Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Азаттык” соттон Райымбек Матраимовдун доо арызы боюнча чакыруу баракчасына ала элек

“Азаттык” соттон Райымбек Матраимовдун доо арызы боюнча чакыруу баракчасына ала элек

“Азаттык Медианын” юристтери мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарынын доо арызын карап чыгууга даяр. Бул тууралуу маалыматты “Журналисттер” КБга аталган ЖМКнын жетекчиси Айзада Касмалиева маалымадады. Анын айтымында, Райымбек Матраимов “Азаттык Медианы” сотко берүүгө камынып жатканын билишкен.

Эскерте кетсек, мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКдагы сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бажыдагы паракорчулук боюнча иликтөө жүргүзгөн “Азаттык Медиа” журналисттерин сотко берээрин кабарлаган.

Биринчиден, бардыгы жалган жалаа. Экинчиден, күмөн жараткан адамдар тууралуу маалыматтар менин жеке керт башыма, аброюма шек келтирип жатат. Андыктан, мен тууралуу жалган маалыматтарды жайылтып жаткан Ширин Айтматова, Мухаммедали Токтакунов жана башка журналисттерди мен сотко бердим. Бардык маселелер сотто каралып, ошон мамилелерди чечебиз ”, – деп билдирди мурдагы бажычы.

Буга кошумчалай, ал “Азаттык” радиосуна дагы өзүнчө доо арыз камдап жатканын бидирди. “Ал эл аралык ЖМК болгондуктан, биз ал деңгээлде дагы соттошууга даярбыз”, – деп кошумчалады Райымбек Матримов.

“Азаттык” журналисти Мухаммедали Токтакунов фейсбуктагы өзүнүн баракчасында Райымбек Матраимов сотко берүүгө укугу бар экенин айтты. “Бирок, ал бир нече суроого жооп бербей келет. Эмнеге Айеркен Саймаити Матраимовдор фондусуна 2,4 млн доллар которгон? Хабибулла Абдукадыр жана Райымбек Матраимовдун жубайы Дубайдагы куруп жаткан мейманкананы кайсыл акчага салып жатышат? Ошондой эле 12,5 млн долларга бааланган үч кыймылсыз обьекти кайсыл каражатка сатылып алынды? Матримов булар тууралуу мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик кызматта турганда, эмнеге декларацияга көрсөткөн эмес?”, – деген суроолорун кошо берген.

ЖКнын мурдагы депутаты жана учурда активист катары танылган Ширин Айтматова журналисттерге берген интервьюсунда Райымбек Матраимовдун сотко беришин анын анын байлыгы тууралуу жооп алууга түзүлгөн жакшы жагдай катары баалаган.

Ал УКМКга 7,6 млн сомго бааланган автоунаа менен келди. Мындай унаага жетүү үчүн жөнөкөй бажычы кеминде 20 жыл эмгектенүүсү керек. Журналисттердин иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы менен биз ал адамдын 10 млн долларлык мүлкү бар экенин билебиз. Бул эки жүздүүлүк жана өзүм билемдик. Матраимов бактылуу экени жана ошондой эле бийликтегилер менен бирге экени көрүнүп турат”, – деп айтты Ш. Айтматова.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор