Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Аида Касымалиева парламентти Атамбаевдин ишин аягына чыгарууга чакырды

Аида Касымалиева парламентти Атамбаевдин ишин аягына чыгарууга чакырды

Жалил Атамбаевге байланыштуу териштирүү аягына чыгышы керек. Мындай пикирин бүгүн 8-майда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева билдирди.

Ал Оштогу ишкер Жалил Атамбаевдин журналист Ыдырыс Исаковго берген 50 млн. сомдук доо арызын кайтарып алганы бул ишке чекит койгон жок деп билдирди:

“Ишкердин доо арызын кайтарып алганы – коррупция менен күрөшүүдөгү жеңиш эмес. Журналисттин иликтөөсүндө айтылгандай, ишкер канча салыгын жашырып калган, биз мына ушуну көзөмөлдөшүбүз керек. Биз журналисттерди эле айыптабай, өзүбүз да иликтөө менен ушак, бир жактуу каралоонун айырмасын билишибиз зарыл. Сөз эркиндигидемократиянын өзөгү. Ыдырыс Исаков өзүнүн иликтөөсүндө эч кимди бир жактуу жамандабай туруп, ачык маалыматтардан, мамлекеттик кызматтардын сайттарында ачык турган маалыматтар аркылуу бизге ишкерлер мамлекетке төлөбөй келе жаткан салыктарын көрсөтүп берди. Парламент ушул ишти жана башка кирешесин салыктан жашырган ишкерлерди толук көзөмөлдөшү керек”.

17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн.

Көп өтпөй, 7-май күнү ишкер журналистке берген доо арызын кайтарып алганын анын жактоочусу “Азаттыкка” билдирген. Бирок коомчулук ишкер салыкты да төгүп берүүсүн талап кылууда.

“Азаттык”

Окшош посттор