Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“NewTV”нын чыгармачыл тобуна кол салуу болуп, камера талкаланган. Журналисттер милицияга арыз менен кайрылышты

“NewTV”нын чыгармачыл тобуна кол салуу болуп, камера талкаланган. Журналисттер милицияга арыз менен кайрылышты

Бул тууралуу маалыматты “Журналисттер” КБга телеканалдын башкы продюсери Алтынбек Деркембаев билдирди. Анын айтымында, бул иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

NewTV телеканалынын жамаатына кол салуу болду. Бул жорук чыгармачыл топтун Бишкек шаарындагы “Тазалык” ишканасынын мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча кезектеги рейди учурунда катталган. Журналисттер иштеп жаткан маалда телеоператор Калыбек Абдымомутовго белгисиз үч адам кол салып, видеокамераны талкалап салышкан. Алардын туура эмес кадамдарын токтотуу аракети натыйжасыз болгондуктан, биз милиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болдук. Ошол учурда, аларды токтотууга аракет кылган биздин журналистти дагы машина менен сүзүүгө аракет кылып качышкан. Натыйжада биздин оператордун денесине залака келтирилген”, – деп билдирет А. Деркембаев.

Белгисиз адамдар журналисттин бутун автоунаа менен тебелеп кетишкен. Журналист ооруканага кайрылган. Бирок дарыгерлер азырынча диагнозун чыгара элек.

Азырынча биз келтирилген чыгымды эсептей элекбиз. Телевизиондук техника абдан кымбат турат. Талкаланган камерабыз эле 7-8 миң доллар турат. Башкача айтканда чоң суммага зыян келтирилди. Биздин оператор ошол маалда кол көтөргөн аялга, камера абдан кымбат экенин жана ага этияттык керек экенин эскерткен. Бирок камераны талкалаган аял анын контейнери андан дагы кымбат тураарын билдирген”, – деп маалымдады А. Деркембаев.

Башкы продюсердин билдиргенине караганда, кол салгандар мыйзамсыз курулуштардын ээлери сыяктуу көрүнөт. Алар мыйзамсыз курулушту бузуп жаткан учурду тасмага түшүрүп жаткан операторго гана кол салышкан. Ошол маалда белгисиз адамдар  операторго тасмага түшүрбө деп кыйкыруу менен бирге журналисттердин бул көрүнүштү чагылдырууга укуктары жок экенин баса белгилеп кыйкырып турушкан.

Окуя болгон жерде мэриянын жана укук коргоо органынын кызматкерлери дагы болушкан. Ошого карабастан тартип бузуучулар окуя болгон жерден качып кетишкен.

Укук коргоо органдарынан күнөөлүүлөрдү табышын талап кылабыз. Ошону менен катар биз алардан келтирилген чыгымды төлөп берүүсүн күтөбүз, биздин кызматкерлердин ден соолугуна олутту зыян келтирилбегенине үмүт кылабыз”, – деп маалымдады А. Деркембаев.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор