Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Апрель” телеканалы боюнча соттук отурумга доогер, мурдагы акыйкатчы өзү келген жок

“Апрель” телеканалы боюнча соттук отурумга доогер, мурдагы акыйкатчы өзү келген жок

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Апрель” телеканалы боюнча өзүнүн доо арызы каралган Октябрь райондук соттук отурумга келген жок. Ал аты аталган ЖМК менен ошол телеканалда эмгектенген журналист Канат Каниметовдон моралдык чыгым катары 600 миң сом талап кылган.

Телеканалдын дарегине жөнөтүлгөн чакыруу баракчасын Бишкек шаардык Октябрь райондук соту жолдогон. Бирок 2019 жылдын 16-июлунда өткөн алгачкы сот отурумуна мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана анын өкүлү катышкан жок. Доо арызды карап жаткан сот телеканалдын юристтерине өз нааразычылыктарын кагаз жүзүндө тапшырууну өтүндү. Келерки сот отуруму 6-августка жылдырылды.

Мурдагы акыйкатчынын айтымында, “Апрель” телеканалы жана анда эмгектенген атайын кабарчысы Канат Каниметов анын кадыр-баркына, ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирген. Ага 2019-жылдын 6-майында аталган каналдын жаңылыктар берүүсүндөгү Азиз Батукаевдин карындашы Хава Хамидованын интервьюсу себеп болгон. Ал интервью 2014-жылы “Московский Комсомолец” гезитине Улукбек Бабакуловдун макаласы катары басылган. Басылманын билдирүүсүндө Хава Хамидова өз сөзүндө анын жолдошу Турсунбек Акунга 100 миң америка долларын Батукаевдин боштондукка чыгышына көмөктөшкөндүгү үчүн берген.

Турсунбек Акун бул маалыматты төгүндөөдөн сырткары “Апрель” телеканалынан өз пайдасына 500 миң сом, ал эми журналист Канат Каниметовдон 100 миң сом моралдык чыгым катары өндүрүүнү талап кылган.

“Апрель” телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложниковдун айтымында, журналисттер өз укуктарын коргоо үчүн колдон келишинче аракет кылышмакчы.

Эскерте кетсек, Турсубек Акун “Журналисттер” КБга: “Апрель” телеканалы менен соттошууну улантам. Бирок, эгерде телеканал расмий түрдө берилген маалыматты төгүндөсө, анда мен ошол замат доо арызды кайтарып алам”, – деп билдирген.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор