Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Мониторинг

КР журналисттери менен ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг. Ноябрь, 2019-ж.

Ноябрь айында 7 маалымат катталган. 3 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 4 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат.

 

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

01.11.2019

Против безнаказанности, за свободу выражения!

Можете ли вы представить мир, где нет безнаказанности, где каждый может свободно осуществлять свое право на свободу выражения и информации, иметь доступ к информации, собирать и распространять идеи и информацию любым способом по своему выбору, без страха?

Мы представляем.

Анни Гейм, Исполнительный директор IFEX

В этот Международный день прекращения безнаказанности за преступления против журналистов важно признать существенную связь между правом на свободу выражения и правом на информацию. Когда любое из этих прав подвергается нападкам, журналисты очень часто становятся мишенями, а все мы в конечном итоге – жертвами.

Две недели назад Генеральная Ассамблея ООН проголосовала за то, чтобы объявить 28 сентября Международным днем всеобщего доступа к информации. Это значительная победа свершилась спустя десятилетия постоянного адвокаси со стороны многочисленных групп гражданского общества, включая многих членов сети IFEX из стран Африки.

Некоторые люди – вероятнее всего, те, кто не участвовал в борьбе за продвижение и защиту свободы выражения – могут пожать плечами, услышав информацию о новом Дне ООН. Однако они должны дважды подумать о нём, поскольку наше право на информацию неотделимо от нашего права на свободу выражения, и оба эти права все чаще подвергаются нападкам.

Угрозы информации приходят во многих формах – начиная от aтак на журналистов, намеренной дезинформации и заканчивая созданием препятствий для выхода газет. И все это имеет далеко идущие последствия: лишение людей информации, в которой они нуждаются, чтобы решать интересующие их проблемы, усугубление политической поляризации и подрыв демократии.

Давайте обратимся к недавнему, вызвавшему большой резонанс, примеру силы выражения и его зависимости от доступа к информации.

В прошлом месяце около 6 миллионов человек вышли на улицы, реагируя на критическую проблему изменения климата. И когда они шли, креативность их протестов вдохновила многих; эти протесты явились выражением в действии, подкрепленным фактами.

Шведский экологический активист Грета Тунберг умоляла нас «прислушаться к ученым», но что будет происходить, если голоса, к которым нам необходимо прислушаться, будут заглушены, прямо или косвенно?

Голоса могут заставить замолчать с помощью цензуры или «утопить» их в море дезинформации. Но во все большем количестве случаев тактика, применяемая для того чтобы заставить замолчать – убийство. Убийство без последствий. Убийство без наказания.

Результаты комплексного исследования, опубликованные в августе 2019 года, показали, что количество убийств активистов-экологов удвоилось за последние 15 лет. В 90% этих случаев никто не был осужден – шокирующий уровень безнаказанности, который сопровождает и случаи убийств журналистов.

Мы отмечаем очередной Международный день прекращения безнаказанности за преступления против журналистов и не сможем задвинуть мысли об этой смертельной форме цензуры в глубину нашего подсознания.

Составленный ЮНЕСКО список журналистов, убитых по всему миру с 2006 года, насчитывающий тысячу имен, является отрезвляющим напоминанием. Количество убитых женщин-журналистов также возросло; женщины-журналисты сталкиваются с увеличивающимся количеством атак по гендерному принципу.

Из 207 журналистов, убитых в период с января 2017 года по июнь 2019 года, более половины сообщали об организованной преступности, местной политике и коррупции.

Их лишили права на свободу выражения, навсегда – с целью помешать им распространять информацию.

Каждый раз, когда подобные преступления остаются безнаказанными – это служит ободрением для других. А те, кто будет заниматься распространением информации в общественных интересах, справедливо озаботятся вопросом – стоит ли это моей жизни? Стоит ли подвергать риску мою семью? И если они решат, что не стоит, кто может их в этом винить? Последствия безнаказанности бесконечны.

Вот почему в течение около восьми лет Сеть IFEX проводит кампанию за прекращение безнаказанности за преступления против журналистов и всех тех, кто осуществляет свое право на свободу выражения.

Это не та работа, которая приводит к быстрым успехам. Как говорится, это марафон, а не спринт. Деятельность не заканчивается нахождением преступников; государства должны нести ответственность за то, что они допускают или поощряют атмосферу безнаказанности, в которой процветают подобные преступления.

Мы дорожим каждой победой, большой и маленькой. Хорошей новостью является то, что в IFEX мы применяем творческие, совместные и мощные новые стратегии и видим ощутимый прогресс.

За последний год мы наконец узнали правду об убийстве журналиста Дейды Хайдары (Deyda Hydara) в 2004 году в Гамбии; о знаковом решении Межамериканского суда по правам человека, признавшего правительство Колумбии виновным в убийстве в 1998 году Нельсона Карвахала Карвахала (Nelson Carvajal Carvajal) и историческом решении Межамериканской комиссии передать в суд дело о жестоком нападении в мае 2000 года на журналиста-расследователя Джинет Бедойю Лиму (Jineth Bedoya Lima), которое чуть не лишило ее жизни.

Всего две недели назад мы приветствовали решение Кыргызстана о возобновлении расследования дела 12-летней давности об убийстве журналиста Алишера Саипова; решение, которое стало результатом постоянного давления со стороны IFEX и его членов в Кыргызстане – Института Медиа Полиси и Общественного объединения «Журналисты».

Только представьте себе, что сроки расследования по вышеназванным случаям в совокупности составляют 66 лет безнаказанности.

Те, кто виноват в насильственных действиях против журналистов или готовится их совершить, должны услышать то, что мы говорим громко и ясно: не думайте, что за давностью преступлений внимание всего мира к ним ослаблено и вы остались безнаказанными. Нет! Те, кто привержен борьбе с безнаказанностью, настойчивы! Мы не сдаемся! Поэтому спокойной жизни вам не будет!

Мы считаем, что культура безнаказанности вокруг атак на журналистов представляет собой одну из самых серьезных угроз свободе выражения по всему миру. Прогресс, которого мы достигли в борьбе с безнаказанностью, был бы невозможен без стойкости, настойчивости и упорства тех, кто борется.

Мы должны использовать свободу выражения для того чтобы защитить ее! Мы должны использовать ее, чтобы прекратить преступления против журналистов и положить конец безнаказанности!

Международный день прекращения безнаказанности за преступления против журналистов отмечается один раз в год, но важная работа, связанная с этим, продолжается в течение всего года. Я приглашаю вас посмотреть это короткое видео и вдохновиться растущим количеством путей, с помощью которых люди по всему миру ведут борьбу с безнаказанностью и обеспечивают больше безопасности для журналистов.

 

23.11.2019

Журналисттик иликтөөлөр фондунун кайрылуусу

21-ноябрда “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана “Kloop Медиа” маалымат агенттигинин биргелешип даярдаган иликтөөсү жарыяланды. Анда уюшкан кылмыштуу топтун бир эле Кыргызстандын аймагында эмес, дагы бир нече өлкөдө тамыр жайган коррупциялык түйүнү чечмеленген.

Иликтөө жалгыз кесипкөй журналисттин иши эмес, коллективдүү, биргелешкен командалык ишке айланып жатканы кубандырат.

Кыргызстандык журналисттердин иликтөөлөрү сапаты, актуалдуулугу жагынан улам жаңы тепкичке көтөрүлүп жаткан чакта биздин Фонддун жана бүткүл жарандык коомдун милдети – иликтөөчү журналисттерди коргоо жана аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү.

Өлкөдө мыйзамдуулукту жана ачык айкындыкты орнотууну талап кылып жаткан жарандарга кошулуп, биз да бийликтен коррупцияга каршы жарыялаган бир эмес, бир нече убадаларын чыны менен иш жүзүндө аткаруусун, биргелешкен иликтөөдө көрсөтүлгөн фактылар боюнча токтоосуз чара көрүлүшүн, ошондой эле иликтөөнү жүргүзгөн журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууну талап кылабыз.

