Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

7-каналдын мүлкү камакка алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат

7-каналдын мүлкү камакка алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге тиешелүү делген мүлктөрдүн арасындагы 7-каналдын мүлкү да камакка алынганын телеканалдын жетекчиси Алтынбек Жумаев маалымдады.

«Мен эмгек өргүүдө жүргөм. 16-августта Оштогу кеӊсебиздеги мүлк камакка алынган жана эфирди өчүрүп коюшкан. Мүлк Атамбаевге тиешелүү деп шектелип, азыр тактоо, текшерүү иштери жүрүп жатат. Камакка алынган мүлк Атамбаевге тиешелүү эмес. Лицензиянын «Форумга» тиешеси бар. 7-канал ижарада турат», – деди Алтынбек Жумаев.

А.Жумаев белгилегендей, «Канал Д» жоопкерчилиги чектелген коомдун (7-каналдын расмий аталышы) уюштуруучулары А.Атамбаев жана «Медиа Форум» ачык акционердик коому болуп саналат. Мурдагы президент А.Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага тиешелүү делген мүлктөр, баалуу кагаздар, акциялар, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлган. 9-августта Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн да камакка койгон.

«7-канал эч кандай ЖМК мыйзамдарын бузган жок. Учурда өкүлдөр ижара боюнча келишимдерди, документтерди көрсөтүүгө даяр. 7-каналдын мүлкүн камакка алуу жокко чыгарылат деп ишеним келтирип жатабыз»,- деди Алтынбек Жумаев.

Кеӊсесиндеги мүлктөрү камакка алынган 7-каналдын кызматкерлери учурда эмгек өргүүдө. Алар 2-сентябрдан тарта жумушка чыгышмак. Аталган телеканалда 50дөй кызматкер эмгектенет. 7-канал 2010-жылдан бери обого чыгат.

Кыргызстандагы медиа уюмдар «Апрель ТВга» жана 7-каналга байланыштуу бул жагдайларды сөз эркиндигине басым катары сыпатташууда.

Сүрөттө каналдын Жалал-Абаддагы кеңсеси. “Азаттык” сайтынан алынды.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Ош облусундагы өкүлү

Окшош посттор