Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Медиа Полиси Институту журналисттердин Өзгөчө абал учурундагы жоопкерчилиги, маалыматка жетүүсү жана ишмердүүлүгүндөгү чектөөлөр тууралуу

Медиа Полиси Институту журналисттердин Өзгөчө абал учурундагы жоопкерчилиги, маалыматка жетүүсү жана ишмердүүлүгүндөгү чектөөлөр тууралуу

1. Өзгөчө абал учурунда чындыкка жатпаган маалыматты таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик

КР Жазык Кодексинин, КР “Жоруктар жөнүндө Кодексинин”, КР “Бузуулар жөнүндө Кодексинин” беренелери каралды. Өзгөчө абал учурунда чындыкка жатпаган маалыматтарды таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик эч биринде кезикпейт. Өзгөчө абал учурунда чындыкка жатпаган маалыматты таркаткандыгы үчүн жалпыга маалымдоо каражаты КР Жазык Кодексинин 344-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деген маалыматтар ЖМКларда таркатылып жатат. Бул беренеде кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасагандыгы үчүн жоопкерчилик каралган. Бирок, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2015-жылдын 14-январында чыгарган чечими боюнча “Кылмыш жасалгандыгы тууралуу ЖМКлардын билдирүүлөрү кылмыш ишин ачканга себепчи болуу менен сотко чейинки жана соттук иштерди алып барууга көмөктөшөт, бирок мындай билдирүүлөрдүн чындыкка жатпашы жалган билдирүү деп бааланбашы керек жана анда КР Жазык Кодексинин “Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо” 329-беренесинде (Жазык Кодексинин мурдагы редакциясы, азыркы 344-берене) каралган кылмыштын белгилери жок[1]”.

Ошону менен катар, КР Жазык Кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (“Массалык баш аламандыктар”), бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар үчүн жоопкерчилик каралган. Бул кылмышты жасаган жашы жетелектер 2.6 жылдан 4 жылга чейин, ал эми башкалар 5 жылдан 7.6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар көпчүлүккө (адамдардын тобуна) ачык кайрылууну, алардын аң сезимине жана эркине таасир этүүнү шарттайт.[2]

Эгер таркатылып жаткан чындыкка жатпаган маалыматта бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө чакырыктар бар болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн берене боюнча жоопкерчилик каралышы мүмкүн. Демек, таркатылып жаткан маалыматта бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө, бийликти күч менен басып алууга чакырыктар, кастыкты (диний, региондор ортосундагы ж.б.д.у.с.) козутуулар ж.б. бар болсо КР Жазык Кодексинин 264, 310, 313- жана башка беренелери боюнча жоопкерчиликке тартылышы ыктымал.

[1] “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарынын ассоциациясы” юридикалык тараптардын бирикмесинин 14.01.2015-ж. кайрылуусу боюнча 2014-жылдын 17-майындагы №68 КР “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын Конституцияга туура келишин текшерүү тууралуу чечим. http://constpalata.kg/wp-content/uploads/2015/01/Umetalieva-NPO-NKO-111.pdf

[2] КР Жазык Кодексине комментарий, авторлору Т.А. Асаналиев, А.Ж.Керимбеков, К.М. Осмоналиев. «Токтом» маалыматтык-укуктук системасы.

310-берене. Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар

1. Бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар, –

жашы жетелектер – 100дөн 200 саатка чейин, башка физикалык тараптар – 280ден 360 саатка чейин коомдук иштерге, же

3 жылдан 4 жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же

3 жылдан 4 жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же жашы жетелектер – 80 000ден 100 000 сомго чейин, башка физикалык тараптар – 180 000ден 220 000 сомго чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен;

2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, –

жашы жетелектер – 9 айдан 1 жылга чейин, башка физикалык тараптар – 2 жыл 6 айдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же

жашы жетелектер – 100 000ден 120 000 сомго чейин, башка физикалык тараптар – 220 000ден 260 000 сомго чейин айып салууга, же

жашы жетелектер – 1 жыл 6 айга чейин, башка физикалык тараптар – 2 жыл 6 айга чейин  эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

 

313-берене. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу

1. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса, –

жашы жетелектер – 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, башка физикалык тараптар – 5 жылдан 7 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;

2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, –

жашы жетелектер – 4 жылдан 6 жылга чейин, башка физикалык тараптар – 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин  эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эгер комендаттык саат учурунда ички иштер органдарынын кызматкери документтерди сураганда анын талабы аткарылбаса, бул талапты аткарбаган тарап төмонкү норма боюнча жоопкерчиликке тартышылыш мүмкүн. КР “Бузуулар жөнүндө Кодексинин” 82-беренеси боюнча, коомдук тартипти сактоо милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбестик байкалса – бул айып пул салууга алып келет (жеке тарап үчүн 3000 сом өлчөмүндө, юридикалык тарап үчүн 13 000 сом өлчөмүндө).

2. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын маалыматка жетүүсү

“Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамдын 9- жана 10-беренелеринде берүүгө жана жайылтууга болбой турган маалыматтардын тизмеги берилген. Анда  өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда маалыматты бербөө жагдайы каралган эмес.

Аталган мыйзамдын 3-беренесинин 3-абзацында маалыматка жетүүгө жана жайылтууга чектөөлөр мыйзам түрүндө гана каралары белгиленген.

Ошону менен катар, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” мыйзамда, “Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык мыйзамда, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын маалыматка жетүү укуктары чектелбейт.

3. Өзгөчө абал учурунда журналисттер үчүн чектөөлөр

“Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 14-пунктуна ылайык: эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн абалды курчутууга пайдаланылса, анда төмөнкү өзгөчө чаралар көрүлүшү мүмкүн:

– көбөйтүүчү техниканы, ошондой эле радио жана теле берүүчү аппаратураны, аудио – жана видео техниканы пайдаланууну чектөө же тыюу салуу;

– үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды алып коюу;

– массалык маалымат каражаттарына көзөмөл киргизүү.

Аталган учурда ыйгарым укук берилген адамдар үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды гана алып коюушу мүмкүн. Ал эми видеокамераны, диктофонду, мобилдик телефонду алып коюу мыйзамда каралган эмес. Ошол эле кезде мындай чараларды мамлекеттик бийликтин органдары гана колдоно алышат. Бул чаралар “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдын 49- жана 50-беренелерине ылайык тийиштүү чечим менен (ыйгарым укуктуу органдын административдик актысы) катталышы керек.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына көзөмөл киргизүү маселеси өзүнчө сөзгө татыктуу. Мыйзамда көзөмөлдүн көлөмү жана чеги көрсөтүлгөн эмес. Мыйзамда ЖМКга көзөмөл киргизүүнүн бир гана шарты каралган – эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн абалды курчутууга пайдаланышы мүмкүн болсо. Кайсы бир ЖМК түзүлгөн абалды курчутушу мүмкүн деген божомолдун өзү көзөмөл киргизүүгө негиз боло албайт. ЖМК өз ишмердүүлүгүн түзүлгөн абалды курчутууга колдоно тургандыгын тастыктаган далилдер жана фактылар болушу керек. Мисалы, жарандардын өмүрүнө жана (же) ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирүү коркунучун, коомдук тартипти жана (же) коомдук коопсуздукту бузуу коркунучун жараткан, коомдук маанидеги маселелер боюнча чындык маалымат катары чындыкка жатпаган маалыматтар бир нече жолу таркатылган болсо – бул чара көрүүгө негиз боло алат.

КР Конституциясынын 20-беренеси боюнча, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр Конституцияда көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Көзөмөл киргизүүнүн чектери мыйзамда көрсөтүлбөгөн учурда жергиликтүү комендантка ЖМКларга көзөмөл киргизүүгө укук берүү – Конституцияда каралган өлчөмдөш принциптерин сактоо талаптарына туура келбейт жана да ой-пикирге, сөз эркиндигине конституциялык укукту чектейт.

Кезектеги чектөө байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин (“Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 22-беренеси 15-пункту) сактоого байланыштуу. Бул эрежелерди жергиликтүү Комендант бекитиши керек. Бул эрежелер элге жеткиликтүү жерлерге илинип, ЖМКларда жарыяланышы абзел. Бул эрежелерде укук коргоо органдарынын административдик имараттарында (УКМК, комендатура ж.б.) байланыш түзүмдөрүн колдонууга, ыйгарым укуктуу адамдардын уруксатысыз айрым жерлерди мобилдик телефонго сүрөткө же видеого тартууга, ж.б. тыюу салган талаптар болушу мүмкүн.

Эскерте кете турган жагдай, жергиликтүү Комендант Өзгөчө абал киргизилген жерлерде журналисттерди аккредитациялоонун өзгөчө тартибин жана алардын иштөө тартибин дагы аныктайт (“Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 17-беренеси 9-пункту). Мыйзамда өзгөчө абал учурунда журналисттерди аккредитациялоонун критерийлери (шарттары) каралган эмес. Биздин пикир боюнча, буга байланыштуу Комендант аккредитациянын тартиби тууралуу документти Конституциянын нормаларын, мыйзамдарды жана эл аралык укукту эске алуу менен кабыл алышы керек.

Журналисттер өзгөчө абал учурунда:

– жарандардын кирип чыгуусунун өзгөчө режимин сактаганга;

– тыюу салынган учурда белгиленген мөөнөткө чейин тийиштүү жерден, батиринен (үйүнөн) чыкпаганга;

– жыйындарга, митингдерге, көчө жүрүштөрүнө, демонстрацияларга жана пикеттерге, ошондой эле оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларга катышпаганга;

– комендаттык сааттын талаптарын аткарганга;

– иш таштоону жүргүзбөгөнгө милдеттүү.

Окшош посттор