Биз жарандык коомду жана маалымат каражаттарындагы кесиптештерибизди биригүүгө жана журналисттик иликтөө жанрынын өнүгүшүнө тилектештик кылууга чакырабыз. Ал эми коррупцияны шардана кылган журналисттерге каршы чыгып жаткандардын аракетин – кылмыштуулукту колдоо, Кыргызстандын өнүгүүсүнө бут тосуу аракети катары баалайбыз.

Фонд курч журналист Уланбек Эгизбаевдин атындагы мыкты иликтөө материалдардын авторлоруна сыйлык ыйгаруу ишин улантарын эске салып, иликтөө жанрына кызыккандардын катары калыңдап жатканына сыймыктанат.

Аделя Лаишева – Журналисттик иликтөөлөр фондунун төрайымы

Султан Каназаров – Журналисттик иликтөөлөр фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы

Сабыр Абдумомунов – Журналисттик иликтөөлөр фондунун негиздөөчүсү

Журналисттик иликтөөлөр фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү:

Роза Отунбаева

Бурулкан Сарыгулова

Рита Карасартова

Эльмира Ногойбаева

Азамат Тынаев

 

27.11.2019

ИИМдин криминалдык милиция кызматы 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясын чагылдырган журналисттерге телефон чалып чыгышууда

Милиция кызматкерлери ушул жылдын 9-августуна чейин Кой-Таш айылында болгон же, ага жакын жерде жүргөн уюлдук байланыш кызматтарынын абоненттерине чалып чыгууда.

“Клооп” редакциясынын берген маалыматтарына караганда, алардын эки журналисти Айзирек Иманалиева менен Нуржамал Джанибековага ошол мезгилде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасаган мезгилде кесиптештери менен сүйлөшүшкөндүгү үчүн ИИМ криминалдык милиция кызматынан чалышкан.

“Криминалдык милиция кызматкери, журналисттер менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда уюлдук байланыш түйүн кызматтарынан ошол күнү Кой-Ташта болуп, кимдир бирөөгө байланышка чыккан адамдардын тизмесин алып, чалып жатышкандыгын кабарлашкан. Анын айтымында, тизмеге 1,5 миң абонент түшүрүлгөн”, – деп жазган интернет-басылманын кабарчылары.

“Клооптун” кабарчылары менен сүйлөшкөндө, криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү өзүн тааныштырып, андан соң терилген номер журналистке тиешелүүбү, аты-жөнү ким, төрөлгөн жылын жана Кой-Ташта эмне себеп менен болгонун, же ал жерде болгон адамдар менен байланышкан беле, же жокпу ошолорду сураган. Андан сырткары милиция кызматкери эки кабарчынын бирөөсүн ички иштер органына суракка чакырган – журналист аларга баруудан баш тарткан.

Телефон чалуудан сырткары милиция кызматкерлери ошол мезгилде Кой-Ташта автоунаасы байкалган журналисттерге барып, аларды сурашкан. Мисалы, Атамбевдин үйүнө чабуул коюлгандан бир жума өткөндөн кийин “Клооптун” оператору Эржан Бейшеналиевдин үйүнө участкалык милиция кызматкерлери келип кеткен. Алар оператордун атасынан августтун башында уулу каякта болгонун, эмне себептен уулунун унаасы Кой-Ташта болгондугун дагы сураган.

“Клооптун” кызматкерлеринен сырткары “Франс-Пресс” эл аралык жаңылыктар агенттигинин Кыргызстандагы кабарчысы Толкун Наматбаевага дагы телефон чалуу болгон.

“Алар мага ушул жуманын башында сурак берүүгө чакыруу жөнөтүшөөрүн айтышкан. Бирок азырынча келе элек. Албетте, бул тынчсыздандырбай койбойт. Анткени, андан бери канча убакыт өттү. Анан биз кабарчы катары өз ишибизди кылдык, албетте, ишке байланыштуу Кой-Ташка телефон чалуулар дагы кылганмын. Мисалы, пресс-борборго жана саясий кеңештин мүчөлөрүнө чалып, маалымат алгам”, – деп билдирди Т.Наматбаева.

Ички иштер министрлиги бул боюнча ар бир телефон чалуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында болгон Кой-Таштагы окуяны иликтөөнүн негизинде болуп жаткандыгы менен түшүндүргөн.

КР Медиа өкүлү Акмат Алагушевдин айтымында, телефон аркылуу маалымат берүүдөн журналисттер баш тартканга укуктуу, анткени абонентти текшерүү мүмкүн эмес. Андан сырткары, сүйлөшүү маалында телефон аркылуу милиция бөлүмүнө суракка чакырса, барбай койсо болот. Бул учурда милиция кызматкеринен расмий кагаз түрүндөгү чакырууну жөнөтүүнү, болгондо дагы аны кимдир бирөө аркылуу берип жибербестен, колго тапшырууну талап кылуу керек. Мына ошондон кийин суракка жактоочу менен бирге барса болот.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

21.11.2019

“Азаттык” 5 млн сомдук доо арыз менен сотко кайрылган режиссер Ырыс Окенова менен соттошууга даяр

“Ак-Шоола” телесериалынын режиссеру жана коюучусу Ырыс Окенова Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна “Азаттык” радиосуна карата доо арызын тапшырып, радиодон келтирилген материалдык жана моралдык чыгым үчүн 5 млн. сом талап кылууда.

Эскерте кетсек, Ырыс Окенова компенсациядан сырткары “Азаттыктан” “Ак-Шоола” телесериалын тартууга 250 миң АКШ доллары корогон деген маалыматты төгүндөөнү жана андан кечирим кечирим суроону талап кылган.

“Телесериалдын бюджети тууралу такталбаган маалыматтын таркашынан улам, рекламалык компания убада кылган акчаларды төлөп берген жок. Мага кысым көрсөтүлүп, учурда мен ишсиз калдым, корогон чыгымдарды айтпай эле коёюн. Радионун кабарчылары ала качуу эпизодун каралоо менен бирге, алар өздөрүнүн материалында “Ак-Шоола” телесериалында эмгектенишкен актёрлордун дагы кадыр-барк, аброюна шек келтиришти. Бул телесериалды Казакстан менен Өзбекстандын телеканалдарына сатууну ойлонуштуруп жатканбыз. Ушул окуядан кийин алар биз менен келишим түзүүдөн баш тартышты”, – деп кабарлады Ырыс Окенова.

“Ак-Шоола” телесериалынын коюуучусу “Журналисттер” КБга билдиргендей, Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасына сериалга карата сын пикирин камтыган расмий кат жолдогон. Кийин ал кагазды Жогорку Кеңештен КТРКнын байкочу кеңешине жөнөтүшүп, анан ал жерде дагы териштирүүлөр болгон.

Ы.Окенованын айтымында, “Азаттык” тууралуу ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигине дагы кайрылган. Ал жердеги адистердин чечимин кийинчирээк сотко тапшыраарын айтты.

Буга чейин белгилегендей, режиссер ЖМК үстүнөн даттанууларды териштирген комиссияга кайрылам деп кабарлаган. Бирок, азыркыга чейин кайрылган эмес. “Мен азыр ишсиз отурам. Убакытымдын бардыгын сотко даярдык көрүү менен өтүп жатат. Балким, кийин кайрылышым мүмкүн”, – деди ал.

“Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касмалиева “Журналисттер” КБга берген интервьюсунда сотко чакыруу келе электигин, эгерде келсе сотко барууга даяр экендиктерин билдирди. “Сотко кайрылуу анын укугу, биздин юристтер ал кагаздарды дыкат иликтеп чыгышат”, – деп билдирди радионун жетекчиси.

А.Касмалиева мындан сырткары өз сөзүндө, “Азаттык” радиосу буга чейин эле, режиссер Ырыс Океновадан интервью алууга даяр экендиктерин билдиргенин баса белгиледи. Бирок Ы.Окенова ал тууралуу аларга кайрылган эмес.

А.Касмалиеванын айтымында, ушул убакытка чейин сериалдын каржылоосу боюнча так маалымат жок. КТРКнын администрациясы журналисттерге долбоорго сарпталган каражаттар тууралу так маалымат берген эмес.

