Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Али Токтакунов иликтөөнүн экинчи бөлүгү коомчулукка сунушталгандан кийин, иликтөөгө байланыштуу кагаздарды каржы полициясына өткөрүп берет

Али Токтакунов иликтөөнүн экинчи бөлүгү коомчулукка сунушталгандан кийин, иликтөөгө байланыштуу кагаздарды каржы полициясына өткөрүп берет

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Али Токтакунов Матраимов тууралу экинчи иликтөө соңуна чыккандан кийин тийиштүү кагаздарды каржы полициясына өткөрүп бермекчи.

Бул тууралуу учурда Прагада иш сапар менен жүргөн “Азаттык” радиосунун өкүлү Токтакунов “Журналисттер” КБге билдирди. Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду: “Алгачкы журналисттик иликтөөдө көрсөтүлгөн кагаздар, Каржы полициясына өткөрүлүп берилди. Кагаздардын экинчи бөлүгү да даяр болуп калды. Аты аталган күч түзүмүнүн кызматкерлеринде редакциянын дареги, телефон номурлары бар. Алар кайрылып, алып кетишсе болот. Ал эми кагаздардын үчүнчү бөлүгү менен учурда иштеп жатабыз. Паракорчулук тууралу иликтөөбүздүн экинчи бөлүгү коомчулукка сунушталгандан кийин аны биз тергөө кызматтарына берүүгө даярбыз”.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМК) “Азаттык” радиосунун кабарчысы Али Токтакуновго анын журналисттик иликтөөсүндө айтылган, бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун өлкөдөн чыгарып кеткен 700 миллион доллардын банктык кагаздарын тергөөгө өткөрүп берүү тууралу расмий түрдөгү ачык кат менен кайрылышкан.

ЭККМК “Мурдагы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Матраимовдун коомчулукка жарыяланган материалдагы фактыларын иштин жагдайына жараша жана акыйкат тергөө жүргүзүү үчүн” талап кылат. Ошондой эле “Азаттык” радиосунун кабарчысы Али Токтакуновдон тергөөнүн жүрүшүнө зарыл делген банк кагаздарын алуу боюнча Биринчи май райондук соту 13-июнь күнү расмий түрдө чечим чыгарган.

“18-июнда ЭККМКнын тергөөчүлөрүнө айтылган материалдардын бир гана бөлүгү келип түшкөн: алар 4 миллион долларга тиешеси бар төлөм кагаздары. Журналисттик иликтөөдөгү видео сюжетте көрсөтүлгөн, чыгарылып кеткен делген 200 млн долларга тийиштүү банк кагаздары ушул күнгө чейин тергөөчүлөргө өткөрүлүп бериле элек. Бул болсо тергөө иштерине жана кайсы бир чечимди чыгарууга өз залакасын тийгизип жатат. ЭККМК журналист Али Токтакуновду өз милдетин аткарууга жана мыйзамда көрсөтүлгөндөй тергөөчүлөргө көмөк көрсөтүүгө чакырат. Бүгүнкү күнү кызмат тарабынан тийиштүү штер жүргүзүлүп, эбегейсиз көп документтер талданып жатат. Жакынкы аралыкта, бул иштин алгачкы жыйынтыктары элге сунушталат”, – деп айтылат ЭККМКнын билдирүүсүндө.

“Азаттык” радиосу өз кезегинде, 29-майда коомчулуктун назарына сунушталган “Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлардын изи менен” деген аталыштагы журналисттик иликтөөдө козголгон маселелер боюнча ЭККМК менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандыгын расмий түрдө билдирди.

“Азаттык медианын” жетекчиси Айзада Касмалиеванын айтымында, иликтөөдө көрсөтүлгөн айрым кагаздар расмий түрдө аталган ведомствого 18-июнь күнү тапшырылган, иликтөөнүн кийинки бөлүктөрүндө пайдаланылган кагаздар болсо 27 июнда өткөрүлгөн.

Институт Медиа Полисинин медиа юристи Акмат Алагушевдин айтымында, мамлекеттик бийликтин, болгондо дагы аткаруу бийлигинин курамына кирген ЭККМКнын мындай кадамга барышын туура эмес деп баалады. “Журналисттер маалымат булагын ачыктайбы, ачыктабайбы ал өзүлөрүнүн эрки. Бизде болсо тескерисинче, мамлекеттик органдар маалыматты ким бергенин билүүгө аракеттенип жан үрөп, чукуй башташат. Биздин мыйзам боюнча, журналист өзүнүн мааылмат булагын ачыктабаганга толук укуктуу”, – деп баса белгиледи.

Медиа юрист “Азаттык медиа” өтө этият болушу керектигин белгиледи. “Азыркы маалда өтө этият болуу керек. Аягында бардыгын Али Токтакуновго оодарып салышпаса болду. Андыктан, мыйзамдын чегинде гана иш алып баруу зарыл. Тилекке каршы, бизде дайыма эле андай боло бербейт” – деп сөзүн жыйынтыктады Меди Өкүл.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер КБнын Чүй областы жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Окшош посттор