Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Клооптун” операторуна байланыштуу окуя боюнча ИИМ ички иликтөө жүргүзөт

“Клооптун” операторуна байланыштуу окуя боюнча ИИМ ички иликтөө жүргүзөт

“Клооптун” журналисти менен эки бейтааныш ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча окуяны мекеме ичинде тергөө амалдарын ИИМ окуя болгон күндүн эртеси 2-августта баштады. Бул тууралу маалыматты “Клооптун” редакциясы билдирди.

Эскерте кетсек, “Клооптун” редакциясы ИИМден басылманын журналистинин чөнтөк телефонун тартып алган белгисиз адамдарды жоопко тартууну талап кылышкан. Катардагы жарандарча кийинген белгисиз адам 31-июль күнү Хачатурян аттуу эже-сиңдилерди колдоо пикетин чагылдырып жаткан маалда оператор Бекжан Асылбековдун телефонун күч менен тартып алган. Журналисттер тартип бузган адам ИИМдин кызматкери болушу мүмкүн деген божомолду айтышкан. Бул тууралуу маалыматты “Клооптун” башкы редактору Эльдияр Арыкбаев билдирген.

Анын айтымында, ага чейин кызгылт түстөгү футболкачан белгисиз адам тынч жыйындын катышуучуларын өзүнүн телефонуна тартып жүргөн. Пикеттин катышуучуларынын бири ал адамга барып, эмнеге тартып жатканын сураганда, сураган адамдын билдирүүсүндө, ал өзүн ИИБдин кызматкери катары тааныштырып, суроо узаткан айымдын да телефонун тартып алууга аракет кылган.

Ошол маалда “Клооптун” оператору ошол айым менен ал кишинин ортосунда болуп жаткан тирешүүнү тартууга аракет кылган. Белгисиз адам аны тартып жатканын байкап калып, оператордун телефонун күч менен тартып алган. Аны байкап калган башка журналисттер окуяны түшүндүрүүнү талап кыла башташканда, ал адам кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тарткан, бирок натыйжада телефонду кайтарып берген.

Жыйынтыгында ал адамга дагы экөө кошулуп, алардын бирөө өзүн милициянын кызматкери катары тааныштырып, ал дагы күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тарткан. Ошону менен бирге журналисттер аларды тартканга укуктары жок экенин белгилеген.

“Клооптун” кызматкерлери жеринде, митингге байкоо жүрүгүзүп жаткан формачан милиция кызматкерлерине кайрылышканда, алар журналисттердин укуктары бузулуп жаткан фактыга кайдыгер мамиле кылышкан. “Клооптун” башкы редактору Эльдияр Арыкбаевдин маалыматы боюна, басылманын юристтеринин белгилегендери боюнча, милиция кызматкерлери деп шектелген адамдар тарабынан бир нече тартип бузуулар катталган.

Мисалга, алардын бирөөсүн “бөтөн бирөөнүн мүлкүнө ачык түрдө эле ээлик кылган” деп күнөөлөсө болот. Мындай аракеттер милиция кызматкерлери тарабынан болбошу керек эле. “Ички иштер органдары” жөнүндөгү мыйзамда жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен тынч митингди чагылдырып жаткан журналисттерге сый мамиледе болуу керек деп каралган.

Ошону менен бирге ал адамдардын мыйзамдуу жол менен тасмага түшүрүлүп жаткан иш-аракетке тыюу салууга укуктары жок болчу. Эгерде алар милиция кызматкерлери экени тастыкталса, анда алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жана журналисттерге маалымат чогултууга тоскоолдук жараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуулары керек.

“Ошону менен бирге, формасы жок бейтааныш адамдар милиция кызматкерлери экени тастыкталса, “Ички иштер органдары” жөнүндөгү мыйзамда, Кыргызстандын жарандары күбөлүктү көрсөтүүнү талап кылса, милиция кызматкерлери ошо замат күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттүү деп каралган. Жоопкерчиликке ошол жерде формачан жүргөн милиция кызматкерлери дагы тартуулары керек. Алар көрүп туруп жардамга кайрылган жаранга жардам көрсөтпөй койгондугу үчүн”, – деп баса белгиледи Эльдияр Арыкбаев.

Фотосүрөт https://kloop.kg/ сайтынан алынды.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй жана Бишкек боюнча өкүлү

Окшош посттор