Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргызстандын медиа коомчулугу билдирүү кылды

Кыргызстандын медиа коомчулугу билдирүү кылды

Кыргызстандын медиа коомчулугу бийликти паракорчулукка каршы күрөшүү багытындагы кесиптештерибиз тарабынан жүргүзүлгөн акыркы журналисттик иликтөөлөрүндөгү ар бир келтирилген фактыга көңүл буруп, алар боюнча кандайдыр бир чара көрүүгө чакырат.

Журналисттик иликтөө жанры Кыргызстанда керектүү деңгээлге жетип, өнүгүү жолуна түштү. Андыктан жалпы жарандарыбыздын журналисттердин өздөрүнө жана алардын ишмердүүлүгүнө көңүл буруп жана ишеним артып жаткандарын кубаттайбыз. Ошондуктан, жалпы журналисттер коомун журналисттик иликтөөбүздүн түпкү максаты паракорчулукка каршы күрөшүү болгондуктан, өзүбүздүн ишмердүүлүгүзбүздү биримдикте иш алып барууга чакырабыз.

Иликтөөнү өздөштүрүү жана кетирилген кемчиликтер үстүндө иш алып баруу – албетте өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрү. Бирок иликтөө маалындагы, паракорчулукка каршы күрөшүүдөгү жеткиликтүү келтирилген фактыларда маселелер болсо, ал иш аракет өз ара сүйлөшүлүп жана бүтүндөй коомчулуктун ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын назарына салынбастан, ич ара чечилишин суранабыз.

Журналисттик иликтөө – бул журналист жөн гана болуп өткөн окуяны эмес, тескерисинче, өлкөдө олутту көйгөйгө айланган, коомдун көңүлү бурулган орчундуу, бийлик тарапка жакпаган, коомдон жашырууну көздөгөн тартип бузуу фактылары камтылган, мамлекеттик системада кетирилген олутту мыйзам бузууларды, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну, акыйкатсыздыкты чагылдырган жанр болуп эсептелет. Журналисттер иликтөөдө керектүү деңгээлдеги далилдүү фактылардын үстүндө иш алып барып, жалпы коомдун жаркын келечеги үчүн, коомдо кызуу талкууну жарата турган, бийлик өкүлдөрүнө жакпай турган, паракорлук схемалардын бетин ачкан жагдайларды чагылдырууга жан үрөйт. Журналисттик иликтөөгө бел байлаган журналист, албетте, тобокелчиликке барат. Иликтөө маалында ал өзүнүн убактысынан жана ага короткон каражатынан сырткары, анын ден соолугунун коопсуздук маселеси курч турат. Маселен, журналисттин үй бүлө жана жеке керт башынын коопсуздугу олуттуу маселе экенин белгилеп кетмекчибиз.

Мыйзамдын негизинде мамлекет, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен мамлекеттик түзүмдөр катардагы жарандарды маалымат менен камсыздап турууга милдеттүү. Тилекке каршы, биздин өлкөдө мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардан коомдо болуп жаткан көрүнүштөр айырмаланып турат. Маалымат менен материалдарга жетүүдөгү чектөөлөр, моралдык жактан көрсөтүлгөн кысымдар, иликтөөгө өз таасирин тийгизип, иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүнө залакасын тийгизип, каталарды кетирүүгө түрткү болуп жатат. Эгерде маселенин түпкүрүнө келе турган болсок, журналисттин ишмердүулүгүнүн негизги максаты – мамлекеттин ачык-айкын иш алып барышын талап кылуу менен, коомдогу көйгөйлөрдү бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү болуп саналат. Андыктан, бул учурда журналисттер коомчулугу жана журналист иликтөөчү коомдун колдоосуна муктаж. Ошондуктан, кесиптештердин сын-пикири негизги максаттан азгырбастан, бийликтин кыянат жана паракордук байланыштарын ачып көрсөтүү керек. Тескерисинче, мыкты кылып көрсөтүүгө көмөк көрсөтүп, иликтөөгө салым кошуу зарыл. Болбосо мындай кадамдар темадан алыстатуу менен бирге, коомчулуктун назарын башка нукка буруп, журналисттик иликтөөнүн сапатына кедергисин тийгизип, коомдун журналисттик иликтөө жанрына болгон ишенимин жоготуу коркунучу бар. Ал эми бул жанр болсо, биздин өлкөдө эми гана өнүгүү жолуна түшүп, коомдун ишенимине эми гана кирип жаткан кези.

