Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КТРК «Вечерний Бишкекти» АКШ элчилиги жана оппозиция менен байланыштырды

КТРК «Вечерний Бишкекти» АКШ элчилиги жана оппозиция менен байланыштырды

Кыргызстандын башкы телеканалы «Вечерний Бишкектин» айланасындагы жагдайды АКШнын 150 тонналык дипломатиялык жүгү жана оппозиция менен байланыштырган сюжет көрсөттү. «Вечёрка» ал сюжетти «бир тараптуу» деп атады.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Ала-Тоо» маалымат программасынын сюжети эфирге 20-апрелде чыккан. Анда «Вечерний Бишкектин» негиздөөчүлөрү Александр Ким менен Александр Рябушкиндин ортосундагы басылманын айланасындагы чарбалык талаш-тартыштар сүрөттөлгөн.

Басылманын редакциясы менен анын учурдагы башкы директору Ким президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарын Рябушкин аркылуу медиа-холдингге ээ болуп калууга аракет кылып жатат деп айыптаган.

Апрелдин ортосунда «Вечерний Бишкек» Атамбаевди жагдайды текшерип чыгып, басылманы «рейдерлик басып алууга» күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырган.

Сюжетте КТРКнын журналисти талаш чарбалык маселелерден саясий мүнөзгө өтүп кеткендигин айткан.

«[Президенттин] кеңешчиси Фарид Ниязов дароо эле өз реакциясын билдирди. Ал анын чарбалык талаш экенин, бирок бүгүнкү күндө саясий нукка бурулгандыгы түшүнүктүү болуп калгандыгын айтты», — деген сюжеттин автору Назира Ахмедова.

Бирок андан ары журналист «Вечерний Бишкектин» аймагында токтоп турган делинген АКШ элчилигинин мамлекеттик номурлуу унаасынын сүрөтүн негиз кылып, басылманын айланасындагы жагдайды америкалык дипломаттарга байланыштырган. Ал сүрөттөр «Дизель» интернет-форумунун Akaco аттуу колдонуучусу тарабынан жарыяланган, бирок анда унаанын кайсыл жерде токтоп тургандыгын түшүнүп болбойт.

«Холдингдин айланасындагы талаштын талаасында дагы бир оюнчу — АКШнын элчилиги пайда болду. Американын дипломатиялык миссия өкүлдөрүнүн «Вечерний Бишкектин» кеңсесине баргандыгы коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Кайра эле интернет-сайт элчиликтин унааларын байкаган», — деп айтылган КТРКнын сюжетинде.

«Вечерний Бишкек» элчилик менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) өкүлдөрү басылмага «Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө» арналган маалымат жыйынына келгендиктерин айтып түшүндүрүштү. Анын уюштуруучусу Кыргызстандын Билим берүү министрлиги болгон.

Андан соң Ахмедова көрүүчүлөрдүн көңүлүн АКШнын элчилигине келген 150 тонналык дипломатиялык жүккө байланышкан ушактарга бурган — жүктүн айланасындагы ушактар эч кандай далили жок эле аны «жашыруун жүк» деп атаган «Дело №» гезитине чыккан макаладан кийин пайда болгон.

КТРК ошол эле сюжетке Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду да кошуп кеткен — алар болжолдуу түрдө «Вечерний Бишкектин» кеңсесине барышкан. Бирок бул маалымат дагы «Дизелдеги» анонимдүү билдирүүлөрдөн алынган.

«Кайсыл бир интернет-сайттын маалыматы боюнча, алар (оппозиционерлер) «Вечерний Бишкектин» кеңсесинде болушкан — аларга эмне керек болгондугу жана анда эмне жөнүндө сөз жүргөндүгү сыр бойдон калууда», — деп айткан сюжеттин автору.

«Бир тараптуу маалымат»

«Вечерний Бишкек» сюжетке карата өз реакциясын 21-апрель күнү билдирди — редакция КТРКнын сюжетинин чыгышын «күтүүсүз» жана «өтө оперативдүү» деп атаган.

«Эки сааттан ашык убакытта эле «Ала-Тоо» маалымат программасынын журналисттери «Вечерканын» америкалыктар жана оппозиция менен байланышына басым жасалган сюжет даярдай коюуга үлгүрүшкөн», — деп жазылган «Вечерний Бишкекке» таандык болгон vb.kg жаңылыктар сайтындагы макалада.

«Вечерка» КТРКнын сюжетин — «президенттин администрациясы маалыматтык редакцияга түздөн-түз көрсөтмө берип турган КТР маалыманы кайтып баруу» деп божомолдогон. «Аны сенсациянын артынан түшүп, реалдуулукту бурмалаган журналисттин жеткире аткарбаган иши катары баалоого болот», — деп кошумчалаган басылма.

«Вечерний Бишкек» «Ала-Тоонун» продюсери Жылдыз Жумабековадан интервью алган. Ал маегинде «эфирге жетишүү керек болгондуктан» КТРК «Вечеркадан» түшүндүрмө албагандыгын билдирген.

Басылма сюжетти «бир беткей» деп атап, «Вечерний Бишкек» үчүн болгон күрөштө Кыргызстандын «эки ири медиа-ресурсун кагылыштырууга» аракет кылып жаткандыктарын жазган.

Гезиттин редакциясы эгер «маалыматтык чабуулга» саясатчылардын тобу менен медиа-холдингдин мурунку ээлеринин тиешеси бар экенин элестеткенде «коркунучтуу болуп кетип жатканын» жазган.

«Бул күчтөрдүн бири республикалык телеканалдын атынан сөз эркиндигин өзүнө ылайыкташтырып көтөрүп баштагандыгын элестеткенде коркунучтуу болуп кетүүдө», — деп жазылган vb.kgнин материалында.

Бир жарым ай мурун дайындалган КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков азырынча «Вечерний Бишкектин» макаласына карата эч кандай реакциясын билдире элек.

“Клооп”

Окшош посттор