Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун 10 өлкөдөн 80 чет элдик журналист чагылдырууда

Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарынын ачылышында 120 жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү, Кыргызстанда аккредитациядан өткөн 20 эл аралык ММКлардын өкүлдөрү, ошондой эле дүйнөнүн 10 мамлекетинен 80 чет элдик журналисттер иштеп жатышат.

Белгилүү болгондой, алар: Телеканал BBC (Улуу Британия), Орусиялык телеканалдар “Россия” “Russia Today”, “Моя планета”, “TV-Novosti”, телеканал “ATV”. Ошондой эле, Азербайджандын, Түркиянын, Афганистандын, Германиянын, Казакстандын маалымат агенттиктери иштеп жатышат. Ал эми, I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндары түз эфирде КТРК, ТРК “МИР”, НТС, ТРТ АВАЗ жана облустук телеканалдар аркылуу түз эфирде берилген.

Кошумчалай кетсек, журналисттердин иштеши үчүн ат майданда атайын маалымат-борбор уюштурулган, оргтехникалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган.

“Кабар ордо”

Окшош посттор