан, КТРКдан кетүү арызын жазып бошоп кеткен.

Ы.Окенованын айтымында, макала жарыкка чыккандан кийин анын авторуна, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Альбина Сулаймановага чалган. “Эфирге берээрдин алдында мага чалып, суммасын тактап койсо болот эле да. Ал кыз мурда бизде иштеген, анда менин байланыш номерлеримдин бардыгы бар болчу”, – деди режиссер. Ы.Окенова өз сөзүндө, журналист өзүн-өзү актоо үчүн мен ал материалды  орус тилинен которгом деп койгонун билдирди.

“Бир кездерде Азаттыкта чыгып жүргөн “Настоящее время” деген программага интервью бергем. Ал интервью жыйынтыгында кандай маңызда чыкканын мен көргөн эмесмин. Бирок, орус тилиндеги интервьюга мен телесериалдын каражаты тууралу кеп кылган эмесмин. Журналисттин сөзүнө караганда, жетекчиликтен ага интервьюну которуп бергиле деген тапшырма болгон. Натыйжада, кыргыз тилинде жарык көргөн интервью коомчулукта кызуу талкууну жаратты”, – деп билдирди режиссер.

Ы.Окенова доо арыз дагы да толукталып, балким, “Азаттыкка” материалдык дооматтар да коюлушу мүмкүн экенин белгиледи. Бирок Ы.Окенова ошону менен бирге өз сөзүндө, ЖМК үстүнөн түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясына кайрылып, маселени сотко чейин чечүү жолун караштыраарын билдирген.

Азамат Касыбеков, “Журналисттер” КБнын Чүй облусу менен Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор