Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр фонду журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн чакан гранттарды алууга сынак жарыялайт

Журналисттик иликтөөлөр фонду журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн чакан гранттарды алууга сынак жарыялайт

Журналисттик иликтөөлөр менен алектенген журналисттер, медиа тармагында иш алып барган уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана дагы башка кызыкдар адамдар Журналисттик иликтөөлөр фондунан чакан грант алууга өтүнмө бере алышат.

Гранттардын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөндөргө каржылык, адистик жардам көрсөтүү.

Гранттын өлчөмү – 70000 сом. Анын эсебинен транспорттук чыгымдар, жабдыктардын ижарасы, документтерди чогултуудагы чыгымдар, ж.б.д.у.с. жабылат. Суралган каражаттын жарымы өтүнмө канааттандырылганда төлөнөт, калганы – иликтөө аяктаганда.

Сынакка өтүнмөлөр кыргыз же орус тилинде кабыл алынат. Анда иликтөөнүн темасы, иликтөө жүргүзүүнүн жолдору көрсөтүлүп, долбоордун бюджети берилиши керек. Иликтөөлөр ар башка форматта болушу мүмкүн (ТВ, радио, он-лайн, басма).

Өтүнмөлөр 2018-жылдын 25-ноябрына чейин grant@jif.kg дарегине жиберилиши керек.

Өтүнмөнүн формасы

Бюджеттин формасы

Окшош посттор