Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Бишкек шаарынын коменданты ЖМКларды аккредитациялоодон баш тартты. Медиа коомчулугу өлкө башчысына кайрылууга аргасыз болду

Бишкек шаарынын коменданты ЖМКларды аккредитациялоодон баш тартты. Медиа коомчулугу өлкө башчысына кайрылууга аргасыз болду

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 30-мартта өзгөчө абал маалында шаар ичинде жүрүүгө кепилдик боло турган аккредитация журналисттерге берилбейт тургандыгын билдирди.

Бул чечимди ал журналисттердин саламаттыгынын коопсуздугуна кам көрүү менен кабыл алганын кабарлады. Ага чейин 25-мартта А. Орозалиев: “Журналисттерге аккредитация берилет, анткени алар көп болуп, топтолуп иштешпейт, ошондуктан аларга кооптонуунун кажети жок”, – деп белгилеген болчу.

Мыйзам бардыгы үчүн бирдей болуш керек, ошол эле ЖМК өкүлдөрү үчүн дагы. Бардыгы маалымат менен толук кандуу камсыздалышы үчүн жана аларга шарт түзүү максатында брифинг жана пресс-конференциялар күнүнө түз обого чыгып турмакчы. Ошого жараша каалоочулар Вотсап аркылуу кызыктырган маалыматтарды алып тура аласыңар”, – деп билдирди Бишкектин коменданты.

“Медиа Полиси Институтунун” юристи Бишкектин комендантынын бул аракети конституциянын нормаларына каршы келет деп билдирет.

“Өзгөчө абал” тууралу мыйзамда жергиликтүү комендант өз алдынча журналисттер менен болгон ишмердүүлүктү жөнгө салуу менен бирге журналисттерди акредитациядан өткөрүү жагын колго алат.

Бул формулировкада коменданттын укугу тууралуу гана сөз болбостон анын журналисттерди аккредитациядан өткөрүү тартибин киригизүү милдети тууралуу да айтылат, анткени “Өзгөчө абал” тууралу Конституциялык мыйзамда журналисттерди аккредитациядан өткөрбөө жолу келтирилбейт. Андыктан, Бишкек шаардык комендантынын журналисттерди аккредитациядан өткөрбөйм дегени мыйзамга туура келбейт”, – деп билдирди медиаюрист.

Мындан сырткары Кыргызстандын медиа коомчулугу Президенттин дарегине, Өкмөт жана КР ЖКга билдирүү жөнөтүштү.

Журналисттер ишмердүүлүгүн жүргүзүү маалында аларга шарт түзүлбөстөн, тескеринче, чектөөлөр дагы кирип калып жатканын белгилешкен. Журналисттер басма сөз катчыларына же болбосо, чечим кабыл ала турган тийиштуу адамга кайрылып, керектүү суроолорго керектүү жооп ала албай жатышканын белгилешкен. Кызыктырган суроолор берилчү маалымат жыйындардын ордуна суроо берилбеген брифингдер өтө баштады. Албетте бул учурда коомчулук бир тараптуу гана маалымат ала баштайт. Бул болсо, мамлекет менен республикалык штабга керектүү жагдай.

Аны менен катар комендатура журналисттерди аккредитациядан өткөрбөөнү ниет кылып жатат.

“Мамлекет, журналисттердин кесипкөй ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпастан, алардын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн чектебестен, коомчулукту кызыктырган жана жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоого багытталган маалыматтарга жетип, аны жайылтууга мыйзам жол берген мүмкүнчүлүккө жараша шарт түзүп, кепилдик берүүсү шарт. Эскерте кетсек, коомчулук өкмөткө ишеним көрсөтүп, ошого жараша чечим кабыл алыш үчүн өкмөт дагы өз кезегенде ачык-айкын, жоопкерчилик менен иш алып баруулары зарыл. Бул каалоолорду ишке ашыруу үчүн өзгөчө абал маалында өлкөдө ЖМКларды жеткиликтүү деңгээлде маалымат менен камсыздоо зарыл. Ошондо журналисттер коомго коронавирус пандемиясы жөнүндө туура, так жана көп кырдуу маалыматтарды бере алат”, – дейт медиа коомчулугу.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй обл. жана Бишкек шаары оюнча өкүлү

Окшош посттор