Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Азия Ньюс” гезити КР ИИМ башчысына моралдык чыгым катары 300 миң сом төлөп берүүсү керек

“Азия Ньюс” гезити КР ИИМ башчысына моралдык чыгым катары 300 миң сом төлөп берүүсү керек

Бишкек шаардык соту мындай чечимди 26-февралда чыгарды. Бул тууралуу кабарды социалдык тармактарда жарандык активист Адиль Турдукулов билдирди.

“Бул дагы болсо шайлоо алдындагы саясий чөйрөөнү тазалоо болуп саналат. Гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев шаардык соттун чечими менен макул эмес. Андыктан, Жогорку сотко кайрылышат”, – деп белгилеген А. Турдукулов.

Эскерте кетсек, Кашкар Джунушалиев 2019-жылдын чын-куран айынын 25-апрелде жана 16-майда жарык көргөн макалалар үчүн “Азия Ньюс” гезитин сотко берген. Гезиттин апрель айындагы санында министрдин башын келемештин тулку боюна жармаштырылып, “Кашкар крыса?” деп аталган.

Ал эми 16-майда “Генерал Абдыкадыровдун кадрларын колдоп жаткан Жунушалиев отставкага кетсин!”, – деп аталган макала жарык көргөн. Макалада ички иштер министринин ишмердүүлүгүнө сын айтылган.

Соттук териштирүүлөрдүн башында ИИМ башчысы гезиттен 5 млн сом талап кылган. 2019-жылы декабрда өткөн соттук отурумда Октябрь райондук соту К.Жунушалиевдин доо арызын канаттандырып, гезитти 1 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Белгилей кетсек, бул “Азия Ньюс” гезитине карата берилген биринчи доо арыз эмес. Өкмөттүн мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков дагы аталган редакция менен соттошкон. Ал өз кезегинде Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар деп деген имишти чагылдыргандыгы үчүн басылманы сотко берип, 10 млн сом өндүрүүнү талап кылган. 2019-жылдын ноябрында сот анын доо арызын канаттандырып, гезитти 1 млн сом доого жыккан.

“Азия Ньюс” ошондой эле ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаевге дагы соттон уттуруп жиберген. Сот ЖМКны 15 миң сом айыпка жыккан.

Ошону менен катары басылманын жетекчиси Асланбек Сартбаев ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш иш боюнча дагы суракка чакырылган. “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору ал жерде күбө катары суралууда.

Азамат Касыбеков,
«Журналист
тер” КБнын Бишкек шаарын жана Чүй областы боюнча өкүлү

Окшош посттор