Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкты” сындап чыкты

Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкты” сындап чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу “Азаттык” радиосуна карата чара көрүү керектигин айтып чыкты. Ал радионун Коомдук телеканалдын эфиринен чыгып жатып, бийликти жамандаганы туура эместигин жана бул үчүн “Азаттыктын” Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Каназаровду тартипке салуу керектигин айтты.

Депутат соңку кездери парламенттин иши боюнча бардык маалыматтар ачыкка чыгып, сыр деле калбай калганына тынчсыздануусун билдирди.

Жакында “Азаттыктын” “Саясатташкан сауналар” аттуу атайын иликтөөсүндө Турсунбай Бакир уулунун карындашы Макбурат Эргешованын мейманканалар комплекси туурасында сөз болгон. Анда жергиликтүү тургундар аталган жай мейманкана эмес эле, сойкукана катары иштеп жатканын айтышкан.

Буга чейин “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Жогорку Кеңеш депутаттарына мамлекеттен бөлүнгөн каражат тууралуу атайын иликтөө чыгарган соң, 26-февралдагы парламент жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков коопсуздук жана билим берүү маселелери боюнча комитеттери өлкөдөгү маалымат коопсуздугуна байланышкан маселени карашы керектигин айтып чыккан эле.

«Азаттык», 02.04.2015-ж.

Окшош посттор