Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

ЖМКларга карата болгон DDoS чабуулду Кыргызстандын медиа коомчулугу сынга алды

ЖМКларга карата болгон DDoS чабуулду Кыргызстандын медиа коомчулугу сынга алды

19-декабрда өлкөнүн белгилүү медиа уюмдары тарабынан билдирүү таркатылды. Анда сөз эркинидигинин абалы кескин түрдө начарлап кеткендиги, айрым ЖМКларга карата DDoS чабуулдун күчөгөнү, иликтөө жүргүзгөн редакцияларга карата миллиондогон доо арыздардын берилгендиги жана алардын банк эсептеринин камакка алынгандыгы, аны менен катар журналисттердин жеке коопсуздугуна коркунуч туулуп жаткандыгы белгиленген.

Эскерте кетсек, айрым интернет-басылмалар болуп көрбөгөндөй күчтүү DDoS чабуулга кабылышкан, алардын катарында “Медиа өнүктүрүү борбору” КФ дагы бар. Бул окуя ушул жылдын 17-декабрында саат 16.00дө factchek.kg сайты “Жөн гана факты: Матраимовдун жубайынын люкс сааттары, бренд сумкалары, кийим-кечектери жана алардын баалары” аталыштагы иликтөөнү чыгаргандан кийин башталган. Аталган чабуулдун кесепетинен, натыйжада Factchek.kg иштей албай калган.

Ошондой эле DDoS чабуулга ошол макаланы жайылткан башка дагы интернет басылмалар да кабылышкан: Kloop.kg, Kaktus.Media, Today.kg, economist.kg, govori.tv, vb.kg, knews.kg, pk.kg. Ошону менен бирге “Медиа өнүктүрүү борбору” КФнын medialaw.kg сайты дагы жабыр тарткан.

“Интернет-саясат боюнча жарандык демилге” коомдук фондусу Кыргызстандагы интернет-ресурстардын DDоS-чабуулга кабылган киберокуяны өз алдынча иликтеп чыгышкан.

Адистердин айтымында, саат 16.00-22.00 аралыгында Factcheck.kg сайтына 200 ГБайттан ашык трафик багытталган. Бул болсо секундусуна 75 МБитке барабар. Чабуулдун эң курчуп турган кезинде ал болжолдуу түрдө секундасы 115 МБитке, же болбосо саатына 20ГБайтка жеткен.

“Белгилүү болгондой көптөгөн өлкөлөрдө DDoS чабуул укук коргоочулар, иликтөөлөрдү жүргүзгөн медиаресурстар менен күрөшүү үчүн колдонулат. Акчасы көп каалаган адам мындай хакердик чабуулду уюштуруу тууралуу “буюртма” бере алат, анын баасы атайы форумдарда саатына 150 АКШ долларга чейин жетет (чабуулдун кубаттуулугуна жана түрүнө жараша). Техникалык адистердин баамында, Кыргызстандын аймагындагы интернет-булактарга каршы уюштурулган DDoS чабуул анчалык деле күчтүү деп саналбайт”, дейт “Интернет-саясат боюнча жарандык демилге” фондусу.

“Түзүлгөн кырдаал тынчсыздандырат жана Кыргызстандагы жеке менчик ЖМКларга карата кысым болуп жатканын көргөзөт. Мындай кырдаалдарда мамлекеттик органдардын сөз эркиндигине карата жарандардын конституциялык укуктарын коргоо боюнча активдүү аракет кылгандын ордуна эч нерсе болбогондой сүр көрсөткөнү өлкөбүз демократиялык принциптерден тайып, өлкөнүн өнүгүүсү токтоп калышы коркунучун жаратат. Белгилей кетүүчү жагдай, Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу жана мамлекет ошонун негизинде эркин, көз карандысыз ар түрдүү пикирлерди камтыган ЖМКлардын жаралышына шарт түзүүсү керек”, – деп айтылат медиа коомчулуктун билдирүүсүндө.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор