Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Мүлктүк укукту бузгандыгы үчүн Life телеканалын сотко бергени жатышат

Мүлктүк укукту бузгандыгы үчүн Life телеканалын сотко бергени жатышат

Кыргызстанда биринчи жолу тартылган “Дарак ыры” аттуу мюзиклдин режиссеру Айбек Дайырбеков автордук укукту сурабай туруп бул тасманы эфирден бергендиги үчүн Life телеканалынын жетекчилигин сотко берүүнү чечти.

“Алар биз менен байланышкан жок. Эми биз аларга сот аркылуу кайрылабыз. Ишти биз юристтерге тапшырдык, мындан аркысын алар алып барышат”, – деп белдирди ал.

Бул тууралуу окуяны режиссердун келинчеги Толкун Дайырбекова Facebook тармагындагы баракчасына жазып чыккан. Анын айтымында, юристтер жеке укукту бузгандыгы үчүн доо өндүрүүгө укук берген нааразылык билдирүүнү даярдап жатышат. Эгерде нааразылык билдирүү канаттандырылбаса, укуктук жактан ээлик кылган тарап сотко кайрылууга мажбур болот.

“Кыргызстан менен Орусиянын кинопродукциясы болгон “Дарак ыры” аттуу биринчи мюзиклди жаратуу үчүн канчалаган мээнет, канчалаган каражат жана күч-кубат кетти. Анан ушундай эмгекти уруксаты жок, жөн эле уурулук жол менен эфирге берип коюшту. Алгач башында биз жаңыдан ишти башатаганда “келгиле иштешели, өнөктөш бололу” деп канчалаган телекомпанияларга кайрылдык. Эмнеге ошондо алар көмөктөшпөйт дагы, эми биздин укукту эске албай, акысыз, өздөрүнүн телеканалынан кайталоосу менен коомчулукка көрсөтөт. Болгондо дагы биздин көркөм тасма тынымсыз кетип жатканда жарнамалар дагы кетип жатты”, – деп нааразылыгын билдирди.

“Дарак ыры” аттуу тасманын жеке мүлктүк укугуна ээ болгон Central Asia Film жана «Синетрейн» студиялары ушундай окуя болуп кетпесин деп КРдын аймагындагы башка телеканалдар менен интернет ресурстарга алдын ала эскертишкен.

“Укук ээлери аталган фильм боюнча ушундай укук бузуулар болсо унчукпай калбастан, укук бузуучуларды кылмыш, административдик жана жарандык укуктук жоопкерчиликке тартуу үчүн болгон күч аракетин жумшмакчы”, – деп жазат Толкун Дайырбекова.

Central Asia Film студиясы менен КТРКнын ортосунда түзүлгөн келишмдин негизинде, КРдын аймагында телеберүүдө көрсөтүү боюнча эксклюзивдик укук КТРКга гана берилген. Расмий түрдө телепремьера 2019-жылдын 31-августунда аталган каналда болот.

Азырынча Life телеканалы тарабынан эч кандай билдирүүлөр келип түшө элек.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Окшош посттор