Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Баткен журналисттеринин колу кыскарды

Баткен журналисттеринин колу кыскарды

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Баткен областында да өзгөчө кырдаал жарыяланып, 4 негизги жана 23 ички карантиндик посттор орнотулган. Бул посттордон атайын уруксат кагазсыз өтүү мүмкүн эмес. Мындайда журналисттердин маалыматка жетүүсү да кыйындашып, жашаган гана аймакта калууга аргасыз болушууда. Көпчүлүк ЖМКлар үйдөн иштөөгө өтүшкөн.

Коопсуздук чаралары күчөтүлөөр замат журналисттер бийлик бутактарындагы маалымат катчыларынын гана  чыгарган кыска маалыматтарын күтүүгө аргасыз болууда. Мындайда коомчулукка өз убагында жана кечиктирилгис кабарларды жеткирүү кыйынчылык жаратат. Аймактагы эркин журналист Жеңиш Айдаров маалымат катчыларды азыркы кырдаалга шылтоолоп, коронавирус боюнча же башка маалыматтарды да өз билемдикке салып, жашырганын жашырып, каалагандай таратууга өтүштү дейт.

“Акыркы учурда айрыкча аймактарда расмий булактардан маалымат алуу бир топ оор болуп калды. Бул учурда коомчулук расмий маалыматтарга муктаж болуп турганына карабай областтык мекеме-ишканалар “жогору жактан бизге тыюу салынган” деп маалыматтарды бербей жатышат. Ошол эле учурда тандалма жол аркылуу айрым массалык маалымат каражаттарына берилип жатат”, – дейт Ж.Айдаров билдирди.

Баткен мультимедиалык медиа борбордун кабарчысы Арзыгүл Галымбетова кырдаалга байланыштуу маалымат таратууга болгон көзөмөл да күч алганын айтат. Өкмөттүн, же кайсы бир кызматтын басма сөз кызматтары тарабынан даярдалган маалыматтар (пресс релиздер) гана эфир аркылуу чагылдырылып жатат дейт.

“Биз мамлекеттик канал болгондугубуздан көп маалыматтар жаап-жашырылган учурлар болуп атат. Тексттерди обладминистрация “өзүбүз жазып беребиз, ошону чыгаргыла” дегендер болуп атат”, – деп бөлүштү А.Галымбетова.

Өкмөттүн Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулованын айтымында, өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу журналисттердин ишмердүүлүгүндө да кайсы бир деңгээлде чектөө болгонун айтты. Область аймагында карантиндик посттордон өтүүсү үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн атайын уруксаат кагазы талап кылынат.

“Журналисттер расмий маалыматтарды онлайн брифингдер аркылуу алышат. Мындан сырткары ыйгарым укуктуу өкүлдөн же тиешелүү жетекчилерден интервью керек болсо, бир гана массалык маалымат каражатынын өкүлүнө интервью берилет. Ошол аркылуу башка журналисттер көчүрүп алышса болот”, – дейт Ч.Бердикулова.

Жалпысынан алганда, жергиликтүү ЖМКлар маалымат катчылардын маалыматтары чектелип жатышат. Айрымдары жазгы талаа жумуштары, үшүк алуу боюнча да материалдарды даярдашууда. Бирок маалыматтардын басымдуусу коронавируска байланыштуу.

Учурда Баткен областында ЭлТР, “Азаттык радиосу”, “Ала-Тоо 24”, Баткен мультимедиалык медиа борбору жана “АКИпресс” агенттиги менен “7-каналдын” кабарчылары иштеп жатышат. Калган ЖМКлар кырдаалга байланыштуу үйүндө иштөөгө өтүшкөн.

Нургазы Жайнаков,
“Журналисттер” КБнын Баткен областындагы өкүлү

Окшош посттор