Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

ЖМКлардын үстүнөн даттануларды териштирген комиссия депутат Искендер Матраимовдун “Азаттыкка” карата берген даттануусун кароодон баш тартты

ЖМКлардын үстүнөн даттануларды териштирген комиссия депутат Искендер Матраимовдун “Азаттыкка” карата берген даттануусун кароодон баш тартты

ЖМКлардын үстүнөн даттанууларды териштирген комиссия өзүнүн 11-декабрда өткөн жыйынында Искендер Матримовдун (мурдагы бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райым Матраимовдун агасы, паракорчулукка каршы жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөлөрдүн каармандардын бири) “Азаттыкка” карата даттануусун кароодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Эскерте кетсек, депутат комиссияга 2019-жылдын 3-октябрында кайрылган. Өзүнүн даттануусунда эл өкүлү төмөнкүлөрдү өтүнгөн:

  1. Матраимовдордун үй бүлөсүнө жакын адамдын телефону аркылуу Ыдырыс Исаков менен сүйлөшүүдөгү аудиожаздырууну чын-төгүнүн аныктоодо көмөктөшүүнү;
  2. Көз карандысыз ЖМКнын штаттагы кызматкери бейформал баарлашууга бараар-барбасын түшүндүрүп берүүнү;
  3. “Азаттык” радиосунун позициясына жана сөз эркиндигине колдоо көрсөтүү максатында, жарык көргөн сегиз жаңылык иретиндеги макалаларга, ошондой эле “Медиа өнүктүрүү борборунун, вице-спикер Аида Касмаилеванын, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин жана Абдывахап Нурбаевдин, “Үмүт-2020” кыймылынын, ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Арлем Дезирдин, Human Rights Watch жана “Журналисттер” КБнын пикирлерин эске алуу менен аларга баа берүүнү.

“Даттануучу айрым комиссия мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөөнү билдирген. Өзгөчө Динара Ошурахуновага, себеби, ал башта даттануучулар жөнүндө жарык көргөн макалаларга, өзүнүн пикирин билдиргендиги үчүн даттанууну карап, баа берүүдө адилеттүүлүк болбой калат деген өңүттө”, – деп билдирет ЖМКлардын үстүнөн даттанууларды териштирген комиссия.

Ошону менен бирге тараптардын кызыкчылыгы болбосун деп, комиссиянын мүчөсү жана “Азаттык” радиосунун кызматкери Санжар Эралиев бул даттанууну кароодон өз эрки менен четтетилген.

Даттануучунун дооматтарын иликтеп чыгып, комиссия мүчөлөрү төмөндөгүдөй тыянакка келишти: Матраимовдордун даттануусу кароого жатпайт, себеби даттануучу эмнелерге (жарыяланган макаладагы сөздөр, сүйлөм фраза ж.б.) нааразы экенин так кесе билдирген эмес. Буга чейин комиссия жыйынга катышкан И. Матраимов менен анын өкүлүнөн ЖМКларда жарыяланган макалаларда кайсыл маалымат даттануучунун кадыр-баркына шек келтирип жаткандыгын так аныктап, даттанууну кайра жаңыртып берүүнү өтүнгөн.

Комиссиянын мына ушундай тыянагынан кийин И. Матраимовдон 2019-жылдын 21-октябрында дагы бир жолу даттануу келип түшкөн. Аны дагы комиссия карап чыгып, даттануучунун кадыр-баркына шек келтирген так маалыматты көрө албагандыгын аныктап, бул даттанууну кароого мүмкүн эмес экендигин билдирген.

Ошону менен бирге комиссия, алардын милдетине кимдир бирөөлөрдүн сүйлөшүүлөрү камтылган аудиожаздыруунун чын-төгүн аныктоо кирбестигин баса белгилейт.

“Комиссия кимдир бирөөлөрдүн жеке мүнөздөгү иш-аракеттерине баа бере албайт. Анан да даттануучу өз арызында алдын ала комиссиянын калыстыгына ишенбей тургандыгын билдиргенине байланыштуу бул даттанууну кароо мүмкүн эмес”, – деп билдирет комиссия.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Окшош посттор