Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү боюнча долбоордун байкоочулары окутуудан өтүштү

КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү боюнча долбоордун байкоочулары окутуудан өтүштү

15-апрелде Бишкекте “Журналисттер” коомдук бирикмеси КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү боюнча долбоорго тартылган аймактык байкоочулар үчүн окутуу өткөрдү. Аталган долбоор апрелде ишке ашырыла баштады. Аны “Сорос-Кыргызстан” фондусу колдоого алып, ал “Институт Медиа Полиси” коомдук фондусу менен шериктештикте иш жүзүнө ашырылмакчы. Долбоор 2019-жылдын аягына чейин эсептелген.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси аймактык байкоочуларга мониторинг системасы тууралуу маалымат берип, даярдала турган маалыматтык билдирүүлөргө талаптар менен тааныштырды. Ошондой эле КР Медиа Өкүлү Акмат Алагушев тренингдин катышуучуларына айрым кейстердин негизинде баарынан көп бузулган журналисттер менен ЖМКлардын укуктары тууралуу маалымат менен кошо юридикалык комментарийлерин берди.

Ар бир аймактагы байкоочулар журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу бардык фактыларды каттап, ал тууралуу маалыматтык билдирүүлөрдү даярдашат. “ИМП” КФнын юристтери айрым манилүү окуялар боюнча юридикалык комментарийин берип турат. Бардык билдирүүлөр “Журналисттер” коомдук бирикмесинин сайтына (https://journalist.kg/) жарыяланып турмакчы.

Байкоочулар катары ар бир аймакта белгилүү журналисттер алынды: Жалал-Абад областында – Жалил Сапаров, Ош областында – Гүлзат Газиева, Нарын областында – Күмөндөр Усупов, Талас областында – Козубек Иманкулов, Ысык-Көл областында – Жумагүл Барктабасова, Баткен областында – Жеңиш Айдаров жана Чүй областы менен Бишкек шаарында – Азамат Касыбеков.

Мониторинг өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын аныктоого объективдүү көрсөткүчтөрдү берет. Ошону менен катар журналисттердин жана ЖМКлардын юридикалык жактан корголушун жакшыртууга салым кошот, анткени укуктары бузулган тараптарга юридикалык жардам көрсөтүлүп турмакчы.

Белгилей кетчү нерсе, “Журналисттер” коомдук бирикмеси 2002-жылдан 2007-жылга чейин такай негизде жана 2010-жылы журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүп келген.

Окутуудан айрым фото ирмемдер:

Окшош посттор