Журналисттин вазыйпасы – маселени көтөрүп, ал эмнеден келип чыккандыгын көрсөтүү. Ал эми андан аркысына мамлекеттик органдар кийлигишип, коомдун кызыгуусун жараткан маселеге көңүл буруп, журналисттик иликтөө канчалык деңгээлде берилгендигине маани берүү болуп саналат.

Бул билдирүү менен биз – кесипкөй журналисттер коомчулугу жана кайдыгер эмес жарандар – башка жарандарыбызга сөз эркиндиги, ошондой эле бийликтин коомдун алдындагы жоопкерчилиги, демократиялык принциптер менен өнүгүп өсүүнү тандаган өлкөнүн негизги фундаменталдуу укугу экенин эске салабыз. Мамлекеттик кызматтагы бийлик өкүлдөрү ээлеп турган кызмат ордуларын, ыйгарым укуктарын жалпы коомдун пайдасы үчүн жана ар бир жаран үчүн кызмат кылууга, элдин ишеними менен келгенин эстен чыгарбоолору зарыл.

Ошондой эле нарктуу, абройлуу жарандар катары кесиптештерибиздин, журналисттердин ишмердүүлүгүн колдоп, биригип, алар жүргүзгөн паракорчулукка каршы журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекет тез арада чара көрүп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүнү талап кылабыз. Себеби, журналисттик иликтөөдө Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген көрүнүштөр фактылар келтирилип көрсөтүлгөн.

КРнын көз карандысыз журналисттер союзу

«Журналисттер» коомдук бирикмеси

«Медиа Полис Институту» КФ

«Медиа өнүктүрүү борбору» КФ

«Интерньюс-Нетуорк» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү

Азамат Тынаев

Марат Токоев

Т.Турсуналиева атындагы медиа мектеп

«Kaktus Media»

«Akchabar.kg»

“Govori TV”

“Elgezit KG”

Аделя Лаишева

Тамара Валиева

Динара Ошурахунова

Гүлшаир Абдирасулова

Авланбек Джумабаев

“24.kg”

“KLOOP.kg”

Жалили Сапаров (“Контент Медиа” КФ Жалал-Абад)

Айсулуу Текимбаева

Адилет Бектурсунов

Аскер Сакыбаева

Миран Киизбаев

Елена Воронина

Бермет Букашева

Эльнура Алканова

Назира Ахмедова

Махинур Ниязова

Динара Аляева

Тынымгүл Эшиева

Салима Джетыбаева

Алтынай Арстанбекова

Гүлзат Газиева

Таалайбек Закиров

Күмөндөр Усупов

Жумагүл Барктабасова

Жеңиш Айдаров

Козубек Иманкулов

Болот Темиров

Лейла Саралаева

“Новые Лица” гезитинин редакциясы

Дмитрий Ложников

“Апрель” телеканалы

Гүлзада Медралиева

Назгүл Калманбетова

Нургүл Шаршембиева

“Журналисттер үйү” коомдук бирикмеси

Гүлшан Жолбунова

Нурипа Муканова

Нургүл Мусалиева

Алмаз Исман

Алма Карсымбек

Джамиля Абдрахманова

Султан Эшенкулов

Нарын Айып

Наргиза Нанакеева

Елена Баялинова

Баян Жумагулова

Бибигүл Булебаева

Акжибек Бейшебаева

Медиакоммуникациялар боюнча республикалык окутуу борбору

Гүлшат Юлдашева

Ислам Розиев

Мирзада Майчинова

Улукбү Амирова (“Салам”, Баткен)

Гүлнара Джурабаева (“Эркин гезит” коомдук бирикмеси)

Гүлшат Ысамаматова

Толкун Наматбаева

Айдана Стамова

Гладис Темирчиева

Абай Ильязов

Мирлан Кийизбаев

Кол чогултуу уланууда

Сүрөт Руслан Валитовдуку

Окшош посттор