Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ош областындагы көпчүлүк ЖМКлар онлайн иштеп жатышат

Ош областындагы көпчүлүк ЖМКлар онлайн иштеп жатышат

Коронавирус илдетине байланыштуу Ош областындагы айрым ЖМКларда кызматкерлер онлайн иштөөгө өтүштү, көпчүлүгү карантинде. Журналисттер маалымат борбору менен тыгыз иштеп, калкты маалымат менен камсыздоо аракетинде.

“Ынтымак” КРТРКсынын жамааты онлайн иштөө режимине өтүп, үй-үйүндө отуруп иштеп жатышат.

“Кабарлар” бөлүмү күндө жаӊылыктарды чыгарып жатабыз. Кабарчылар телефон, мессенжерлер аркылуу интервью алып, скайп аркылуу маектерди даярдоодо. Үйдө отуруп эле телефонуна текст окуп, тазалап, интернет аркылуу монтажчыга жөнөтүп, монтажчы топтоштуруп, редактор көзөмөлдөп жатат. Видеокадрларды, интервьюларды штабдан алып жатабыз. Көбүнчө архив видеолорду пайдалануудабыз. Сайтыбызды мурдагыга салыштырмалуу дагы жакшы иштете баштадык. О.э. чет мамлекеттерде Америка, Канада, Түштүк Корея, Германия, Афганистанда жашап жаткан кыргызстандыктардын абалдары тууралуу да материалдарды интернет аркылуу алып, даярдап жатабыз. Радиобузда музыка эле уктурулуп жатат. Продюсерибиз жумушка барып, жарнамаларды текшерип, көзөмөлдөп жатат. Ал эми коомдук контент бөлүмү ишин токтотту, архивдерди берип жатабыз. Трансляцияда эки кызматкерибиз алмашып иштеп жатышат. Алыстан иштөөдө ТВ үчүн видео кадр керек болгону үчүн ыӊгайсыздык жаралат экен. Анткен менен карантин учурунда өзгөчө абал режимине баш ийип иштеп жатабыз”, – деди «Ынтымак» КРТРКсынын программалык директору Асанбек Каракозуев.

ЭлТР телеканалы да өз ишин улантууда.

“Карантин жерлерден башкасын берип жатабыз. Коменданттын, тиешелүү кызматтардын маалыматын алып. Баарын карантинге чыгардык. График менен иштегендер гана калды”, – деди ЭлТРдин башкы директорунун Оштогу орун басары Жумамидин Сулайманкулов.

ОшТВ телеканалынын негизги жамааты да карантинде. “Жаӊылыктар” бөлүмүнүн кызматкерлери коргоочу атайын кийимдер менен жабдылган.

“Өкмөттө күнүгө бир нече жолу жыйын болуп, ТВдан ошолорду көрсөтүп жатабыз. Комендант брифингдерди берип жатат, маалымат жыйындарды ретрансляция аркылуу көрсөтүп жатабыз. Кызыл Ай коому эки атайын коргоочу кийимдерди берген. Ошол коргоочу кийимдерди кийип, кабарчы-операторлор съемкага барып жатышат. Негизинен, “Жаӊылыктар” бөлүмү иштеп, башка кызматкерлер шартка байланыштуу карантинде”, – деди ОшТВнын директору Гүлкайыр Жанымбетова.

Өзгөчө кырдаалга жана өзгөчө абалга байланыштуу сайттарда иштеген кабарчылар да үйдө онлайн иштөөгө аргасыз болушууда.

“Биз маалыматтарды кырдаалга байланыштуу үйлөрдө жазып жатабыз. Буга чейин маалыматтарды тартуу үчүн кызматкерлер региондорго чыгып турушчу. Посттордун коюлганы маалымат алууну чектеп койду. Кирүү-чыгуу токтоду. Азыр баары телефон аркылуу. Каармандар өздөрү тартып жөнөтүүгө туура келет. Азыр штабдын, коменданттын уруксаты менен гана маалымат алуу мүмкүнчүлүгү болуп жатат. Коронавируска байланыштуу маалымат расмий гана берилип, ошолорду пайдаланып жатабыз. Жакшы жери – маалымат борбору маалыматтарды өздөрү тартып жиберип жатышат. Бул дагы журналисттердин коопсуздугу үчүн жакшы”, – деди “Акипресстин” Оштогу өкүлү Адашгүл Акматова.

Анткен менен маалымат алуу, видеотасмага тартууда айрым татаалдыктар болуп жатканын “Клооп” сайтынын кабарчысы Хамидулло Узаков белгиледи.

“Биз да карантинде үй шартында онлайн иштеп жатабыз. Көчөгө съемкага чыкканда тургундар агрессияда экенин көп байкап жатам. Укук коргоо органдары көп учурда сөзсүз келип: “Эмнени тартып жатасың? Эмнеге тартасың? Кимсиң?”, – деп сурайт. Өзүңдү тааныштыргандан кийин: “Тартпа, элди дүрбөлөңгө салып жатасыңар”, – деп басым жасаганга окшош сөздөрдү айтууда. “Сиз өзүңүздүн жумушуңузду кылып жатасыз, мен өзүмдүкүн. Мен коомдук жерди тартып жатам, мыйзамды бузганым жок”, – деп түшүндүрүүгө аргасыз болом. Негизи, келип өзүн тааныштырып, жакшы мамиледе сураса, каршылыгым жок. Бирок, эмнени тартып жатканымды жана тарткан нерселеримди көрсөтөсүӊ дегени мага аябай эле ыңгайсыздык жаратып жатат”, – деди Хамидулло Узаков.

Коронавирус илдетине байланыштуу Ош шаарынын жана Ош областынын Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору түзүлгөн. Борбордун жеткчиси Жеӊишбек Аширбаев. Борбордун мүчөлөрү: Өкмөттүн Ош областы боюнча ыйгарым өкүлүнүн пресс-катчысы Нуркыз Кадырбек кызы, Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Замирбек Сыдыковдор.

“Журналисттер вотсаптагы жана фейсбуктагы журналисттердин группасы аркылуу жана электрондук даректери аркылуу маалымат алышууда. Журналисттер съемкага катышууга катуу тыюу салынган. Керектүү сюжетти өзүбүз тартып жөнөтүп жатабыз. Коопсуздук чараларын эске алып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талапарын жана Өзгөчө абал жөнүндөгү Мыйзамдын талаптарынын негизинде коменданттын түз эфирдеги брифингин коменданттын штабында өткөрүп, онлайн иштеп жатабыз. Өзгөчө абал башталган күндөрү бул талаптарды журналисттерге маалымдагандыктан, бүгүнкү күнгө чейин журналисттер тарабынан өзгөчө абалдын режимин бузган учурлар катталган жок”, – деди Жеӊишбек Аширбаев.

Ош областынын аймактарында калк маалыматты көбүрөөк КТРК, ЭлТР, “Ала-Тоо-24”, “Мир” ж.б. телеканалдардан, «Азаттык» радиосунан жана интернет сайттардан алып жатканын сурамжылоолор көрсөттү. Ошону менен бирге эле көпчүлүк вотсап жана социалдык тармактар аркылуу да маалымат алып жатканын билдиришти.

Кыргызстанда 22-марттан баштап өзгөчө кырдаал, 25-марттан тарта коронавирус илдети катталган аймактарда өзгөчө абал жарыяланган.

Гүлзат Газиева,
“Журналисттер” КБнын Ош областы боюнча өкүлү

Окшош посттор