Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КТРКнын Башкы директору президенттикке талапкерлерден келип жаткан коркутууларга арызданды

КТРКнын Башкы директору президенттикке талапкерлерден келип жаткан коркутууларга арызданды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнөзү президенттике көрсөтүп жаткан талапкерлерден коркутуулар келип жатканын билдирди. Бирок ал так ысымдарды атаган жок.

Карыпбеков 24.kgге берген маегинде, президенттикке талапкерлер КТРКдан эфирдик убакыт берүүнү талап кылышып жана алардын сунушунан баш тарткан учурларда коркутуулар болуп жатканын билдирди.

Гендиректордун айтымында, шайлоо алдындагы расмий үгүт иштери башталмайын телеканал өлкө башчылыгына талапкерлерди 10-сентябрга чейин жарнамалай албайт.

«Баары тең эфирге чыгууну каалашат. Көпчүлүгү ар кандай жаңылыктарга таянып же абалдан пайдаланып тигил же бул форматта чыгып калгылары келет. Бирок шайлоо алдындагы үгүт иштери башталмайынча биз жарнамалык сюжеттерди чыгара албайбыз. Биз ыктымал талапкерлер же талапкер болуп чыгуу ниетин билдирген адамдар жөнүндө маалыматтарды иргеп чыгарууга аракет кылуудабыз», — деди ал.

Карыпбеков кандай коркутуулар жана алардын артында ким тураарын ачыктаган жок.

«Алар КТРКны канчалык жамандаганы менен, биз колдон келишинче ар тараптуулукту жана редакциянын саясатын карманып, Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде иш алып барабыз», — деди телеканалдын жетекчиси.

Мындан мурда Карыпбеков КТРКнын башчылыгына экинчи мөөнөткө барбай турганын билдирген. Ал телеканалдын башчылыгына 2015-жылы келген. Буга чейин Карыпбеков «Манас» аба майданынын аткаруучу директору жана «Мегаком» байланыш операторунун юристи болуп иштеген.

Кыргызстандын башкы телеканалы бийликтин оюн билдирген бир жактуу жаңылыктардан улам укук коргоочулар жана депутаттар тарабынан сынга алынып келген.

Апрель айынын башында КТРКнын байкоочу кеңеши парламентте телеканалдын ишмердүүлүгү боюнча отчет берген. Айрым депутаттар телеканалдын жетекчилигин оппозицига эфирдик убакыт бербегени үчүн сынга алышкан.

Бирок КТРКнын башчысы сынды жүйөөсүз деп тапкан. Ал парламент телеканалды байма-бай сындаганы менен бирок жеке өзүнө бир дагы документ менен тиркелген доомат келбегенин билдирген.

Kloop.kg”,
http://ky.kloop.asia/2017/07/10/ktrknyn-bashky-direktoru-prezidenttikke-talapkerlerden-kelip-zhatkan-korkutuularga-aryzdandy/

Окшош посттор