Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

ЭлТР жетекчиси М.Айтиеваны кызматтан алуу талабы чыкты

ЭлТР жетекчиси М.Айтиеваны кызматтан алуу талабы чыкты

ЭлТР телеканалынынын кесиптик кошууну башкы директордун милдетин аткаруучу Максуда Айтиеванын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Буга байланыштуу кат президент Алмазбек Атамбаевге жолдонгонун аталган телеканалдын коментатору, кесиптик кошуундун мүчөсү Жайнагүл Максимова “Азаттыкка” билдирди. Алар Айтиевага үч талап коюп жатышат. Үч күндүн ичинде талаптар аткарылбаса иш таштоого чейин барышарын билдиришүүдө.

-Айтиева кызматка келгенден бери мурдагы каржы булактар каякка кеткени дайынсыз болууда. Жарнамадан айына 10 млн. сомго жакын акча түшүп турчу. Ал телеканалдын ишин жакшыртууга жумшалчу. Азыр үч айда болгону 2 млн. түшүптүр. Балдардын айлыгы 50 пайызга чейин азайып кеткен, – дейт Максимова.

Президентке жолдонгон кайрылууга 60тай кызматкер кол койгон жана ЭлТРдин берүүлөрүнүн мазмуну начарлап, жеңил-желпи программалар кетип жатканы айтылган. Жалпысынан аталган телеканалда 300гө жакын киши иштейт.

Максуда Айтиева президенттин жарлыгы менен ЭлТР коомдук каналанын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп өткөн жылдын августунда дайындалган. Максуда Айтиева буга чейин Баткендеги көз карандысыз “Салам” радиосун, Оштогу медиа ресурстук борборун жетектеп келген.

Өз кезегинде Айтиева ЭлТРде коррупциялык схема болгон дейт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” ЭлТР телеканалынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Максуда Айтиева өзүн кызматтан кетсин деген талаптарга байланыштуу комментарий берип жатып билдирди. Ал аталган телеканалда реформа жүрүп жатканын, фокус-группалардын сынынан өтпөгөн берүүлөр токтотулганын билдирди. Ошондой эле Айтиева маалымат үчүн акча алып, бирок кассага салбаган коррупциялык схемалар болгонун кошумчалады.

-Бул схеманы токтотуп башкача иштеп баштаганбыз. Бирок эски система менен иштеген адамдардын мындай реакциясы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Реформа жүргөн жерде ушундай көрүнүштөр болот.

Айтиеванын айтымында, 2014-жылы жалпы жарнамадан түшкөн каражат 41 млн. сомду түзгөн. Анын 47% “Жуңгого сапар” берүүсү үчүн келишимдин негизинде Кытай төлөгөн.

Азаттык

Окшош посттор