Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ош шаардык мэриясы маалымат бербегени үчүн журналист прокуратурага эки арыз таштады

Ош шаардык мэриясы маалымат бербегени үчүн журналист прокуратурага эки арыз таштады

Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги жана коомдук пайдалануудагы жер тилкелер боюнча материал даярдап жаткан журналист Гүлзат Газиева Ош шаардык мэриясы суралган маалыматтарды толук бербегени үчүн Ош шаардык прокуратурасына эки арыз тапшырды. Учурда арыздар боюнча текшерүү иштери башталды.

«Биринчи арыз боюнча Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелердин, объекттердин реестрин, жалпы аянты, орду, электрондук же документалдык картасы, коомдук пайдалануудагы, парк зоналарындагы жер тилкелердин жайгашкан ордун кѳрсѳтүү менен кимдерге канча мѳѳнѳткѳ ижарага берилгени, ижарадан түшкѳн тѳлѳмдѳр, бош турган муниципалдык жер тилкелердин жана объектилердин тизмеси жана даректери кѳрсѳтүлгѳн маалыматты берүүнү сурагам. Маморгандын карамагында турган бул маалыматтар ачык жана ар бир жаран үчүн жеткиликтүү болушу мыйзамда кѳрсѳтүлгѳн», – деди Гульзат Газиева.

Журналист Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жѳнѳткѳн суроо-талабына толук жооп ала албаган соӊ суралган маалыматтарды толук берүүнү милдеттендирүүнү сурап Ош шаардык мэриясына кайрылуу жѳнѳткѳн. Ош мэриясы кайрылууну канааттандырган эмес.

Ал эми экинчи арыз боюнча журналист Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынан 2018-2019-жылдарда өткөн отурумдарынын протоколдорун, аукциондор боюнча комиссиянын чечимдерин ж.б. маалыматтарды сураган. Аталган комиссияга Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов тѳрагалык кылат.

Ош шаардык мэриясы «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жѳнүндѳ» мыйзамынын «Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр» деп аталган беренесин негиз кылып, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун берүүдѳн баш тарткан.

«Бул жерде «мыйзам менен корголуучу (коммерциялык, банктык, нотариалдык, врачтык, адвокаттык жана башка) сырларды камтыган» маалыматтарга жетүүгѳ чектѳѳлѳр кѳрсѳтүлгѳн. Мен сураган маалыматтар бул категориялардын бирѳѳнѳ да туура келбейт», – дейт журналист Г.Газиева.

Гүлзат Газиеванын айтымында, маалыматка жетүү боюнча мыйзамдар кѳп учурда аткарылбай келатат. О.э. журналисттердин ишмердигиндеги маалыматка болгон чектѳѳлѳр иликтѳѳ материалдарын даярдоого кедергисин тийгизүүдѳ.

Маалыматка жетүүгѳ болгон укуктары бузулган журналисттер укук коргоо органдарына сейрек гана кайрылышат.

Окшош посттор