“Азаттыктын” жетекчиси билдиргендей, 250 миң АКШ доллары тууралу маалыматты башка активисттер жар салышкан жана материалды даярдаган кабарчы бул санды ишенимдүү маалымат катары берген эмес. Ушул чырга байланыштуу материалдагы бюджет тууралу маалымат андан алып салынган.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

Ы.Окенованын доо арызы боюнча соттон «Азаттык» мекемесинин дарегине эч кандай документтер келип түшө элегин биз мурда да кабарганабыз.

 

23.11.2019

Сот “Азия Ньюс” гезитинен моралдык чыгым катары вице-премьер министрдин пайдасына бир миллион сом өндүрүлсүн деген токтом чыгарды

“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин билдирүүсү боюнча, гезит Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда каралган вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун доо арызы боюнча иште утулду.

Ишти караган сот Чынгыз Адамкулов “Азия Ньюс” гезитиндеги Разаковду тажик шпиону деген макаланы негизсиз жана мамлекеттик кызматтагы жетекчинин аброю менен ар-намысына шек келтирген деп тааныды.

“Сот биздин дооматтарыбызды укпастан, гезит маалыматты төгүндөп, Жеңиш Разаковго бир миллион сом доосун төлөп берсин деген чечим чыгарды. Бул чечим, албетте, негизсиз. Бул чечим боюнча биз жогорку сот инстанциясына кайрылабыз”, – деп билдирди Асланбек Сартбаев.

Эскерте кетсек, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азия Ньюс” гезитин сотко берип, 10 миллион сом талап кылган. Мамлекеттик кызматтагы жетекчи бул кадамдары боюнча убагында эч бир маалымат берген эмес. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы басылманын Жеңиш Разаковду Тажикстандын атайын кызматтарына байланыштырган маалыматы чындыкка коошпогонун кабарлаган.

ЖМК аркылуу коомчулукка таркаган маалыматтан кийин ЖК депутаттары УКМКга вице-премьер-министр тууралуу маалыматты тактап чыгуу тапшырмасын беришкен.

Мамлекеттик комитет Жеңиш Разаков тууралууу ЖМК чыгарган маалымат боюнча “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки териштирүүлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжасында чиновниктин чет мамлекеттик атайын кызматтарга тиешеси жок экени аныкталган.

Белгилей кетүүчү жагдай, гезит ИИМдин жетинчи бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Бакыт Матмусаевге да соттук ишти уттурган. Бул тууралууу “24.kg” басылмасына гезиттин коомдук коргоочусу катары чыккан Адиль Турдукулов билдирген.

Б. Матмусаев “Азия Ньюс” гезитин 16-апрелде жарыяланган макаласы үчүн сотко берип, келтирилиген моралдык чыгымды 5 млн сомго баалаган. Анын доо арызы Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда каралган.

“Судья А.Жээнбекова доо арызды жарым-жартылай канаттандырып, 15 миң сом өндүрүлсүн деп чечим чыгарган. Доогер ал чечим боюнча кайрадан башка инстанцияларга кайрылабы, азырынча белгисиз”, – деп белгиледи Адиль Турдукулов.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

Бул кезектеги негизсиз соттук чечим. Доогер жогорку даражадагы аткаминер болгондо моралдык зыяндын өлчөмү дароо эселеп өсө түшөт. Доогердин моралдык чыгымын 10 млн сомго баалашы мыйзамсыз болуп эсептелбейт, бирок ал акыйкаттуулук жана эстүүлүк талаптарга туура келбейт. Ал эми соттун чечимин биз негизсиз жана мыйзамсыз деп баалайбыз, анткени, эгер доогер каалаган суммага доо арыз бере ала турган болсо, сот чечимин чыгарып жатып, эмне үчүн ушундай чечимди чыгарганын негиздеп, чечмелеши керек. Сот эстүүлүк жана акыйкаттуулук принциптерин карманышы керек болчу. Тилекке каршы, аны карманган жок.

 

Коомдук маанидеги маалыматты берүүдөн негизсиз баш тартуу же жолтоо кылуу

28.11.2019

Ош шаардык мэриясы маалымат бербегени үчүн журналист прокуратурага эки арыз таштады

Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги жана коомдук пайдалануудагы жер тилкелер боюнча материал даярдап жаткан журналист Гүлзат Газиева Ош шаардык мэриясы суралган маалыматтарды толук бербегени үчүн Ош шаардык прокуратурасына эки арыз тапшырды. Учурда арыздар боюнча текшерүү иштери башталды.

«Биринчи арыз боюнча Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелердин, объекттердин реестрин, жалпы аянты, орду, электрондук же документалдык картасы, коомдук пайдалануудагы, парк зоналарындагы жер тилкелердин жайгашкан ордун кѳрсѳтүү менен кимдерге канча мѳѳнѳткѳ ижарага берилгени, ижарадан түшкѳн тѳлѳмдѳр, бош турган муниципалдык жер тилкелердин жана объектилердин тизмеси жана даректери кѳрсѳтүлгѳн маалыматты берүүнү сурагам. Маморгандын карамагында турган бул маалыматтар ачык жана ар бир жаран үчүн жеткиликтүү болушу мыйзамда кѳрсѳтүлгѳн», – деди Гульзат Газиева.

Журналист Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жѳнѳткѳн суроо-талабына толук жооп ала албаган соӊ суралган маалыматтарды толук берүүнү милдеттендирүүнү сурап Ош шаардык мэриясына кайрылуу жѳнѳткѳн. Ош мэриясы кайрылууну канааттандырган эмес.

Ал эми экинчи арыз боюнча журналист Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынан 2018-2019-жылдарда өткөн отурумдарынын протоколдорун, аукциондор боюнча комиссиянын чечимдерин ж.б. маалыматтарды сураган. Аталган комиссияга Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов тѳрагалык кылат.

Ош шаардык мэриясы «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жѳнүндѳ» мыйзамынын «Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр» деп аталган беренесин негиз кылып, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун берүүдѳн баш тарткан.

«Бул жерде «мыйзам менен корголуучу (коммерциялык, банктык, нотариалдык, врачтык, адвокаттык жана башка) сырларды камтыган» маалыматтарга жетүүгѳ чектѳѳлѳр кѳрсѳтүлгѳн. Мен сураган маалыматтар бул категориялардын бирѳѳнѳ да туура келбейт», – дейт журналист Г.Газиева.

Гүлзат Газиеванын айтымында, маалыматка жетүү боюнча мыйзамдар кѳп учурда аткарылбай келатат. О.э. журналисттердин ишмердигиндеги маалыматка болгон чектѳѳлѳр иликтѳѳ материалдарын даярдоого кедергисин тийгизүүдѳ.

Маалыматка жетүүгѳ болгон укуктары бузулган журналисттер укук коргоо органдарына сейрек гана кайрылышат.

Комментарий

Прокуратура органдарын кайрылуу чечими туура болгон. Прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча соттук органдарга кайрылуу маселесин караштырса болот.

 

ЖМКлар менен интернет-басылмалардын таркатылышына негизсиз жолтоо болуу

27.11.2019

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту “Апрель” телеканалына эфирге чыгууга тыюу салды

Аскер прокуратурасы “Санарип технологиялар” ЖЧК негиздөөчүлөрү катышкан жыйындын “Апрель” телеканалына обого чыгууга уруксат берген токтомун жокко чыгаруу тууралуу доо арызы менен Биринчи май райондук сотуна кайрылып, соттук ишти утуп алды. Бул тууралуу “Журналисттер” КБга ЖЧК өкүлдөрү билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Аскер прокуратурасы “Санарип технологиялар” ЖЧКсына “Апрель” телеканалын обого чыгарууга тыюу салган. Бул тууралуу коомдук бирикмеге “Апрель” телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложников маалымдаган.

Анын айтымында, “Санарип технологиялар” ЖЧКнын жетекчиси Кубат Оторбаевге тиешелүү кат 2019-жылдын 26-ноябрында келип түшкөн. Так ушул маалда телеканал кайрадан обого чыгууга камынып жатышкан.

