Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сот чечими менен “Форум” жана “Апрель ТВнын” мүлкүнө арест салынды

Сот чечими менен “Форум” жана “Апрель ТВнын” мүлкүнө арест салынды

9-августта мурдагы президент А.Атамбаевдин мүлкү сотко чейинки өндүрүштүн негизинде камакка алынды. Бул тууралу 24.kg маалымат агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Сотко чейинки өндүрүштүн негизинде, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары суракка чакырылат. Бул Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тергөө амалдарынын мындан аркы иш аракеттерине карата жүргүзүлүүдө. Ошондй эле соттун чечими менен “Медиа Форум” жана “Апрель ТВ” телеканалынын мүлкү дагы камакка алынды”, – деп билдирген министрлик.

Ошол эле маалда 10-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаменти “Апрель” телеканалы “Телеберүү жана радиоуктуруу” мыйзамын так аткарган уюмдардын катарына кирээрин кабарлаган, деп маалымдайт “KNews”. Департамент “телеканалдын ээси оор кылмыштарга шектүү деп табылгандыктан, анын мүлкү камакка алынгандыгы” туурасындагы маалыматты сот органынын чечимдерине шилтеме келтирген.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, ЖЧК “Медиа Форумдун” имаратында башка дагы бир катар ЖМКлар жайгашкан: “Европа+”, “Кыргызстан обондору”, “Ретро FM” радиолору.

10-августта медиа коомчулугу КР Президентинин атына бийликтин бул кадамдары туура эмес экенин баса белгилеп, расмий түрдө атайын кайрылуу жасаган.

Бугүнкү күнү биз бардыгыбыз экс-президенттин ишин кароодогу адилеттүү, акыйкат сотту күтүп жатабыз. Бирок так ушул маалда биздин айкөл элибиз ага жеткен маалыматтардын негизинде өлкөдөгү окуяларга өз баасын аныткап алышы үчүн бизге ЖМКлардын көп түрлүгү керек болот, алардын катарында окуяны башка өнүттөн чагылдырган ЖМКлар дагы”, – деп белгиленет билдирүүдө.

Билдирүүгө кол койгондордун пикиринде, бүгүнкү күнү “Апрель” телеканалынын мүлкүн камакка алууга анчалык деле зарылчылык жок болчу. Анткени, шектүү тарап УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.

КР мыйзамдарына ылайык, телеканалга кандайдыр бир айып тагылган эмес. Саясий каатчылык маалында “Апрель” өлкөдөгү кырдаалды ыкчам чагылдырып турган азганак телеканалдардын бири болгон. Телеканалдын ишмердүүлүгү чектелип, анын мүлкүнүн камакка алынышы – өтө эле аша чаап кеткендик жана негизсиз деп баалайбыз, Конституцияга ылайык, ар бир чектөө мыйзам негизиндеги максаттарга жооп берүү менен өзүн-өзү актоосу зарыл. Ушуга байланыштуу биз камакка алынган мүлктүн бошотулушун жана телеканалдын кайрадан эфирге чыгуусун камсыздоону талап кылабыз”, – деп айтылат кайрылууда.

Окшош посттор