Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Баткен: Чек арада маалымат алуу оорлоду

Баткен: Чек арада маалымат алуу оорлоду

Баткен областынын чек аралаш аймактарында чыр-чатактары көп катталып, аны чагылдыруу өзгөчө мамилени талап кылып калды. Айрыкча Тажикстан менен болгон чек ара тилкелери такталбагандыктан, эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда пикир келишпестиктер, ошол эле учурда аскер кызматкерлеринин ортосунда куралдуу кагылышуулар да чыгып турат. Чек ара окуяларында журналисттер коомчулукка өз учурунда жана так маалымат жеткирүүгө аракет кылышат. Бирок расмий такталган маалымат алуу оорчулугунан улам убакыт өткөн сайын коомдук тармактар аркылуу чагымчыл маанайдагы чакырыктар, маалыматтар тарап кетүүдө.

Чек арадагы маселелерге байланыштуу айрыкча көйгөйлүү маалыматтарды ачыкка чыгарууга тиешелүү расмий тараптар кызыкдар эмес. Журналисттер чек ара кызматынан, ички иштер башкармалыгынан расмий маалымат алуу үчүн борбордогу министрликтерден уруксат алышы керек. Мындайда маалымат берүү кечиктирилет. Ал эми жергиликтүү бийлик чек ара окуяларынын чыныгы себептерин жашырууга, же болбосо бурмалоого аракет кылышат.

“Регион” телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов маалыматка жетүүдө көптөгөн тоскоолдуктарга туш болгонун айтат. Окуянын күбөлөрү да камерага сүйлөп берүүгө каршы болушканын билдирди. Эфирге чыккандан кийин укук коргоо кызматтары сүйлөгөн адамды ар кандай кысымчылыкка алып, коркутуулар себеп болгону менен түшүндүрдү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да маалыматты жаап-жашырып, өздөрүнө сөз тийип калуудан коркушат. Себеби, чек арадагы окуяларга өз убагында социалдык маселелердин чечилбегендиги себеп болот дейт.

“Биз окуя болгон жерге барып, элдер менен жолукканыбызда алар окуя тууралуу да мен ынангыдай айтып бере алышпады. Камерага тартпай өзүнчө сүйлөшүп турсаң баарын төкпөй-чачпай айтышат. Жаздырып алайын десең эле качышат. Себеби, бийлик өкүлдөрү аларды журналисттерге сүйлөбөгүлө, бийлик үчүн ыңгайсыз малыматарды, көйгөйлөрдү айтпагыла, таратпагыла деген таризде эскертип кетишиптир”, – деди Ө.Рахманов.

Чек арадагы окуялардын коомчулукка таркалуусуна, анын андан ары өнүгүүсүнө акыркы учурда коомдук тармактардын да орду өзгөчө болуп баштады. Кээде терс, кээде оң натыйжасы менен. Маалыматтарды жашырууга аракет болгон учурда коомдук тармактар аркылуу коомго жеткирилип жатат. Жергиликтүү активист Базарбай Масейитов чек ара окуялары боюнча алгачкы маалыматтар менен көпчүлүк учурда коомдук тармактардан таанышаарын билдирди. Анткени, ЖМКлардан ыкчам жана расмий маалымат алууга мүмкүн эместигин айтат. Бул, өз учурунда, чек ара чырларынын андан ары ырбап кетүүсүнө шарт түзүп калуусу мүмкүн. Андыктан, жергиликтүү бийлик мындай окуялардын алдын алуу боюнча кечиктирбестен так жана такталган маалыматты элге жеткирүү керек дейт.

“Жергиликтүү бийлик тез жана так маалыматтарды бериши керек. Азыр мурдагыдай заман эмес. Коомдук тармактарда жалган маалыматтар кетип атат.Мамлекеттик органдар чек ара окуяларынын алдын алуусу үчүн аткарып жаткан иштери боюнча телеберүүдөн болобу, радиодонбу, сайттарданбы оперативдүү жана жеткиликтүү кылып бериши керек”, – деген пикирин билдирет Б.Масейитов.

Чек арадагы окуяларды чагылдырууда журналисттер да өз жоопкерчилигин сезүүсү керек. Окуяларды берүүдө расмий тараптардын бирдиктүү маалыматын алып, эки өлкөнүн мамилесине доо кетпегидей болуусу керек дейт Баткен медиа борборунун директору Алим Токторов. Анткени, эки тараптуу жолугушууларда алдын ала жарыялоого ылайыксыз маалыматтар да болуп калуусу мүмкүн. Ошондуктан, кайсы бир деңгээлде маалыматтар көзөмөлдөнгөнү да чырлуу окуялардын оң тарапка чечилүүсүнө шарт түзөөрүн билдирди.

“Чек ара окуяларын оперативдүү беришибиз керек. Бирок расмий тараптар менен макулдашып, тактап алуу да ашыкчалык кылбайт. Себеби, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө айрым маалыматтардын жашыруун болгону да жакшы. Бүгүн болбосо келечекте өз жемишин берет. Жергиликтүү тургундардын ой-пикирлерин да нейтралдуу кылып жарыялаганыбыз жакшы”, – дейт А.Токторов.

Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында эки жолу курал колдонулган окуя катталды. Ар биринде журналисттер расмий маалымат алууда тоскоолдуктарга кабылгандарын билдиришет. Бирок өз укугун коргоп, билдирүүлөр менен чыгышпайт.

Нургазы Жайнаков,
“Журналисттер” КБнын Баткен областы боюнча өкүлү

Окшош посттор