Аскер прокуратурасы өзүнүн билдирүүсүндө, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Санарип технологиялар” ЖЧКдагы “Апрель-ТВ” ЖЧКнын үлүшү камакка алынганын эскерткен.

Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Биримкуловдун билдирүүсү боюнча, мүлктүк үлүшү камакта болгондуктан “Апрель” ТКнын жетекчиси Дмитрий Ложниковдун “Санарип технологиялар ЖЧКсынан кайсы бир кадамдарды талап кылууга, анын ичинде “Апрель” телеканалын обого чыгарганга суранууга, эч кандай укугу да мүмкүнчүлүгү да жок”.

Ошону менен бирге Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү өз сөзүндө, “Санарип технологиялар” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн “Апрель” телеканалын обого чыгаруу тууралуу өткөргөн жыйынынын өзү да мыйзамсыз экенин баса белгилеген. Эскерте кетсек, 2019-жылдын 21-ноябрында негиздөөчүлөрдүн катышуусунда өткөн жыйында добуш берүү жолу менен “Апрель” жана “7-канал” телеканалдарына обого чыгууга уруксат берүү чечими кабыл алынган. Бирок Аскер прокуратурасы бул кадамы үчүн “Санарип технологиялар” ЖЧКнын ишмердүүлүгүн токтотуп коюшу мүмкүн экенин билдирген. Аталган ЖЧКнын курамында бүгүнкү күнү 21 телеканал бар.

“Санарип технологиялар” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн ушул маселе боюнча жалпы жыйынын өткөрүшүнүн өзү мыйзамсыз жана соттун чечимин ишке ашырууга каршылык кылуу болот. “Санарип технологиялар” ЖЧКнын жалпы жыйынында кабыл алынган №5 протоколу мыйзамсыз болгондуктан, ал боюнча Аскер прокуратурасы сот органдарына кайрылганын белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулуп жаткандыктан, мисалы, соттук актылар аткарылбагандыктан, “Санарип технологиялар” ЖЧКнын ишмердүүлүгүнүн токтотулушу сотто каралат”, – деп жазган тергөөчү К. Биримкулов.

Белгилей кетсек, бул “Апрель” телеканалынын обого чыгууга болгон экинчи аракети болуп саналат. Буга чейин алар 2019-жылдын 10-октябрында эфирге чыгууну болжошкон, бирок “Санарип технологиялар” ЖЧК бөгөт койгон. Кийинчирээк ал чечим талкууга алынып, “Санарип технологиялар” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ал чечим жокко чыгарылган.

Учурда “Апрель” телеканалы керектүү бардык жабдуулары башкы кеңсеси менен бирге Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынгандыгына карабастан, өз ишмердүүлүгүн интернет айдыңында улантып келет. “Апрель” телеканалынын башкы жетекчиси Дмитрий Ложниковдун билдирүүсүндө, кыйынчылыктарга карабастан жамаат иштеп жатат.

“Биз обого чыгуу үчүн болгон күчүбүздү жумшамакчыбыз. Бул боюнча биз укук коргоо, эл аралык уюмдарга, жарандык коомго, керек болсо КР ЖК депутаттарына чейин кайрылабыз. Аскер прокуратурасынын чечимин жокко чыгарууга болгон күчүбүздү жумашамакчыбыз”, – деди ал.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Комментарий

КР КПКнын 123-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, мүлктү камакка алуу чечимине жараша мүлктүн ээсине аны башкарууга, айрым учурда колдонууга тыюу салынат, жана да аны ээсинен алып, сактоого өткөрөт. Аталган учурда сот өзүнүн токтомунда, эмне үчүн мүлк менен колдонууга тыюу салганын түшүндүргөн эмес. «Айрым учурда аны менен колдонуу» деген сөз айкашы укук колдонуучуга ушуга байланыштуу өзгөчө эскертме берет. Сот өз чечимин негиздеши керек болчу. Соттук актыда бул нерсе жок.

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Окшош посттор