Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Нарында журналисттин доосу областтык сотто экинчи жолу жылдырылды

Нарында журналисттин доосу областтык сотто экинчи жолу жылдырылды

2020-жылдын 18-март күнү Нарын областтык соттун курамынын (төрагалык кылуучу А. Койломбаев, судьялар Ж.Кеналиева, Г.Ажыгулова, катчы  Ж.Мамбетказиева) ачык соттук олтуруму болуп, анда доогер, Нарын областтык мамлекеттик телерадио компаниясынын мурунку башкы редактору Нурзат Эсенканованын апелляциялык даттануусу каралды. Бирок олтурум тез арада жабык деп жарыяланып, ишти кароо 26-мартка жылдырылды.

Жыйындын катчысы Ж.Мамбетказиева чакырылган тараптан Нарын райондор аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция (экотехинспекция) башкармалыгынан тиешелүү адис келбегендигин, бирок тастыктоочу кат келгендигин маалымдады. Мындай жагдайга доогер жана ишенимдүү өкүлү шарт коюшту.

“Негизи экотехинспекциясынан жана азыркы Нарын областтык медиа борбордон жетекчилер келсе туура болмок. Алардын пикирлери маанилүү, – деди жактоочу Ыдырыс Асанов. Бирок экинчи тараптын, медиа борбордун өкүлү Мирлан Майрамбек уулу Медиа борборго жаңы жетекчи дайындалгандыктан ал кишинин катышуусу зарыл эместигин, ал эми экотехинспекциядан адис келишин кубаттады.

Акыры судьялар кеңешип, 25-мартка чейин тараптарды өз ара медиациялык макулдашууга барууга сунуш келтиришти. Соттук олтурумдан кийин доогер Н.Эсенканова бул аралыкта ойлонуп бир чечимге келерин билдирди.

Нурзат Эсенканова 23 жылдан бери Нарын областтык телерадио компанясында эмгектенип, кабарчы, башкы деректирдин орун басары кызматында иштеп, 2017-жылдын июль айында башкы редакторлукка которулган. Бирок 2018-жылдын 17-январ күнү “сыноо мөөнөтүнө байланыштуу” деп кызматтан бошотулган. Ал эки жылдан бери укугун коргоп сотко даттанып келет. Андан бери жалпысы ушуну менен 8 жолу соттук олтурумдар болуп өттү.

Алгач 2018-жылдын апрель айында Нарын шаардык соту башкы деректирдин буйругу туура болгон десе, июнь айында Нарын областтык сот Н.Эсенканова мыйзамсыз бошотулган деп табат. 19-сентябрда Жогорку сот ишти кайра кароону Нарын областтык сотко кайтарат. 2019-жылдын январь айында областтык сот шаардык сотту жактаса, апрелде Жогорку сот дагы Н.Эсенканова мыйзамдуу эле бошотулган деп чекит коёт. Бирок прокуратура келтирген жаңы жагдайлар боюнча Нарын шаардык сот ишти кайрадан карап, 2020-жылдын 14-январында доо арызды канааттандыруусуз калтырган. 2020-жылдын 4-март күнү областтык сот ишти карап, жактоочунунун жана доогердин өтүнүчү менен ишти кароону 18-мартка жылдырган.

Сүрөт koom.kg сайтынан алынды.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областы боюнча
өкүлү

Окшош посттор